УВД Ленинского района г.Бишкек

УВД Ленинского района г.Бишкек �ГУВД г.Бишкек
�УВД Ленинского района г.Бишкек
�Московская 203
�Дежурная часть :
�+996(312)35-29-47

07/08/2025

В последнее время случаи мошенничества участились — многие граждане теряют деньги из-за обмана. Мошенники звонят по телефону, создают поддельные сайты и используют социальные сети, чтобы войти в доверие и выманить личные данные или деньги.

Основные схемы обмана:
• Представляются сотрудниками банка или милиции и требуют перевести деньги;
• Поддельные интернет-магазины с подозрительно низкими ценами;
• Сообщения от имени ваших родственников или друзей с просьбой одолжить деньги;
• Обещания быстрого и большого дохода от якобы выгодных инвестиций.

Как защитить себя:
• Никогда не сообщайте свои личные данные (пароли, PIN-коды, SMS-коды);
• Не отвечайте на подозрительные звонки, особенно если требуют деньги;
• Проверяйте сайты перед покупкой — слишком низкие цены должны насторожить;
• Не верьте в «лёгкие деньги» и подозрительные предложения;
• Используйте надёжные пароли и включайте двухфакторную защиту.

Если вы стали жертвой мошенников:
• Немедленно обратитесь в милицию;
• Заблокируйте банковскую карту и проверьте все подозрительные сайты и контакты.

Пресс-служба УВД Ленинского района города Бишкек адрес

05/08/2025

2025-жылдын 2-август күнү болжол менен саат 12:40 чамасында И.Т. аттуу жаран Ленин райондук ИИБге кайрылып, ал башкарып жаткан учурда эки белгисиз аял транспорт каражатынын жүрүшүнө орой түрдө тоскоолдук кылышканын билдирген. Алар сөгүнүп,кийиминен жулмалап, көйнөгүнүн топчусун жулуп алышкан.

Бул факт Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталган. Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Бул окуя боюнча материалдар коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүлүп берилген. Текшерүү учурунда эки аялдын жеке өздүктөрү такталды. Алардын бири — 1965-жылы туулган К.С. аттуу жаран экендиги аныкталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.

Экинчи катышуучу — 1991-жылы туулган К.Т. аттуу жаран боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт. Азыркы учурда ал Бишкек шаарынан сыртта болгондуктан, зарыл болгон процессуалдык аракеттер анын кайтып келгенден кийин жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы
——-
В УВД Ленинского района города Бишкек с заявлением обратился гражданин И.Т., который сообщил, что 2 августа 2025 года примерно в 12:40 две неизвестные женщины, в момент, когда он управлял автобусом, грубо воспрепятствовали движению транспортного средства. Они выражались нецензурной бранью, схватили его за одежду и оторвали пуговицу.

Указанный факт зарегистрирован в АИС ЖУИ УВД Ленинского района города Бишкек. От прохождения судебно-медицинской экспертизы заявитель отказался.

Материалы по данному факту переданы в Службу общественной безопасности для принятия процессуального решения. В ходе проверки установлены личности обеих женщин. В отношении одной из них — гражданки К.С., 1965 года рождения — составлен административный протокол по статье 126 КоАП КР «Мелкое хулиганство», материалы направлены в суд.

В отношении второй участницы , гражданки К.Т. 1991 года рождения, также будут приняты соответствующие меры. В настоящее время она находится за пределами города Бишкек, и необходимые процессуальные действия будут проведены после её возвращения.

Пресс-служба УВД Ленинского района города Бишкек

05/08/2025

Бишкек шаарынын Ленин районунда өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өтүп жатат

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлору өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларын улантууда.

Кезектеги «Өспүрүм — түн» аталышындагы профилактикалык рейд ГОМ-2 аймагында — өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлор өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жаштар көп чогулган жерлерди текшеришти. Ошондой эле кечки жана түнкү убакта өспүрүмдөрдүн коомдук жайларда жүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындай иш-чаралардын максаты — өспүрүмдөрдүн укуктук аң-сезимин калыптандыруу, укуктук маданиятын жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн кароосуздугунун, укук бузууларынын жана кылмыштуулугунун алдын алуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энесинин коштоосуз жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Төрт ата-энеге карата административдик протокол түзүлдү. Бардык өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул багыттагы профилактикалык иштер туруктуу негизде улантылат.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

02/08/2025

Бишкек шаарынын Ленин РИИБге О.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда такси айдоочусу анын дарегине карата сөгүнүү сөздөрүн айткандыгына байланыштуу чара көрүүнү суранган.

