Alaka_KG

Alaka_KG АЛАКА

Бишкекте “Экинчи Корея-Кыргыз IT-конференциясы 2022” иш-чарасы болуп өттү2022-жылдын 25-ноябрында Сеул эл аралык достук ...
25/11/2022

Бишкекте “Экинчи Корея-Кыргыз IT-конференциясы 2022” иш-чарасы болуп өттү

2022-жылдын 25-ноябрында Сеул эл аралык достук уюму (SIFO), И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы Fablab Bishkek лабораториясы жана Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен биргеликте “Экинчи Корея-Кыргыз IT-конференциясы 2022” эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын негизги максаты - Кыргыз Республикасында санариптик өндүрүштү андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана бир катар мамлекеттик министрликтер катышышты. Андан тышкары коомдук уюмдар Кызыл Ай , ЮНИСЕФ , Эл аралык өкмөттүк эмес компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Сеул достук борборунун президенти
Ли Сун Жу конференциянын жүрүшүндө жалпы катышуучуларга өз сөзү менен кайрылды:
“Сиздер биздин дал ушул уюштуруп жаткан конференцияга келгениңиздер үчүн чоң рахмат. Бул уюштурган конференцияга И.Раззаков атындагы КМТУнун жана Түштүк Кореядан келген студенттер катышууда. Былтыркы жылы өткөрүлгөн конференциядан быйылкы жылдан айырмасы атайын иштелип чыккан “Make-A-Thon” конкурсуна катышуу үчүн студенттер команда түзүп, идеядан баштап иштин аткарылуусуна чейин өздөрү иштешти. Бул сынактын негизги максаты, алар кантип иш-чаранын темасына ылайык прототип түзө аларын жана кантип жасай аларын көрүү болду.»

И.Раззаков атындагы КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев “Fablab”илимий лабораториясында көптөгөн дилгир жаштар азыркы коомго керектүү инновациялык идеяларын ишке ашырылып жатканы чон жетишкендик экенин белгиледи. Кыргыз-Корея достугу мындан ары бекемделип, келечекке жаштар колдоого даяр экендигин баса белгиледи

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-24-декабрында «Корея-Кыргызстан 2021 IT конференциясы» болуп өткөн. Үч күндүн ичинде: “Idaethon”, кореялык профессорлордун ар түрдүү темадагы лекциялары, илимий көргөзмө жана пикирлештердин Dong-Ari клубунун ишинин бет ачары, ошондой эле «Медицина тармагында IT технологияларды колдонуу» темасында иш-чара болуп өткөн.

Автор: Жаркынай Сүйөркулова

Жапония чек ара кагылышуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарындагы аялуу топторду колдоо үчүн 1 миллион АКШ доллар...
02/11/2022

Жапония чек ара кагылышуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарындагы аялуу топторду колдоо үчүн 1 миллион АКШ долларын бөлдү.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган аялуу калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 500 000 АКШ долларын алат. Жапониянын көмөгү менен БУУ ДАТП эвакуацияланган кишилерге жана кабыл алуучу үй-бүлөлөргө, ошондой эле туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерге байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын таратат.
БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) чыр-чатактан улам эвакуацияланган жана туруктуу жашаган жерлерине кайтып келген кишилерди коргоо үчүн 500 000 АКШ долларын алат. Колдоо, анын ичинде укуктук маселелерге байланышкан тобокелдиктерди аныктоо жана ага жооп берүү, ошондой эле документтерди калыбына келтирүү үчүн юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат.
БУУнун эки агенттиги Баткен жана Ош облустарында үч айдын ичинде 55 000ден ашуун аялуу кишилерге жардам көрсөтөт.
***
Япония выделяет 1 миллион долларов США для поддержки социально уязвимых групп Баткена и Оша, пострадавших в результате пограничных столкновений.
Всемирная продовольственная программа ООН (ВПП ООН) получит 500 000 долларов США для удовлетворения потребностей уязвимого населения, пострадавшего в результате столкновений на кыргызско-таджикской границе. При содействии Японии ВПП ООН предоставит внутренне перемещенным лицам и принимающим семьям, а также лицам, вернувшимся в места постоянного проживания, обогащенную пшеничную муку и растительное масло.
Агентство ООН по делам беженцев (УВКБ ООН) получит 500 000 долларов США для защиты лиц, перемещенных в результате конфликта, и лиц, вернувшихся в места постоянного проживания. Поддержка будет осуществляться в том числе посредством выявления и реагирования на риски, связанные с защитой, а также предоставления юридической помощи для восстановления документов.
Два агентства ООН окажут помощь более чем 55 000 уязвимым людям в течение трех месяцев в Баткенской и Ошской областях.

Маалымат булагы: wfp_kyrgyzstan

🇰🇬🇸🇦 2022-жылы 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш...
08/09/2022

🇰🇬🇸🇦 2022-жылы 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Төрагасы Ажлан бин Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту.
• Тараптар быйыл кыргыз-сауд экинчи бизнес форумун жана биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.
• Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышта болуп, кыргыз-сауд ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча келишимди кол коюуга даярдоону макулдашышты.
* * *
6 сентября 2022 года в городе Эр-Рияд в рамках своего рабочего визита в Королевство Саудовская Аравия Министр иностранных дел Кыргызской Республики Жээнбек Кулубаев встретился с Председателем Федерации торгово-промышленных палат КСА Ажланом бин Абдулазиз Аль-Ажланом.
• Стороны договорились провести на высоком уровне Второй кыргызско-саудовский бизнес-форум и очередное заседание совместной Межправительственной комиссии в текущем году.
• По итогам встречи стороны договорились поддерживать постоянный контакт и подготовить к подписанию соглашение по созданию кыргызско-саудовского делового совета.

▶️Толук маалымат/Подробнее: 🔗mfa.gov.kg
#тышкысаясат #тышкыиштерминистри #дипломатия #ЖээнбекКулубаев #МИДКР #КыргызскаяРеспублика #КыргызстанСаудовскаяАравия

Address

Жукеева Пудовкина 34
Bishkek
0508474722

Telephone

+996508474722

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Alaka_KG posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share