Парламент радиосу - элдик трибуна

Парламент радиосу - элдик трибуна Телефон прямого эфира радио "Парламент"
0312 63 85 90
WhatsApp 0555 63 85 90

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районундагы Куйруч...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районундагы Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылынын социалдык маселелерин талкуулоо максатында жарандарды жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын кабыл алды.

Жолугушууга ошондой эле бир катар мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты. Алардын катарында: Турак-жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов, Суу ресурстары кызматынын алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгынын директору Рустам Коджоев.

Мындан сырткары, айылдык кеңештин депутаттары жана тургундары да катышып, көйгөйлөрдү ортого салышты.

Жолугушууда капиталдык салымдардын алкагында төрт айыл (Кызарт, Жаңы-Арык, Базар-Турук, Кызыл-Эмгек) боюнча долбоорлордун кечеңдеп жатканы, Жаңы-Арык айылындагы спорт комплекси жана бала бакчанын курулушу, ичүүчү суу маселеси көтөрүлдү.

Нурбек Сыдыгалиев ар бир маселе боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте иш алып барып, көзөмөлгө аларын белгилеп өттү.

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ынтымак" парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Кыргызстандын аймагынд...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ынтымак" парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп, учурдагы жагдай тууралуу маалымат алды.

Белгилүү болгондой, ушул тапта жалпысынан 13 миңден ашуун чет элдик номерлүү автоунаа мыйзамдаштырылган.

ИИМдин өкүлү Нурдин Самбаев билдиргендей, 168-токтом боюнча 1-октябрдан тартып мыйзамдаштырылбай калган автоунаалар өлкөдөн чыгарылышы кажет, же тетиктерге бөлүп сатылып, утилдештирүү зарыл.

Көпчүлүк жарандар унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей жатканын жана 1-октябрда бүтө турган мөөнөттү узартууну, Россия Федерациясынан арзан баада алынган унааларды каттоо төлөмүн азайтып берүүнү өтүнүүдө.

Адистер ырастагандай оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруунун төлөмү 50 миң сомду түзөт. "Ал эми сол рулдуу унааларды катталган өлкөгө, маселен, Орусияга кайра айдап барып, ал жактан сөзсүз каттоодон чыгарып, кайра Кыргызстанга алып келип каттоого койсо болот. Мында 13 миң сомдун тегерегинде төлөм жүргүзүлөт", - деп билдирди Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Руслан Тыналиев.

Депутат Марлен Маматалиев кайрылган жарандардын маселесин чечүү, тагыраагы, легалдаштыруу мөөнөтүн жылдыруу боюнча тийишүү жетекчилер менен чогуу иш алып бара турганын айтты. Аны менен катар Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарына да маселени жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүсү боюнча кайрылып жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районундагы Мурас-Ордо конушуна барып, тургундар ме...
18/09/2025

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районундагы Мурас-Ордо конушуна барып, тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Ага тиешелүү министрликтердин, райондук прокуратуранын, муниципалдык ишканалардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышты.

Жолугушууда аймактагы талаштуу жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, таза суу менен камсыздоо, жолдорду оңдоо, коомдук транспорт, турак жай жана коммуналдык чарба маселелери көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды.

Өз кезегинде тиешелүү органдардын өкүлдөрү калктын суроо-талабынын негизинде аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалымат беришти. Алсак, конушка алып барчу жолдун 3 чакырымы ушул жылдын 15-октябрына чейин аяктап, калган 6 чакырым жол 2026-жылы бүткөрүлөрү айтылды. Мындан тышкары конуштун жанындагы көлдөрдү жабуу маселеси ведомстволор аралык жумушчу топтун иши аяктагандан кийин чечилери белгиленди.

Депутат Эльвира Сурабалдиева ошондой эле конуштагы 280 орундуу бала бакчанын курулушунан кабар алып, фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) жылуулук тутумунун абалы менен да таанышып чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза джиу-джитсу жана грепплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Борбор Азия биринчилиги...
18/09/2025

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза джиу-джитсу жана грепплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Борбор Азия биринчилигинде байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар жана алардын машыктыруучусу Рахим Хиймамов менен жолугушту.

Анда эл өкүлү Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргогондугу үчүн жаш спортчуларга ыраазычылык билдирип: "Ар бир жеңиш талыкпаган эмгек, темирдей бекем тартип жана машыктыруучунун жеке чеберчилигинин аркасында келет. Силердин бул ийгилигиңер жалпы кыргыз спортунун алдыга жылышына чоң салым кошору талашсыз. Миңдеген күйөрмандардын башын бириктирген спорт дүйнөсүндө бул абдан маанилүү нерсе", - деди.