Бул факт Ленин райондук ИИБдин МЭДге каттоого алынган.

Милиция бөлүмүнө 1986-жылы туулган А.Г. аттуу жаран жеткирилип, ага Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча административдик протокол түзүлдү.

Урматтуу жарандар!
Биримдикте жашап, бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле кылалы. Коомдук тартипти жана адеп-ахлактык нормаларды сактоо ар бирибиздин милдетибиз.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
———
В УВД Ленинского района города Бишкек с письменным заявлением обратилась гражданка О.Г. с просьбой принять меры в отношении водителя такси, который в её адрес допустил нецензурные высказывания.

Факт зарегистрирован в АИС ЖУИ УВД Ленинского района города Бишкек.

В отделение милиции был доставлен гражданин А.Г., 1986 года рождения, в отношении которого составлен административный протокол по статье 126 Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях («Мелкое хулиганство»).

Уважаемые граждане!
Призываем вас к взаимному уважению и соблюдению норм общественного поведения.

Пресс-служба УВД Ленинского района города Бишкек

02/08/2025

Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

Бүгүн, 2025-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кызматтык формасын жумуш кийимине алмаштырып, тегеректи тазалоого чыгышты. Милиция кызматкерлери бир нече сааттын ичинде тегерек-четин жана иш бөлмөлөрүн тазалап чыгышты.

Милиция кызматкерлери ар бир адамды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырат.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

#КРИИМ
#БШИИББ
#ЛЕНИНРИИБ

01/08/2025

Ленин районунда Ак-Өргө жана Ак-Ордо жашоочулары менен жолугушуу болуп өттү

Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан №84 орто мектебинде шаардык бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен Ак-Өргө жана Ак-Ордо жаңы конуштарынын тургундарынын жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Тариел Айтиев жана Ленин райондук ИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Талгат Омуралиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашоочулар конуштардагы негизги маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, коомдук тартипти сактоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдордун абалы, ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрүн жана сунуштарын билдиришти. Район жетекчилиги ар бир кайрылуу караларын жана айтылаган сунуштар келечектеги иш-пландарга киргизилерин билдирди.

Мындай жолугушуулар жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы байланышты бекемдөөгө, өз ара ишенимди жогорулатууга жана көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.

Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын капитаны Мелис Орозбаев “...
30/07/2025

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын капитаны Мелис Орозбаев “ИИОнун Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн уюштуруунун негиздери” жөнүндө лекция окуду.

Анда милициянын көчмө кабылдамалары республиканын ар кайсы аймактарына чыгып, жарандардын кайрылууларын жеринде кабыл алып, тиешелүү органдарга өз убагында жеткирүү жана маселелерди чечүү боюнча эл үчүн үзүрлүү кызмат өтөп келе жатканы белгиленди.

Бул ишмердүүлүк милиция менен элдин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталгандыгы өзгөчө белгиленди.

Сабак учурунда катышуучуларга көчмө кабылдамалардын ишин уюштуруунун ыкмалары, жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү жолдору тууралуу кеңири маалымат берилип, пайдалуу кеңештер айтылып, суроолорго жооптор берилди.

Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

29/07/2025

Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти камсыздоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүрүп жатат

Бишкек шаарынын Ленин районунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2025-жылдын 17-июлунан тартып Бишкек шаарында “Селсаяк, Тилемчи” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Анын алкагында селсаяктар жана тилемчилер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алардын өздүгүн тактоо жана каттоого алуу, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу иштери аткарылууда.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 29-июлунда Ош базарынын аймагында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузуу жана унааларды туура эмес токтотуу фактылары аныкталды. Ошондой эле чөнтөк уурулуктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Ички иштер органдары шаар тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого чакырат жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга үндөйт.

Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы

Address

Улица Московская, 203
Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when УВД Ленинского района г.Бишкек posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category