UTRK Чүй

UTRK Чүй Официальная страница УТРК ЧҮЙ

УКМК: Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды            Фиска...
03/09/2025

УКМК: Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды

Фискалдык органдар тутумундагы туруктуу коррупциялык схемаларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин району боюнча салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан.
343-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы «А.Т.Т.»га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору «Ж.Д.»нын берген көрсөтмөсүнө ылайык «A.T.T.» тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн «Т» ЖЧКнын өкүлдөрүнөн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алынган.
Жыйынтыгында «А.Т.Т.» кармалып, КР КЖПК 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда салык кызматынын тутумундагы коррупциялык схеманы жоюуга, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда.

УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы “КОСС" дыйкан  фермердик чарбасы тарабынан мамлекетке 17,34 Га жерди ыктыярдуу ө...
11/06/2025

УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы “КОСС" дыйкан фермердик чарбасы тарабынан мамлекетке 17,34 Га жерди ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө

КР УКМК тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүндөгү "КОСС" дыйкан фермердик чарбасы тарабынан жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.
Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүнүн "КОСС" дыйкан чарбасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жана инвентаризациялоонун жүрүшүндө пайдаланылган жер үлүштөрүнүн бир бөлүгү (жалпы аянты 17,4 Га) КР чегинен чыгып кеткен же каза болгон адамдарга таандык экендиги аныкталган.
КР УКМК мыйзамсыз колдонулган жана менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

https://www.youtube.com/watch?v=CXcD-QPixIU
11/06/2025

https://www.youtube.com/watch?v=CXcD-QPixIU

#УТРКЧҮЙ #ЧҮЙСТВ #Кыргызстанжанылыктары #СТВновости #НовостиКыргызстана #СТВмедиа #Кыргызстан ПОДПИСЫВАЙТЕСЬ НА НАШ YOUTUBE-КАНАЛ!Государственная телерадиок...

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы маркетплейстеги сатуучулар менен жолугушту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салы...
31/05/2025

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы маркетплейстеги сатуучулар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов онлайн соодада документ жүгүртүү маселелерине арналган
иш-чарага катышты.

Жолугушууда Мамлекеттик салык кызматынын, алдыңкы онлайн-платформалардын өкүлдөрү, салык жана бухгалтердик эсептөө жаатындагы адистер, электрондук коммерция
жаатында активдүү иштеген ишкерлер катышты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов электрондук сооданы өнүктүрүү жана өлкөдө салыктык жөнгө салууну жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багыттарды баса белгиледи.

Ал Кыргызстанда онлайн соода өнүгүп жатканын кошумчалады. Күндөн-күнгө керектөөчүлөр көбүрөөк ыңгайлуулукка
жана убакытты үнөмдөөгө байланыштуу маркетплейстер аркылуу онлайн сатып алууларга артыкчылык берүүдө.
Бул өсүштө негизги себеп катары санариптештирүү, интернетке кеңири жеткиликтүүлүк жана логистикалык инфраструктуранын жакшыртылышы саналат.

«Бул сектор жаңы жана ылдам өнүгүүдө, ошондуктан кылдат мыйзамдык жөнгө салууну талап кылган бир катар маселелерди жаратат», — деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси аталган мекеменин диалогго дайыма ачык, сунуштарды угууга даяр экенин
жана ишкерлер менен конструктивдүү кызматташууга умтулганын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар маркетплейстерде иш жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйбаларын бөлүшүп, сатууда кездешкен негизги көйгөйлөрдү ортого салышты.

Мындан тышкары, суроо-жооп сессиясынын алкагында катышуучулар реалдуу учурларды талкуулап, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинен түшүндүрмө алып, электрондук соодадагы салык администрациясын жакшыртуу боюнча демилгелерди көтөрүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар ачык диалогго даярдык, ишкерчилик демилгелерди колдоо
жана электрондук соода тармагында мындан ары да тыгыз кызматташууга кызыкдар экендиги үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Салык кызматы мобилдүү топтор үчүн кызматтык унааларды алдыМамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына кар...
19/05/2025

Салык кызматы мобилдүү топтор үчүн кызматтык унааларды алды

Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата, салык органдарына кызматтык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты.

Өзүнүн сөзүндө Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун негизинде Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөгү «Chevrolet Cobalt» үлгүсүндөгү 65 унаа тапшырылганын белгиледи.

Салык кызматынын башчысы Президентке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов унаалар контрафакттуу жана эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча мобилдүү топтордун ишин жакшыртуу үчүн колдонуларын, ошондой эле көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүүгө салым кошорун белгиледи.

«Бул унаалар жетекчилер үчүн эмес, дал ушул мобилдүү топтордун ишин эффективдүү жүргүзүү үчүн берилди», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Ошондой эле, төрага буга чейин мунай продуктуларына болгон акциз салыгынан мамлекеттик бюджетке 3 млрд 700 млн сом түшсө, милдеттүү маркалоо системасы киргизилгенден бери бул сумма 5 млрд 300 млн сомго жеткенин кошумчалады.

Өткөн жылы мунай трейдерлеринен 8 млрд сом түшсө, азыр бул сумма 12 млрд сомго өстү.

Алмамбет Шыкмаматов бул жыйынтык мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнүн, контрабандага каршы күрөштүн жана салыктык маданиятты жогорулатуунун аркасында ишке ашкандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев биздин экономиканын негизги бөлүгүн салыктык түшүүлөр түзөрүн баса белгилеп, ушул себептен Президент салык кызматкерлеринин өз милдеттерин так жана адилеттүү аткаруусу үчүн бардык шарттарды түзүү тапшырмасын бергенин билдирди.

Иш-чара Салык кызматынын төрагасына унаалардын ачкычтарын тапшыруу менен жыйынтыкталды.

