Status.kg

Status.kg Саясий укуктук порталы

Улуттук гвардия 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды2025-жылдын 30-майында  КР КК Улуттук гварди...
30/05/2025

Улуттук гвардия 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды

2025-жылдын 30-майында КР КК Улуттук гвардиясында 2025-жылдын биринчи жарым жылдык окуу мезгилиндеги күжүрмөн – кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга КР КК Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, колбашчынын орун басарлары, бөлүм, бөлүмчөлөрдүн башчылары жана ошондой эле аскер бөлүктөрдүн командирлери орун басарлары менен катышты.
Алгач Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басарларынын жана бөлүм, бөлүмчө башчыларынын багыттары боюнча өткөн мезгил аралыгында аткарган иштеринин баяндамалары угулду.
Өздөрүнүн баяндамаларында аскер кызматчылар укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш чаралардан тышкары, күжүрмөн даярдыктын, күжүрмөн кызматтын, кароолдук жана ички кызматтын абалы тууралуу, уставдын талаптарына ылайык аскердик тартипти бекемдөөгө, аскер бөлүктөрдөгү кылмыштуулукту жана тартип бузууларга карата алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен баяндама беришти. Жыйында ийгиликтер менен катар кемчилдиктер да каралып, аларды жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар коюлду.
Жыйынды жыйынтыктап жатып гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, келээрки жарым жылдык окуу мезгилине тапшырмаларды койду. Эң негизги тапшырмалардан болуп, аскер кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун сактоо, аскердик кызматтагы коопсуздук, өздүк курамдын арасында кылмыштуулукту жана тартип бузууну алдын алуу боюнча иш алып барыш керек экендигин белгилеп өттү.
Жыйынтыгында Улуттук гвардиянын колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер кызматчылар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты. Аларга медалдар, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Жаш жоокерлер ант беришти2025-жылдын 16-17 май  күндөрү  КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө жаш жоокерлерди а...
17/05/2025

Жаш жоокерлер ант беришти

2025-жылдын 16-17 май күндөрү КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө жаш жоокерлерди аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.
Жаш жоокерлер бир ай ичи бою окуу курсун өтүшүп, аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алышты. Окуу курсу учурунда жаш жоокерлерибиз мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдык сабактарын окушуп, аскердик ант алууга даярдык көрүштү.
Бул салтанаттуу иш-чараларга Улуттук гвардиянын Кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, ардагерлер запастагы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, ошондой эле жаш жоокерлердин жакындары жана меймандар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана чакырылган коноктор жаш жоокерлерди ант бериши менен куттуктап, өздүк курамга чың ден-соолук жана Ата-Мекенге болгон кызматта ийгиликтерди каалап өтүштү.
Салтанатттуу иш-чараны ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлеринин саптык даярдык машыгуу, куралдуу кылмышкерлерди кармоо боюнча тактикалык эпизоддор жана куралсыз кол-уруш ыкмалар көрсөтмө көнүгүүсү менен улантылды.
Салтанаттуу иш-чара жаш жоокерлердин өздөрүнүн жакындары менен сурөткө эстеликке түшүүсү менен аяктады.

Бүгүн, 2025 – жылдын 11-майында Москва шаарында болуп өткөн совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштаг...
11/05/2025

Бүгүн, 2025 – жылдын 11-майында Москва шаарында болуп өткөн совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти кайтып келди.
Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн КР КК Улуттук гвардиясынын ардак кароол ротасы татыктуу көрсөттү.
Гвардиячылар жогорку саптык чеберчиликти көрсөтүп, парад командачылыгынын кызмат адамдарынан да, өлкөбүздүн аскердик-саясий жетекчилигинен да оң баа алышты.
Биздин аскердик контингентти КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана аскер кызматчылар тосуп алышты.
Ардак кароол ротасынын өздүк курамын совет элинин 1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга ийгиликтүү катышкандыгы менен куттуктап жатып, гвардиянын полковниги Т. Эргешев: "Силер өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн эң мыкты аскер бөлүктөрүнүн бирисинер, бүткүл Кыргызстан силердин жогорку аскердик чеберчилигилерди көрүп биздин Куралдуу Күчтөрүбүздү татыктуу көрсөткөнүңөргө күбө болду...", деп белгиледи.
Митинг аяктагандан кийин өздүк курам туруктуу жайгашкан ордуна сапар алышты.
Ошондой эле кийинчерээк гвардиячылар Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуп өткөн совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан аскер кызматчыларын да тосуп алышты.

