Мэрия Балыкчы

Мэрия Балыкчы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Мэрия Балыкчы, Media/News Company, Ж. Абдрахманова 258, Balykchy.

❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: 2025-жылдын 28-июлунан 31-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаа...
25/07/2025

❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ:
2025-жылдын 28-июлунан 31-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ысык-Көлдө кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткандарга чара көрүлөтЫсык-Көлдө кол чатыр кою...
25/07/2025

Ысык-Көлдө кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткандарга чара көрүлөт

Ысык-Көлдө кол чатыр коюп алып, ижара акы алгандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет.

"Урматтуу мекендештер, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенген жергиликтүү жарандар!

Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден "эптеп эле акчасын алып калалы" деген көз караштан алыс болсоңуздар.

Буга чейин президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен.

Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз.

Туристтерден акча табабыз десек – сый, тазалык жана меймандостук менен табалы! Келген конокторду жылуу узатып, кийинки жылы кайра келишине шарт түзөлү", - деген ал.

25/07/2025

СТРОИТЕЛЬНЫЙ АЙМАГЫНДАГЫ СУУ БОРБОРУНА ЖАҢЫ НАСОСТОР ОРНОТУЛДУ

24/07/2025

КӨЛГӨ ТҮШҮҮДӨ САК БОЛУҢУЗДАР!

24/07/2025

“АДАЛ ПАРКТЫН” КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ

24/07/2025

ТУРУКТУУ ЖЫЛЫТУУ МЕНЕН КАМСЫЗДООГО БАГЫТТАЛГАН МААНИЛҮҮ ДОЛБООР

23/07/2025

БАЛЫКЧЫДА КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ЫКЧАМ ӨЧҮРҮЛДҮ

2025-жылдын 23-июлунда саат 15:53тө Балыкчы шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Балыкчы шаарындагы Соң-Көл кичи районундагы №15 үйдүн балкону күйүп жатат деген маалымат түшкөн.

Маалыматтын негизинде Балыкчы шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №19 өрткө каршы бөлүмчөсүнөн окуя болгон жерге 1-күжүрмөн эсеп жөнөтүлүп, өрт өчүрүүчү топ саат 15:59да жетип, ыкчам аракеттердин натыйжасында саат 16:26да өрт толук өчүрүлдү. Өрт балкондо болуп, анда адамдар жабыркаган жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыян такталууда.

23/07/2025

БИР СЕКУНД – БИР ӨМҮР
КУТКАРУУЧУЛАР ИШ ҮСТҮНДӨ

23/07/2025

ТАЗА ШААР — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!

Америка Кошмо Штаттарында жүргөн жана бул өлкөгө сапар пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маа...
11/07/2025

Америка Кошмо Штаттарында жүргөн жана бул өлкөгө сапар пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

Америка Кошмо Штаттарында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан жарандарды АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга чакырат.
Америка Кошмо Штаттарынын расмий маалыматына ылайык, АКШ чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү, виза боюнча уруксат берилген мөөнөттөн ашып кетүү, жасалма же жараксыз документтерди колдонуу сыяктуу мыйзам бузуулар олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ага төмөнкүлөр кирет: кармоо жана камакка алуу, депортация, АКШга кайра кирүүгө тыюу салуу, административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу.
Эскерте кетебиз, эгерде Кыргыз Республикасынын жарандары АКШга мыйзамдуу негизде кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, бул АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет. Мындай учурларда жарандар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалып, ири айып пулга жыгылышы, көп жылдык эркинен ажыратылышы жана АКШга кайра кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.
Жогоруда аталган терс кесепеттерге туш болбоо үчүн, учурда АКШда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына АКШнын аймагынан ыктыярдуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу сунушталат. Белгилей кетүүчү жагдай – айрым шарттарда, чет элдик жарандарга мекенине кайтып баруусу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү тарабынан каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн CBP Home тиркемеси аркылуу каттоодон өтүү зарыл:
🔗 www.dhs.gov/cbphome
АКШдагы жүрүү шарттарына байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы Элчилигине, ошондой эле Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна кайрылууну өтүнөбүз.

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги
2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008
Электрондук дарек: [email protected]
Телефон: +1 202 256 2924; +1 202 449 9823; +1 202 449 9822.

Кыргыз Республикасынын Чикагодогу Башкы консулдугу
100/1610 Норт Ла Салл көчөсү, Чикаго шаары, Иллинойс, 60602
Электрондук дарек: [email protected]
Телефон: +1 312 929 34 42; +1 312 994 24 16.

Ушуга байланыштуу, Америка Кошмо Штаттарында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына АКШнын миграциялык мыйзамдарындагы жаңы талаптарды так сактоо жана өлкөдө болууга укуктуулугун тастыктаган бардык документтерди жанында алып жүрүү сунушталат.

DHS has announced financial and travel document support to illegal aliens, to facilitate travel back to their home country or another country where they have lawful status through the CBP Home App.

10 МИҢДЕН АШЫК ҮЙ-БҮЛӨ ТУРАК ЖАЙЛУУ БОЛДУ Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ү...
11/07/2025

10 МИҢДЕН АШЫК ҮЙ-БҮЛӨ ТУРАК ЖАЙЛУУ БОЛДУ

Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлүү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги ипотекалык үйлөрдү тапшыруу учурунда айтты.

Анда өлкө башчысы "Менин үйүм" турак жай программасы жарандардын реалдуу муктаждыктарын учурунда чечүүгө багытталган механизмге айланганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө бул программага катышып, турак жай алуу үчүн кезекке тургандардын саны 58 миңден ашты. 10 миңден ашуун үй-бүлө үйлүү болду", - деди өлкө башчысы.

11/07/2025

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК МЭРИЯСЫ МААЛЫМДАЙТ

2025-жылдын 13–15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан Baytur Resort & SPA эс алуу борборунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму өтөт.

Форум Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулуп, «Росконгресс» фондунун расмий колдоосу менен өткөрүлөт. Бул форум Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы экономикалык кызматташуунун негизги багыттарын талкуулап, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн жана эксперттердин өкүлдөрүн бириктирген эл аралык маанилүү аянтча болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында атайын көргөзмө да уюштурулат.

Катышууга кызыкдар жарандар 0555 90-75-57 номери аркылуу байланышса болот.

Address

Ж. Абдрахманова 258
Balykchy

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Мэрия Балыкчы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Мэрия Балыкчы:

Share