ЧҮЙ:  СУУ ЧАРБАСЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ Чүй облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында суу чарбасы үчүн республик...
11/05/2025

ЧҮЙ: СУУ ЧАРБАСЫНА ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Чүй облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында суу чарбасы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган атайын техникалар көрсөтүлүп, аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча көчмө жыйын өттү.
Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-мартындагы буйругунун негизинде Чүй облустук суу чарба башкармалыгына үч даана ХМ-150 үлгүсүндөгү өзү жүрүүчү жер снаряды менен эки даана атайын техника ташуучу трал сатып алынган.
Аталган снаряддардын бири Москва райондук суу чарба башкармалыгына, экинчиси Жайыл райондук суу чарба башкармалыгына, ал эми үчүнчүсү Чүй облустук суу чарба башкармалыгынын карамагына берилди.
Заманбап техникалар суу чарба системасын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат. Жер снаряддардын жардамы менен сугат каналдарын кыска убакытта тазалап, калыбына келтирүүгө мүмкүн. Натыйжада дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт жаралып, түшүмдүүлүктү артырууга өбөлгө түзүлөт.
Көчмө жыйындын соңунда техникаларды толук жана максаттуу колдонуу, сугат каналдарын өз убагында тазалоону камсыз кылуу, кызматкерлерди кошумча окутуу боюнча милдеттер коюлду.
Белгилей кетсек, Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде айыл чарба тармагын туруктуу жана натыйжалуу өнүктүрүү үчүн техникалык базаны чыңдоо иштери мындан ары да улантылат.

УКМК: Жалал-Абад облусунда КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү баш...
01/05/2025

УКМК: Жалал-Абад облусунда КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери баңги зат менен “подстав” уюштуруп жүргөн жеринен кармалды

КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча далилдерди бурмалоо боюнча КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин кылмыш иштерин аныктады жана аларга бөгөт койду.
Тактап айтканда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А.А. статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында, Жалал-Абад облусунун тургундары Т.у.Т., П.Н.Х. жана эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан А.А.А. аттуу жарандын жардамы менен И.Н.С. аттуу жарандын баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын фиксациялоо боюнча жашыруун ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын өткөрүүнү демилгелешкен.
Аталган адамдар бирдиктүү кылмыштуу бүтүм боюнча аракеттенип, И.Н.С. аттуу жаранга карата, ойдон чыгарылган кылмыштуу иш-аракетке шарт түзүп беришкен.
Тактап айтканда, түзүлгөн планга ылайык, Т.у.Т аттуу жаран милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен Базар-Коргон районундагы кароосуз калган үйлөрдүн бирине «марихуана» баңги затын жашырган.
Андан кийин, И.Н.С. жогорудагы адамдардын пландары жөнүндө маалыматы жок болуп, милиция кызматкери Ю.К.М.нын коштоосунда жогоруда көрсөтүлгөн үйгө келип, ал жерден А.А.А. документтери бар делген (иш жүзүндө баңги каражаттары катылган) желим баштыкты таап, Ю.К.М.га берген.
Бул иш-чара "көзөмөлдөнүүчү сатып алуу" катары таризделип, андан кийин И.Н.С. аттуу жаран 3 айдан ашык убакыттан бери тергөө абагында мыйзамсыз кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н.С. бир нече жолу А.А.А.нын өтүнүчүнүн аткарылышы жөнүндө көрсөтмө берген жана жогоруда көрсөтүлгөн желим баштыгынын мазмуну жөнүндө кабардар болгон эмес, анын көрсөтмөлөрү максаттуу түрдө көңүл сыртында калтырылган, ошондой эле ага карата физикалык жана психологиялык кысым көрсөтүү чараларын колдонуу аркылуу ага баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандыгы жөнүндө моюнга алдыртышкан.
Андан ары И.Н.С. аттуу жаран өзүнүн аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу сот органдары тарабынан толук акталган.
2025-жылдын 24-апрелинде КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана А.А.А., ошондой эле алардын жарандык шериктери Т.у.Т. жана П.Н.Х. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Жалал-Абад облусунда 17 кг гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен эл аралык баңги топтун мүчөлөрү кармалдыКР УКМК м...
01/05/2025

УКМК: Жалал-Абад облусунда 17 кг гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен эл аралык баңги топтун мүчөлөрү кармалды

КР УКМК мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргызстандын түштүк аймактарына жана Өзбекстан Республикасына сатуу үчүн Тажикстан Республикасынан баңгизаттарды жеткирүү каналы түзүлгөндүгү аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылында жана Шамалды-Сай шаарында баңги заттын партиясын ташуу жана сатуу учурунда КР жарандары «К.Х.Ж.», «К.К.Т.», «М.А.М.» жана «У.Ж.У.», ошондой эле кылмыштуу схеманын уюштуруучусу, салмагы 17 кг болгон афган гашишинин ири партиясы менен бирге 1975 ж.т. «Т.К.Б.» кармалды
Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК тарабынан баңги затын сатуу менен алектенген Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш...
01/05/2025

УКМК тарабынан баңги затын сатуу менен алектенген Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери кармалды

КР УКМК Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизат менен күрөшүүчүлөр тарабынан уюштурулган баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн схемасын аныктап, токтотту.
Тактап айтканда, УКМК Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган башкармалыктын ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгүн аныктады. 2025-жылдын 29-апрелинде дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Д.М., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалды. Белгиленген кызматкерлердин жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңги каражаттары табылган.
Иштин материалдарынын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Кармалган милиционерлер Б.Д.М. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М.Б. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
КР УКМК тарабынан КР Ички иштер органдарынын абийирсиз кызматкерлерин аныктоого багытталган тиешелүү иштер улантылууда.
____

Address

Эркиндик,122
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when UTRK Чүй posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category