2025-жылдын 26-апрелинде КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн аймагында аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө арналган са...
26/04/2025

2025-жылдын 26-апрелинде КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн аймагында аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев жана башка чакырылган коноктор катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аскер бөлүктүн түзүлгөн күнүнө карата кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылар грамота жана медалдар менен сыйланышты.
Иш-чарада аскер кызматчылардын саптык даярдык, кол кармашып урушу элементтери, куралдуу кылмышкерди кармоо боюнча бийик имаратка чабуул коюу жана башка тактикалык эпизоддордун көрсөтүүлөрү көрсөтүлүп, иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды

Кыргызстандын аскердик контингенти 1941 – 1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80  жылдыгына арналган па...
24/04/2025

Кыргызстандын аскердик контингенти 1941 – 1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга кетти

2025-жылдын 24-апрелинде Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин "Кант" авиациялык базасы аркылуу КР Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын параддык эсеби Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда Москва жана ошондой эле Беларусия Республикасынын Минск шаарларына учуп кетти, ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн көрсөтөт.
Бул ардактуу милдет, алардын саптык даярдык деңгээлин эске алуу менен Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына, тактап айтканда Ардак кароол ротасына жүктөлгөн.
Калыстык үчүн айта кетчү нерсе, бул гвардиячылардын Кыргызстандан тышкары катышкан биринчи парады эмес.
Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга катышып, парад көрүүчүлөрүн суктандырып, параддын командачыларынан мыкты бааларды жана жоопторду алып, ар дайым мыкты саптык даярдык жана түздөнүү жактарынан өзгөчөлөнүп келген.
Москва жана Минск шаарларында биздин гвардиячылар Кыргызстанды жана анын Куралдуу Күчтөрүн татыктуу көрсөтөт деп ишенебиз.
Ак жол жана аскердик парадда ийгиликтүү өтүүңүздөрдү каалайбыз.

Улуттук гвардияда ачык эшиктер күнү болуп өттү 2025-жылдын 18–февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Бишк...
18/02/2025

Улуттук гвардияда ачык эшиктер күнү болуп өттү

2025-жылдын 18–февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Бишкек шаарында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага аскер кызматчылар, 500 дөн ашуун мектеп окуучулары жана чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия уюштурулуп, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү көргөзүлдү.
Иш чаранын соңунда КР КК Улуттук гвардиясынын ардак карooл ротасы өзүнүн куралы менен көнүгүүлөрдү, атайын багыттагы батальонунун өздүк курамы кармап-урушуу ыкмаларын, ал эми аскердик оркестри өзүнүн атайын даярдалган дэфилесин көрсөтүштү.

2025-жылдын 14–февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Чуй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан орто мек...
14/02/2025

2025-жылдын 14–февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Чуй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан орто мектептердин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага аскер бөлүктүн командири гвардиянын полковниги Н.Түлөбердиев, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы У.Байгубатова, аскер кызматчылар, 300 дөн ашуун мектеп окуучулары жана чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия, аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү камтыган кеңири программа тартууланып, андан соң мектеп окуучуларынын катышуусунда спорттук оюндар уюштурулду.
Катышуучулар үчүн даярдалган программаны абдан кызыктуу өтүп, соңунда спорттук оюндун жеңүүчүлөрү грамота жана кубок менен сыйланышты.

2025-жылдын 13-февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Ооган Демократиялык Республикасынын аймагынан совет...
14/02/2025

2025-жылдын 13-февралында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Ооган Демократиялык Республикасынын аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата өздүк курамы менен ардактуу ардагерлер, запастагы генерал-полковник А.Чотбаев, запастагы полковник В.Славский жана А.Маманов, "Афганистан бизге жылдар бою тартылат" аттуу патриоттулук темада маек курушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Ооган согушу окуяларынын хронологиясын эскеришти, советтик аскерлердин Афганистанга киргизилишинин себептери жана советтик аскерлер менен Афганистандын өкмөттүк аскерлеринин биргелешкен согуш аракеттери жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, интернационалист жоокерлердин окуяларына, алардын эрдигине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарада архивдик документалдык хрониканын кадрлары колдонулду.