Ошондой эле спортчуларга алдыдагы мелдештерде да ийгиликтерди каалап, Ардак грамоталарды тапшырды.

Мындан тышкары машыктыруучу Рахим Хиймамов менен дагы балдар жана өспүрүмдөр спортун алдыга жылдыруу, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында пикир алышкан депутат Карим Ханджеза спортчулардын машыгуу залындагы шарттарды жакшыртуу үчүн каржылык колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, джиу-джитсу жана грепплинг боюнча мелдеш 13–14-сентябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Анда улуттук курама команда 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алган.

Бүгүн, 18-сентябрда "Элдик" депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкб...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрда "Элдик" депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылынын 180 жылдык мааракесине катышты.

Эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундарды салтанаттуу маараке менен куттуктап, айылдын мындан ары да өнүгө беришине тилектештигин билдиришти.

Мындан тышкары быйыл шахмат боюнча АКШда өткөн мектеп командалары арасындагы дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, алтын медаль тагынган Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Эдиса Бердибаеваны куттуктаган депутат Акылбек Түмөнбаев ага электрондук планшет белек кылып, мындан аркы мелдештеринде да ийгиликтерди каалады.

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Аида Исатбек кызы, Медербек Саккараев.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Аида Исатбек кызы белгилегендей, мыйзам долбоору тиешелүү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, укуктук коллизияларды жоюу, өзгөчө жана согуш абал шарттарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Муну менен катар жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Аба кодексине, Бюджеттик кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Маалымат менен Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Төлөгөнов тааныштырды.

Анын айтымында аталган мыйзам долбоору Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эксперттеринин сунуштамаларын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майы ПЖ №158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-сентябрдагы жыйында "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү ки...
18/09/2025

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-сентябрдагы жыйында "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Карим Ханджеза тааныштырып, мыйзам долбоору жарандардын укуктарын чектөөчү тыюуларды жокко чыгарууга жана юридикалык жак түзүүдө анын жалгыз негиздөөчүсү катары башка чарбалык коом болушуна уруксат берүүгө багытталганын белгиледи.

Жыйында ошондой эле "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Административдик-процесстик кодексине, Жарандык процесстик кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоору заманбап санариптик технологияларды пайдалануу менен сот системасын өркүндөтүү жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Эл өкүлдөрү мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун дагы биринчи окууда колдоду.

Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору жергиликтүү соттордун судьяларын тандоо процессин жакшыртуу максатында кадрдык потенциалды түзүүгө, чыңдоого жана сот тутумунун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга багытталган.

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кыл...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Көкүлов Э.К., Алиев М.К., Сыдыгалиев Н.О., Раимбачаева В.К., Абдибаева А.Н., Маткеримов А.Т., Тентишев Б.Э., Түлөбаев Б.З., Исатбек кызы А., Лурова Л.Х., Мажитова Ш., Мамытов Т.Т., Сыдыков М.Ж., Токтошев Э.Т., Козуев А.А., Темирбаева М.О., Атажанов Ы.Ы., Жакышов Р.Ш., Алтынбеков А., Икрамов Т.И.

Мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Балбак Түлөбаев тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарынын коопсуздук системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору экинчи окуу режимине кайтарылып, редакциялык мүнөздөгү толуктоолор киргизилген.

Талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова Саламаттык сактоо министрлигин калк арасында туура тамактануу маданиятын жайылтуу боюнча иш-чараларды күчөтүүгө чакырып, айрыкча кант диабетине чалдыккан балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу ашыкча кант колдонуу зыяндуулугу тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Камила Талиева экология менен катар жарандардын ден соолугуна эң чоң таасир этүүчү негизги фактор катары тамак-ашты атады. Андыктан, эл өкүлү азык-түлүк продукцияларынын сапатына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктарга каршы күрөштү жандандыруу маселесин ортого салды.

Депутат Винера Раимбачаева дыйкандар пайдаланган жер семирткичтер жана башка каражаттар экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугунун талаптарына жооп бериши үчүн жоопкерчиликти күчөтүү керектигин айтты.

Андан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санынын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү, ошондой эле судьяларга жүктөмдү бирдей бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан.

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мый...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды.

