Limon Media

Limon Media Limon.kg-ишкердик, билим, IT, карьерадагы чыныгы ийгиликтер тууралуу маалымат порталы

Мектепте окуп жүргөн кезинде эле өз алдынча тил үйрөнүүнү баштаган Бөрүбаев Марлен азыр Түркиянын беделдүү окуу жайларды...
04/07/2025

Мектепте окуп жүргөн кезинде эле өз алдынча тил үйрөнүүнү баштаган Бөрүбаев Марлен азыр Түркиянын беделдүү окуу жайлардын бири - Dokuz EylüI университетинде билим алып жаткан учуру. Ал билим алуу менен гана чектелбестен, өзүн театрдан, көптөгөн иш-чаралардан да сынап көрүүдө. Бул анын тандалма студенттердин арасына кошулуп, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусуна да түрткү берген.

Каарманыбыз алдыдагы пландары, тил үйрөнүүдөгү ыкмалары, Түркиядагы алып жаткан билими жана хоббиси тууралуу Limon.kg медиасына маек куруп берди.

🔗Толук маек: http://limon.kg/ky/news:84278

Мектепте окуп жүргөн кезинде эле өз алдынча тил үйрөнүүнү баштаган Бөрүбаев Марлен азыр Түркиянын беделдүү окуу жайлардын бири - Dokuz EylüI университетинде билим алы...

Компьютердик инженерия багыты боюнча Венгриянын ELTE университетин бүтүргөн Айчүрөк Канатбекова азыр дүйнөгө таанымал Er...
02/07/2025

Компьютердик инженерия багыты боюнча Венгриянын ELTE университетин бүтүргөн Айчүрөк Канатбекова азыр дүйнөгө таанымал Ericsson компаниясынын венгер филиалында программист-инженер болуп эмгектенет. Жалал-Абадда төрөлүп-өскөн Айчүрөк мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп, алгач БААУда окуп, кийин Stipendium Hungaricum программасы аркылуу Венгрияга окууга тапшырган. Ал азыр ошол эле программа менен магистратураны улантып жатат. Венгрияда жашап, билим алуу менен катар иштеп да жаткан Айчүрөк чет өлкөдө окугусу келген жаштарга тажрыйбасын бөлүшүп, англис тилин өнүктүрүп, аракетти токтотпоого чакырат. Маегибизде ал Венгрияга окууга тапшыруу процесси, окуу программасынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Айчүрөк менен болгон маекти Limon Media порталынан окуй аласыздар.

🔗Толук маек:

Компьютердик инженерия багыты боюнча Венгриянын ELTE университетин бүтүргөн Айчүрөк Канатбекова азыр дүйнөгө таанымал Ericsson компаниясынын венгер филиалында прогр....

Кыргызстанда жасалма интеллект жана тил технологиялары жаатында кыргызча тилди анализдеп, синтаксистик жана морфологиялы...
01/07/2025

Кыргызстанда жасалма интеллект жана тил технологиялары жаатында кыргызча тилди анализдеп, синтаксистик жана морфологиялык маалымат бере алган AITilchi платформасы түзүлдү. Бул жаңычыл долбоордун автору – Кыргыз-Түрк Манас университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүн бүтүргөн жалал-абаддык Нуртилек Алибеков. Башында дипломдук иш катары башталган идея, учурда реалдуу иштеп жаткан, коомчулук үчүн ачык жана акысыз платформага айланды. Учурда Нуртилек UlutSoft компаниясында жасалма интеллект боюнча инженер болуп иштейт жана кыргыз тилин санариптик доорго алып чыгууга салым кошууда.

AITilchi аркылуу колдонуучулар сүйлөмдөгү сөздөрдү автоматтык түрдө талдап, алардын грамматикалык формаларын жана түзүмүн аныктай алышат. Платформада синтаксистик талдоо, жөндөмө формаларын көрсөтүү жана AI менен интеграция сыяктуу мүмкүнчүлүктөр каралган. Бул – грантсыз, демөөрчүнүн жардамысыз, автордун өз демилгеси жана чакан командасынын күчү менен жаралган долбоор.