Кыргыз Республикасынын                                                                          Президенти С.Н. Жапаровг...
10/01/2025

Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаровго
УКМКнын башчысы
Генерал-лейтенант
К.К. Ташиевке
СИЗО-21 мекемесинен
шектуу Жумабаев Кенжебек
Казакович 18.08.1971
Арыз
Турмодон кат
Менин Сиздерге арыз жазуумдун себеби; Бишкек шаарынын УКМКнын тергоочулору тарабынан 2024-жылдын 19-декабрь куну
мага карата 209-берене менен кылмыш иши козголуп эки айга санкция
берилип СИЗО 21 мекемесине эки айга камака алындым.
Жакында ММКлар тарабынан Камчыбек Кыдыршаевичтин УКМК
кызматкерлерине: «Бироонун заказы менен иштеп, жарандардын убалына калбагыла!»- дегенин коомчулуктун кобу уккан. Бугунку куну Бишкек шаардык УКМКсы шаардык кенешке шайланып келген бир партиянын заказын ийгиликтуу аткарып жатышат. Мен озумдун Фейсбуктагы баракчам аркылуу шаардык кенешке шайлоо башталганда жалан чиновниктердин балдарынан турган партия жонундо бир канча далилдер менен жазып чыккам. Шайлоо бутуп, биринчи оорун менен шайланып келип алышып атайлап каматышты. Президентке, УКМК башчысына туура эмес маалымат беришип, адамды даана кылмышкер кылып жалгандар менен кылмыш ишин козгоп конуп калган УКМК тергоочулору озулорунун кылганы учун, жалган маалымат бергени учун жаза албаарын билишет. Соттор болсо УКМК деген созду укканда териштирбей туруп эле санкция берип айткандарын кыла беришет. Президентке УКМК башчысына адамды каракчы коргозуп алган тергоочулор кылмыш иштин далилдер жок иштен ичиндеги токуп алган жомоктору аркага кетип атканын билип турушун атайлап эки айлап торт айлап тергеп атабыз деген шылтоо менен жогору жактагыларды алаксытышып, эчак эле модага айлантып алышкан. Адамдын ден соолугун, уй-булосун ойлонбостон эптеп эке айга киргизип алышса, калганын чампалай беришет. Буга мисал былтыр дагы мага эки жыл мурун болуп откон шайлоодо подкуп кылган деп деп камашкан. Ошол сот эмне болду, акыры жогорку сотко барып мооноту оттуп кетти деген шылтоо менен иш жыйынтыкталды. Менин турмого тушуп кыйналганыма эч ким деле кыйналган жок. Бугун деле ошол деле акыбал эптеп камап алышты калганын кийин коробуз принциби… Бишкек шаарынын УКМКсы чындап эле ушул иште менин кылмышым болсо уй камагына чыгарып бутума браслет салып коюп тересе болот эле. Анте алышпайт анда партияда жургон достору капа болушат. Адамдын тагдыры уй-булосу булар учун бир тыйынга турбай калды. Мен оз чындыгым учун турмодо жатып деле курошо алам, бирок деген жери бар, бирок… уй-булом бир туугандар кыйналып бутту. Куда соок тугундар тааныштар мени кылмышкердей карап калышты. Эми мага козголгон кылмыш иш боюнча кыскача жаза кетейин. 2019-жылы ош-базарынын усту жагында «Берекет Универсал» деген базардын соодогерлери тарабынан базар ээси Болот Бегалиевдин ортосунда келишпестиктер чыгып соодагерлер базарды убактылуу башкарууга алышат. Мага тааныштарым аркылуу жардам берууго чакырышат. Базардын мурунку ээлери мамлекетке бир жылда 2 млн. сом гана тогуп, озулору соодагерлерден айынан 3 млн. сомдон алып журушуптур. 2019-жылдан 2020- жылдын декабрь айына чейин убактылуу лидер болуп Махмуд Губайдулин деген башкарып келди. Ар бир ишкерден 2,500 сомдон кеткен чыгамдарга деп акча чогултат. Дагы бир жолу айтам документи жок базарга 2021-жылдын башында чогулган акчалар жок болуп кеткенин билип башка бироону убактылуу лидер кылып шайлап алышат. М.Губайдулин 7млн.