Факты.kg

Факты.kg Общественно-политическая газета "Факты.кж"

🇰🇬 КРнын президенти Садыр Жапаров:- Урматтуу министрлерден баштап, айыл өкмөттөргө чейинки мамлекеттик кызматкерлер!Мен ...
27/06/2025

🇰🇬 КРнын президенти Садыр Жапаров:
- Урматтуу министрлерден баштап,
айыл өкмөттөргө чейинки мамлекеттик кызматкерлер!

Мен силерге кайрылууну туура көрүп турам.

Мени эл «мамлекеттик казына ыйык, андан уурдаба жана башкаларга да уурдатпа» деп шайлаган.

Мен да силерди ушул эле талап менен мамлекеттик кызматка койгом.

Бирок, тилекке каршы, айрым жетекчилер казынадан социалдык жана башка курулуш иштерге деп бөлүнгөн акчаларга илгеркилердей ит адатыңарды карматып кол салып жатасыңар. Башка жактарды айтпай эле коеюн, кечээки Токмоктогу эле көрүнүштү алалы.
Эмне деген акмакчылык?

Токмок менен Кара-Балта шаарларына быйыл бир миллиард сомдон акча каражатын бөлүп бергенбиз. Эки миллиард акча менен Токмок жана Кара-Балта шаарларын гүлдөтүп салсаңар болот эле.

Эмдиги жылы дагы бир миллиарддан бөлүп берип эки шаарды гүлдөтөлү деген аруу тилегибиз бар эле.

Тилекке каршы жергиликтүү жетекчилер «подрядчылар» менен биргеликте коррупцияга барганыңар көрүнүп турат.

Баарыңардын эсиңерде болсун.
Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз.

Муну мен жеке өзүм колго алам.

Кимде ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар.
Ошону унутпагыла.

Миллион сом уурдап, аны кайра он эселеп кайтарып, андан сырткары түрмөгө түшүү кимиңерге керек?
Менимче эч кимиңерге керек эмес болсо керек?

Мейли ким болбогула эч кимиңерди аябайбыз. Мурдакы заманыңарды унуткула.

Эгер мамлекет төлөп берип жаткан эмгек акыга алымсынбай жатсаңар бизнеске кеткиле.
Ошол жактан табасыңар миллиондорду.
Мамлекеттик бардык кызматкерлерге тиешелүү:
Биз азыр пайдасын көрүп жаткан кен-байлыктарыбыз чексиз эмес, убактылуу.
Баары түгөнөт. Биздин түбөлүктүү келечегибиз туризм жана өндүрүш менен.

Ошондуктан кыска убакыттын ичинде өлкөбүздүн бардык тармактарын оңдоп, түбөлүктүү келечегибизди түзүп алалы.
Ушуга жан үрөгүлө.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жыл башынан бери 200 миңден ашык акылдуу эсептегич орноттуБул иштер Кыргыз Респу...
26/06/2025

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жыл башынан бери 200 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотту
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын жана электр энергиясы менен камсыздоо тутумун автоматташтыруунун алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы (КУЭТ) 2025-жылдын башынан тартып республика боюнча тиричилик абоненттерине 200,1 миң акылдуу эсептегичтерди орнотту.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетикалык тутумду модернизациялоого багытталган.
Демилгенин негизги максаттары – электр энергиясын эсепке алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана тармакта санариптик инфраструктураны өнүктүрүү.
Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү онлайн режиминде эсепке алууга, бузулууларды тез арада аныктоого, уруксатсыз туташуулардын алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы тутум керектөөчүлөргө электр энергияны керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
«Акылдуу эсептегичтерди киргизүү — бул жөн гана технологиялык жаңылануу эмес, бул — электр энергия менен камсыздоо тутумун стратегиялык жактан заманбап өзгөртүү. Бул чечимдер тармактын ишенимдүүлүгүн жана ачык-айкындыгын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет, ал эми керектөөчүлөр үчүн — электр энергиясын ыңгайлуу жана так эсепке алууну камсыз кылат», — деп белгиледи «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков.
2025-жылдын аягына чейин дагы 300 миң акылдуу эсептегич орнотууну пландалууда. Натыйжада алардын жалпы саны 500,1 миңге жетет. Орнотуу географиясы өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды да камтыйт.
Долбоор этап-этабы менен, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү администрациялар жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ишке ашырылууда. Электр энергиясын эсепке алуунун жаңы алеттерин колдонуу эрежелери боюнча калкты маалымдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

22/06/2025

👉 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери чет өлкөдөн келген туристтер менен иш алып барышууда.

