28/10/2025
Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Күрөш Федерациясынан билдиришти.
23 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнирде кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашты.
Ал Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыккан. Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште анын атаандашы 19 жаштагы америкалык Жэксон Патрик Форрест болду. Анда америкалык балбан жеңишке жетип, алтын медалды алды, ал эми кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу күмүш медаль тагынды.