сомду элди алдап жеп кетет. Ага алдамчылык мене иш козголуп тергоодон тергоо сааттан саат отуп отуруп мооноту отту деп иш кыскартылат. Ошол убакытта базардын мурдагы ээси базардын жарыгын очуруп коет. Базардын документи жок болгондуктан базарга жакын домго тиешелуу 3 сотых жерге электр жарыгын берууго уруксат М Губайдулиндин коомдук бирикмесинде алганбыз. Митинг кылып, 3 сотыхка келген токту жалпы базарга урусаатсыз алып алабыз. Электр булагын базарга бериш учун сатууга лицензия керек эле. Губайдулиндин бугунку кунго чейин линцезиясы жок. Ошол базарга электр жарыгын берген кундон баштап, базардын электриктери озулору ар бир ишкердин счетчиктеринин коргозмосун алып Север электрого тогушот. Ошол кундон ушул кунго чейин светтин акчасын кантип чогултуп кантип тогушот менин ишим жок, менин милдетиме да кирбейт. Мага светтен алдап 1250000 мин сом жеп алган деп айып тагып атышат. Мен ал светке бир кун да аралашкан эмесмин, сотто кантип далилдешет мага тангалыштуу. Озу базардагылар базар мамлекетке гана отсун деп эч кимге бербей кайтарып келишти. Базар ишкерлери озулору (Азия Универсал 700) деп акцияонердик коом тузушуп, 2022-жылы август айында ДУМИ менен келишим тузуп мамлекетке айына 650000мин сомдон толоно баштады. Базардагы башка чыгымдардан башка туз 650000мин ДУМИнин эсебине которулат. 2024 жылдан баштап 950000мин айына ДУМИнин эсебине тушо баштады мен созго калбайын деп бир дагы акция алган эмесмин бугун да акциям жок. 2022-жылы чогулуштун негизинде директорлор кенешинин торогасы болуп шайлангам. 2023-2024 жылдын август айына чейин башка бироо директор кенеши болду. Мен болгону 2024-жылдын август айында кайра директорлор кенеши болуп шайландым. Устав боюнча директорлор кенеши жети мучосу менен аткаруучу директорду шайлайт. Болгону жылынв бир жолу чогулушта директордун отчетун угуп кайра шайлашат материалдык бухгалтердик дегеле коомдук баардык милдетти аткаруучу директорго отот. Базардын озунун директору бухгалтери, охраниги, электриги бар. Салыкка ж.б. толомдорду директор жургузот. Базарда акча масилесине аралашкандай менин функцияналдык милдетиме да кирбейт кимге канча беришти директор озу чечет. Акционердик коомдун моору документтерге кол коюшу директордун милдетине кирет. Бугунку кунго чейин канча акча чогулат кимге чогултуп кимге жумшайт мен билбейм жана аралашпайм. Болгону жылына бир жолу отчеттун угуп коюш жана кайра шайлап коюш биздин милдетке кирет! Урматтуу Президент! Урматтуу УКМК торагасы бугунку куну сиздерге мен базардан коп акча алып базардын контейнерлерин сатып жиберген деген жалган маалыматты сиздерге беришкендиктерин билем. Ишкерлердин ар биринин озунун контейнерлери менчик болгондуктан ал жерден эчкимге жарым контейнер да сата албайт. Эч ким квитанциясы жок бир сомун жедирбейт.
Менин болгон куноом ошол базар мамлекетке отсо акчалар туз мерияга тушсо экен дегенимде. Эми тергоочулорго келсек эптеп камап алдык эми сотторду коркутуп журуп ишти откоруп алсак болду деп отурушат. Убакытты сузуп копко чейин камап отуруштун амалы башталды. Кимден канча алып кайсы кишилердин акчасын алдап алганымды мыйзам чегинде тергешсе эч нерсе таба алышпайт.
Менин агам кант диабети менен ооруп бир бутун кестирген. Жакында менин камалганымды угуп, оор абалда кайра оорукана тушконун билдим. Бир нерсе болуп кетсе ким жооп берет? УКМК коюп жаткан 1.5 млн. сомду коомчулукка кайрылып кайыр сурасам деле тогуп алам, бирок мен ага барбайм анткени куноом жок мага бутума браслет салып уй камагына чыгарып коюшса аягына чейин соттошууга даярмын. Оз чындыгымдыгы озум коргоп алам.
Урматтуу Президент Урматтуу УКМК башчысы мага козголгон кылмыш ишин оз козомолдорунузго алып мыйзам чегинде тергелишине жардам беришиниздерди суранам деп Жумабаев Кенжебек Казакович.

2024-жылдын 6–мартында КР КК Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө Бишкек шаарында жайгашкан билим берүү мекемелери...
06/03/2024

2024-жылдын 6–мартында КР КК Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө Бишкек шаарында жайгашкан билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага 1000 ашуун студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Анда, конокторго жоокерлердин казармасы, ашканасы жана спорттук залы көрсөтүлдү.
Соңунда ардак кароол ротасынын аскер кызматчылары саптык ыкмаларды көрсөтүп, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү болду.

Address

Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Status.kg posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Status.kg:

Share