Анын максаты электрондук соода товарларын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди регламенттөө, аларды жөнгө салуу, 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын деңгээлинде жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жакшыртуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев менен Эльдар Абакиров электрондук соода товарларын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бир катар жагдайларды такташты.

Мындан тышкары эл өкүлдөрү Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карап, колдоого алды. Алар:

– "1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" мыйзам долбоору үч окууда;

– "2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен улуттар уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үч окууда;

– "2025-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын биринчи каржылоо" каржылоосу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда.

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республ...
18/09/2025

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Министрлер Кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты жана милдети салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу болуп саналат.

Андан тышкары, "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты өздүк өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги азыктары менен өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандыруу болуп эсептелет.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районунан келген мектеп окуучулары мен...
18/09/2025

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районунан келген мектеп окуучулары менен жолугушту.

Алгач окуучулар Жогорку Кеңештин имаратында парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы жайгашкан залды көрүп чыгышты. Ошондой эле чоң жыйындар залына кирип, мыйзам чыгаруу процессине жеринде күбө болушту.

Жолугушууда Төраганын орун басары окуучулар менен кеңири баарлашып, эл өкүлдөрүнүн аткарып жаткан иштери боюнча да учкай айтып берди. Мындан тышкары жаштардын билимге умтулуусунун маанилүүлүгүн белгилеп: "Билим адамдын келечегинин пайдубалы. Андыктан окууга өзгөчө көңүл бургула, чоң максаттарды койгула жана ага карай аракет кылгыла. Ошондо алдыңардагы жолуңар ачык болот", - деди.

Иш-чаранын соңунда Нурбек Сыдыгалиев окуучулар менен эстеликке сүрөткө түшүп, алардын окууларына ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-сентябрдагы жыйында "2024-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери...
18/09/2025

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 18-сентябрдагы жыйында "2024-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасын укту. Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Маалымат менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Нилуфар Алимжанова турак-жайга болгон укуктардын бузулушу жана майыптыгы бар адамдардын жогорку билимге болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көйгөйлөргө токтолуп, Акыйкатчы институту бул жаатта кандай иштерди алып барып жатканын сурады.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылган депутат Мирлан Самыйкожо жатак абактарынын жоюлушу боюнча да Акыйкатчынын пикирине кызыгып, бул нерсе кылмыштуулуктун күчөшүнө алып келбейби деген тынчсызданусун билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев баңгизат кылмыштуулугуна айыпталып абакка түшкөндөрдүн ишин терең иликтеп чыгууну сунуштап, өзгөчө жаш балдардын тагдырына аяр мамиле кылууга чакырды.

Депутат Жанарбек Акаев Россия Федерациясындагы жаңы мыйзамдардан улам эмгек мигранттарынын балдарынын көпчүлүгү мектепке кире албай жатышканын белгилеп, бул боюнча тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин билдирди.

Депутат Эрнис Айдаралиев аялдарга, балдарга жасалган зордук-зомбулук фактыларына жана жабырлануучуларга кысым көрсөткөн тараптарга карата Акыйкатчы институту көргөн чараларды тактады.

Депутат Эльдар Абакиров коомчулукта сот системасына ишенбестик көбөйгөнүн айтып, институт аталган маселеге изилдөө жүргүзүп, өз сунуштарын бериши керектигин белгиледи.

Депутат Эмиль Токтошев Акыйкатчы институту маалыматтык саясатын жакшыртып, укуктук сабаттуулукту арттыруу максатында социалдык тармактар аркылуу ачык иштеши керектигин айтты.

Депутат Камила Талиева элдин Акыйкатчы институтуна болгон ишеним индексин сурап, андан сырткары психиатриялык мекемелер жана реабилитациялык борборлор менен тыгыз иштешүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Шарапаткан Мажитова Президентке караштуу Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо боюнча атайын орган түзүүнү сунуштап, аталган мекеме зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерине жоопкерчилик алышы керектигин билдирди.

Депутат Талант Мамытов миграция жана бизнес акыйкатчылыгын ачуу боюнча сунушун айтып, эмгек мигранттарынын жана ишкерлердин укуктарын коргоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында "2024-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы жактырылып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Address

проспект Чуй 205
Bishkek

Opening Hours

Monday 10:00 - 16:00

Telephone

+996555638590

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Парламент радиосу - элдик трибуна posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Парламент радиосу - элдик трибуна:

Share

Category