Нуртилек AITilchi’ни келечекте башка ресурсу аз тилдерге да ылайыкташтырып, TILCHI Framework деген глобалдык платформаны түзүүнү максат кылууда. Ал кыргыз тилин технологиялык деңгээлде өнүктүрүү керектигине ишенет. Маегибизде ал долбоордун максаты, ишке ашыруу процесси жана функциялары тууралуу кененирээк айтып берет. Нуртилек менен толук маекти Limon Media порталынан окуй аласыздар.

🔗Толук маек:

Кыргызстанда жасалма интеллект жана тил технологиялары жаатында кыргызча тилди анализдеп, синтаксистик жана морфологиялык маалымат бере алган AITilchi платформасы ....

2025-жылдын 24-29-июнунда Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 15,5 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн Балкандык математ...
01/07/2025

2025-жылдын 24-29-июнунда Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 15,5 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн Балкандык математика олимпиадасынын (JBMO) 29-жыйынына 24 өлкөдөн келген 135 мектеп окуучусу катышты.

Бул олимпиадада Кыргызстандын окуучулары мыкты жыйынтык көрсөтүштү:

🔗Кененирээк:

2025-жылдын 24-29-июнунда Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 15,5 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн Балкандык математика олимпиадасынын (JBMO) 29-жыйынына 24 өлкөдөн кел....

Limon Media бул жолу Ош шаарында ишмердигин жүргүзүп жаткан Uni Language Hub билим берүү борбору менен маектешти. IELTSк...
01/07/2025

Limon Media бул жолу Ош шаарында ишмердигин жүргүзүп жаткан Uni Language Hub билим берүү борбору менен маектешти. IELTSке даярдоого багытталган бул окуу борбордун негиздөөчүлөрү окуучуларды сапаттуу жана системдүү түрдө чет өлкөнүн окуу жайларына ишенимдүү тапшыртууга көмөк көрсөтүп келишет. Бул борборду түптөөчүлөрүнүн бири Элдияр Жээнали IELTSке даярдыктар, тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгү жана келечектеги пландары жөнүндө айтып берип, медиабызда кызыктуу маек курду.

🔗Кененирээк:

Limon Media бул жолу Ош шаарында ишмердигин жүргүзүп жаткан Uni Language Hub билим берүү борбору менен маектешти. IELTSке даярдоого багытталган бул окуу борбордун негиздөөчүлөр....

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган Максатбек Арыкчиев АКШга инженерия жана прог...
30/06/2025

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган Максатбек Арыкчиев АКШга инженерия жана программалоо боюнча мектеп мугалими катары чакыруу алат. Башында жаңы чөйрөгө көнүү оңой болбосо да, убакыттын өтүшү менен мугалимдик ишке кызыгуусу артат жана ал бул тармакта 12 жыл бою үзүрлүү эмгектенет.

Бирок бир нече жыл бою Америкада ийгиликтүү карьера жасап жаткан Максатбек ойлонуп, таразалап көрүп, алган тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуп, мекенинин өнүгүшүнө салым кошууну чечет. Ошентип, ал үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келет.

Азыркы учурда Максатбек Кыргызстанда туруп, АКШдагы Consolidated Electrical Distributors компаниясында программист болуп иштейт. Ал алыстан иштөө форматы аркылуу дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорго катышып, ошол эле учурда өлкөсүндө жашап, балдарын өз тилинде тарбиялап, коомго жакын болууну артык көрөт.

Максатбек Америкадагы ийгиликтүү карьерасын токтотуп, мекенине эмнеликтен кайтып келгенин жана бул кадам анын жашоосунда кандай өзгөрүүлөрдү жаратып жаткандыгы тууралуу төмөндөгү маектен окуңуз.

🔗Толук маек:

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган Максатбек Арыкчиев АКШга инженерия жана программалоо боюнча мектеп мугалими ката....

Гулиза Айткулова — англис тилин өздөштүрүп, FLEX программасы аркылуу АКШда окуп, кийин Түштүк Кореянын алдыңкы университ...
30/06/2025

Гулиза Айткулова — англис тилин өздөштүрүп, FLEX программасы аркылуу АКШда окуп, кийин Түштүк Кореянын алдыңкы университети болгон INHA окуу жайында инженерия тармагында билим алган. Гулиза каалоочуларга англис тилин үйрөтүп, магистратурасын берүү тармагында алууну пландоодо. Каарманыбыздын маеги билимге, тил үйрөнүүгө кызыккан жаштарыбыз үчүн чыныгы шык берүүчү булак болмокчу.