22/06/2025

👉 Сени алып барып камаш керек!
🇰🇬 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
♦️ Жолугушууда жетекчилерге эс алуу жайларын көрктөндүрүү боюнча бир катар сындарды айтып, иш алып бара албаган жетекчилерге эскертүү берди.

19/06/2025

👉 ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨӨНҮН ЖАҢЫ ДООРУ БАШТАЛДЫБЫ?
🔷 Чүй облусунда акылдуу эсептегичтер орнотулууда

✅ Жалал-Абадда жаңы көмөк чордон курулду🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусу...
19/06/2025

✅ Жалал-Абадда жаңы көмөк чордон курулду
🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун, Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында жогорку чыңалуудагы жаңы курулган “Көк-Арт” көмөк чордонунун ачылыш аземине катышты.
👉 Бул көмөк чордон Улуу Жибек Жолунун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулду.
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айынан башталып, Кытай темир жол компаниясы ишке ашырды.
🔷 Жаңы курулган 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордондон 35 кВ эки линия чыгат. Алар 35кВ Калмак-Кырчын аба чубалгысынын узундугу 11 чакырым, Сары-Кыр 35кВ аба чубалгысынын узундугу 35 чакырымды түзүп,Казарман аба чубалгысына туташат.
👉 Бул долбоор “Кыргызстан УЭТ” ААК жана Кытай-Кыргызстан темир жол куруучу компаниянын ортосундагы келишиминин негизинде, темир жол куруу үчүн аталган көмөк чордонго Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан керектүү кубаттуулук берилип, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ишке берилди.
✅ Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаев, энергетика министри Т.Ибраев, Кыргызстан-Кытай темир жолун куруучу компаниясынын өкүлдөрү, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары И.Сыдыгалиев, райондун акими, Жалал-Абад ЭТИнин директору, тиешелүү адистер, кызмат, РЭТ башчылары жана жергиликтүү тургундар катышышты.
🔷 Аземдин катышуучулары КРнын Президенти С.Н.Жапаровго жана энергетика министри Т.О.Ибраевге ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар батасын берди. Эгерде бул темир жол бүтүп, ишке берилсе Кыргызстандын экономикасына, анын ичинде жергиликтүүлөрдүн социалдык абалына оң таасирин берет дешет катышуучулар.

ЖКККББнын беш айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыкт...
13/06/2025

ЖКККББнын беш айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2025-жылдын беш айынын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.

Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 497миң 240 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкарган 6800 айдоочу;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 76миң 572 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3010 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 17 521 айдоочу;
-Автоээнбаштык жасаган 466 айдоочу;
-Жол белгилерине баш ийбеген 248 003 айдоочу;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 68миң52 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди. Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулуп, айрыкча туристтик мезгил учурунда айдоочулардын жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу эскертилди.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.

13/06/2025

Айдоочу абайла!
Авторадар иштөөдө.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында тесттик режимде «КОРДОН» аталышындагы радарды ишке киргизди.
Бул радар тек күндүзү гана эмес, түнү да жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды автаматтык түрдө сүрөт тасмага тартып, аныкталган эреже бузуусун «Коопсуз шаар» долбоорунун ишмердүүлүгүн камтыган Мониторинг борборуна жөнөтө алат.
Ал төмөнкү жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт:
-ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларды;
-карама-каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочуларды;
-жол чийиндерин бузган айдоочуларды;
-издөөдө жүргөн унааларды;
-айып пулдарын төлөбөгөн унааларды;
-каттоосу убактылуу токтотулган жана башка одоно жол эрежелерди бузган унааларды аныктайт.
Бул радар талдоонун негизинде аныкталган жол кырсыктары көп катталган жолдорго орнотулат

👉 “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы болуп өзгөрдү 🇰🇬 КРнын Президентинин Иш ...
12/06/2025

👉 “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы болуп өзгөрдү
🇰🇬 КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы болуп өзгөрдү.
✅ КРнын Министрлер Кабинетинин 11.06.2025 № 331 токтомунун негизинде, “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталып, Президенттин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрөт жана чечимдерди токтомго ылайык келтирет.
🔷 “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

10/06/2025

Т.Ибраев:
Ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн, өз мекенибизден өндүрүлгөн кабелдерди сатып алабыз

Сот чечимине кийлигишпейбиз. Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө пикирин билдирди3-июнда Бишкектин Бири...
04/06/2025

Сот чечимине кийлигишпейбиз. Президент Кой-Таш окуясына карата чыккан сот өкүмүнө пикирин билдирди

3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар чечимди колдосо, башкалар жаза оор болду деп эсептешүүдө. Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча "Кабар" агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи.