🔗Толук маек:

Гулиза Айткулова — англис тилин өздөштүрүп, FLEX программасы аркылуу АКШда окуп, кийин Түштүк Кореянын алдыңкы университети болгон INHA окуу жайында инженерия тармаг...

Айнур Кыдыралиева — саламаттыкты сактоо тармагында терең билим алып, чет өлкөлөрдө тажрыйба топтогон кыргызстандык илимп...
30/06/2025

Айнур Кыдыралиева — саламаттыкты сактоо тармагында терең билим алып, чет өлкөлөрдө тажрыйба топтогон кыргызстандык илимпоз. Ал чет жерде алган билимин Кыргызстанда колдонуп, саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылып келет.

Мектепти да, жогорку окуу жайын да артыкчылык менен аяктаган Айнур алган билими менен эле чектелип калбастан, Индияда англис тилин тереңдетип окуган. Андан соң билим жолун Польша, Түштүк Корея жана Израиль сыяктуу өлкөлөрдө уланткан.

Бүгүнкү күндө ал Польшада, Варшава университетинде, стипендиялык программа аркылуу илимий изилдөөчү болуп эмгектенүүдө.

Кочкордун Мантыш айылында төрөлүп-өскөн Айнур кантип чет өлкөлөрдө акысыз билим алып, алдыңкы университеттерде окуп, Европадагы илимий мекемелерде иштегенге жетишти?

Билимге умтулган жаштар үчүн чет өлкөлүк стипендия, гранттар тууралуу кеңештерге бай жана жеке тажрыйбасына негизделген жаш илимпоздун кызыктуу маегин Limon Media порталынан окусаңыз болот.

🔗Толук маек:

Айнур Кыдыралиева — саламаттыкты сактоо тармагында терең билим алып, чет өлкөлөрдө тажрыйба топтогон кыргызстандык илимпоз. Ал чет жерде алган билимин Кыргызста....

Барган сайын адамдар нукуралуулукка, жөнөкөйлүккө жана ыңгайлуулукка басым жасап калды. Ага жараша кол өнөрчүлүктүн түрү...
30/06/2025

Барган сайын адамдар нукуралуулукка, жөнөкөйлүккө жана ыңгайлуулукка басым жасап калды. Ага жараша кол өнөрчүлүктүн түрү кайрадан жанданып, жаңы деңгээлге чыгып жаткан учуру. Кезектеги каарманыбыз Дана Оморбаева 8 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен, тактап айтканда токуу менен алектенип ишкердик кылат. Ал акыркы 4 жылда жалаң гана бут кийим токуу менен алектенип келгенин айтат. Бул өнөр Кыргызстанда жаңы гана жайылып жаткан өнөр болгондуктан бут кийимди колдо токуп алса болоорун көпчүлүк биле бербесе керек. Ал тургай жайкы эле бут кийимдерди эмес, кышта кийилчүсүн да токуп алса болот. Алдыда маекте Дана айым менен бирге бут кийим токуу дүйнөсүнө саякат жасайбыз.

🔗Толук маек:

Барган сайын адамдар нукуралуулукка, жөнөкөйлүккө жана ыңгайлуулукка басым жасап калды. Ага жараша кол өнөрчүлүктүн түрү кайрадан жанданып, жаңы деңгээлге чыгып ....

Айдай Садыралиева Бишкек шаарынан болот. Бала кезинен эле чет тилдерге кызыгып, FLEX программасы аркылуу АКШда бир жыл ж...
30/06/2025

Айдай Садыралиева Бишкек шаарынан болот. Бала кезинен эле чет тилдерге кызыгып, FLEX программасы аркылуу АКШда бир жыл жашап келген. КИМЭП университетинде эл аралык мамилелер адистигине толук грант менен окууга өтүп, кийин маркетинг багытына өткөн. Бакалаврды ийгиликтүү аяктагандан кийин Казакстанда иштеп жүрүп, Германиянын өлкөдөгү эң мыкты Колдонмо илимдер университеттеринин бири Hochschule Osnabrückка магистратурага тапшырган.