- Саламатсызбы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата соттун өкүмү чыкты. Ага ылайык айрым мүлктөрү конфискация болуп, өзү он бир жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул чечимге коомчулуктун реакциясы бир беткей эмес. Колдогондор да бар, “аз болду, көп болду” дегендер да бар?

- Саламатчылык. Кандай чечим болсо да, соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек.
Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. “Чыгарган чечими мыйзамдуу эмес десеңер, жогорку инстанцияларга кайрылгыла, акыркы чекитти Жогорку сот койсун” деп келем. Акыркы убактарда баарыңар эле күбө болуп келе жатпайсыңарбы, актап жатышат, мисалы, кемпир-абадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип коюп жатышат. Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз.

- Соцтармактын айрым колдонуучулары эки жыл мурун Дубайда экс-президенттерди чогултуп, өткөн-кеткенди унутуп, мындан ары ынтымакта бололу деген сиздин билдирүүңүздү эске салып, бул жагы кандай болуп калды деп суроо салышууда. Ушул боюнча сиздин комментарий? Анткени саясатта жүргөндөргө карата соттук чечим чыкса эле аны бийликке байланыштыруу буга чейин коомчулукка сиңип калган да?

- Ооба. Мен чын ниетим менен эле үч жыл мурда экстердин баарын Дубайга чогулткам. “Эгер чындап эле баарыңардын жүрөгүңөр Кыргызстан деп соксо, анда баарыңар өткөн-кеткенди унуткула, бири-бириңерди жамандап, ушакташканды токтоткула, тарапташтарыңарга да айткыла, бири-бириңер менен тирешпегиле” дегем. Азыр деле ошол позицияда, ошол ниетимде турам.
Себеби мен бийликке келип, эки жылга чукул иштегенде көптөгөн дүйнөлүк ири инвесторлорду Кыргызстанга чакырдым, кабыл алдым.
Баарынан бирдей эле жоопту угуп жаттым. “Силер, кыргыздар тынчыбаган эл экенсиңер. Үчүнчү президентиңерди кубаладыңар. Ынтымак, стабилдүүлүк жок силерде. Акча болсо тынчтыкты, стабилдүүлүктү сүйөт” деген жоопторду угуп жаттым.
Албетте, ири инвестиция салыш үчүн көптөгөн мыйзамдарыбызда кемчиликтер бар экенин дагы айтышты. Ал кемчиликтерди оңдоп, тез арада жойдук.
Андан кийин экстердин баарын чогултуш керек болду. Чогулттук. Ынтымакташтырдык. Байкадыңарбы, ошондон бери бирөөсү дагы бири-бири менен акыйнек айтышкан жок.
Болбосо Акаев-Бакиев менен, Атамбаев-Жээнбеков менен, айтор тарапташтары жаат-жаат болуп бөлүнүп алышып акыйнек айтышып жатышчу эле.
Андан бери абал тынчып, стабилдүүлүк орноду. Стабилдүүлүктү байкагандан кийин ири инвесторлор келе башташты.
Алардын артынан орточолору, кичинелери келип олтуруп азыр Борбор Азияда эң көп инвестиция келген өлкө биздин өлкө болуп жатат.
“Ынтымак бар жерде - ырыс бар” дейт. Элибиз дайыма ынтымакта болуш керек. Ошондо өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болот.

- Эми Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камака алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот.
Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм.
Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм.
Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал - мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек.

- Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев: “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат”, - деп айтты. Ушул боюнча сиздин комментарий?

- Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле.
2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле.
Ушул калптары элге ачыкталып калды.
Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат.
Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин.
Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

30/05/2025

✅ Буйруса быйыл Ысык-Көлүбүзгө 10 миллиондон ашык турист келээри күтүлүүдө! #кыргызстан #туризм

Address

проспект Манас
Bishkek
720001

Opening Hours

Monday 08:00 - 18:00
Tuesday 08:00 - 18:00
Wednesday 08:00 - 18:00
Thursday 08:00 - 18:00
Friday 08:00 - 16:00
Saturday 08:00 - 13:00
Sunday 08:00 - 13:00

Telephone

+996772016000

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Факты.kg posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Факты.kg:

Share