Учурда ал Берлин шаарында жашап, eBay эл аралык IT-компаниясынын Talent Acquisition тобунда Candidate Experience (Талапкер тажрыйбасы) позициясында иштейт. LimonMediaга берген маегинде КИМЭПке тапшырып грант алганын, Германияда магистратураны кантип тандаганын жана DAAD программасынын жардамы менен кантип окууга мүмкүн болгонун айтып берди. Ошондой эле чет өлкөгө көнүү, эл аралык компанияда иштөө тажрыйбасы менен да бөлүштү.

🔗Толук маек:

Айдай Садыралиева Бишкек шаарынан болот. Бала кезинен эле чет тилдерге кызыгып, FLEX программасы аркылуу АКШда бир жыл жашап келген. КИМЭП университетинде эл аралык ...

Бүгүнкү каарман өзү айткандай, “айылда жылкы кайтарып өскөн карапайым кыргыз балдары” бүгүн дүйнөнүн алдыңкы компаниялар...
27/06/2025

Бүгүнкү каарман өзү айткандай, “айылда жылкы кайтарып өскөн карапайым кыргыз балдары” бүгүн дүйнөнүн алдыңкы компанияларында иштеп, глобалдык экономикага салым кошуп жатканы кубандырбай койбойт. Чет өлкөлөрдө ийгилик жаратып жаткан уул-кыздарыбыз жаштарга дем берип, элдин сыймыгына айланышууда. Демек, айылда алынган билим да өнүккөн өлкөлөрдөгү ири компанияларда атаандаштыкка туруштук бере ала турган мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок мындай ийгилик түнү менен уктабай, күнү менен тыным албай эмгектенүүнүн, үзгүлтүксүз өзүн өнүктүрүүнүн жыйынтыгы экенин унутпоо керек.

Limon'дун бүгүнкү каарманы — Таласта төрөлүп-өскөн Аманбек Бурхан уулу. Ал — кыргыз жаштары үчүн мыкты үлгү, элибиздин сыймыгы болчу инсан. Жаштайынан эле билимге умтулган, аракетчил жана максаттуу окуучу катары айырмаланган.

Социалдык активдүүлүгү менен да көзгө түшкөн Аманбек Польшага барып, бизнес тармагында билим алып, окуусун ийгиликтүү аяктаган. Азыркы тапта магистратурада окуусун улантууда.

Аманбек жүздөгөн талапкерлердин арасынан дүйнөлүк Schneider Electric жана Procter & Gamble компанияларына тандалып, бул ири корпорациялардын катарынан татыктуу орун ала алган.

“Манас” угуп чоңойгон Таластын уулу Аманбектин дүйнөлүк таанылган Procter & Gamble компаниясына кантип кабыл алынганы жана бул жетишкендикке жетүү жолунда кандай сыноолорду баштан кечиргени тууралуу Limon Media порталына жарыяланган маектен окуңуз.

🔗Толук маек:

Бүгүнкү каарман өзү айткандай, “айылда жылкы кайтарып өскөн карапайым кыргыз балдары” бүгүн дүйнөнүн алдыңкы компанияларында иштеп, глобалдык экономикага салым...

Жумагүл Сыдыбаева – Орусиянын Ноябрьск шаарында ийгиликтүү бизнес ачып, аны менен эле чектелбей, мекенине кайтып келген ...
27/06/2025

Жумагүл Сыдыбаева – Орусиянын Ноябрьск шаарында ийгиликтүү бизнес ачып, аны менен эле чектелбей, мекенине кайтып келген кыргыз ишкер айымы. Ал буга чейин Ноябрьск шаарында “Васаби” аттуу суши-барды негиздеп, аны кыска убакыт ичинде ошол аймактагы №1 жайга айланта алган. Эң кызыгы – Жумагүл бул бизнесин 8 айлык кош бойлуу кезинде баштап, оор шарттарга карабай аны ийгиликтүү өнүктүргөн.

🔗Толук маек:

Жумагүл Сыдыбаева – Орусиянын Ноябрьск шаарында ийгиликтүү бизнес ачып, аны менен эле чектелбей, мекенине кайтып келген кыргыз ишкер айымы. Ал буга чейин Ноябрьск...

Address

Чуйкова №93
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

+996555744762

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Limon Media posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Limon Media:

Share