
30/06/2025
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 28-июнь күнү Чаткал өрөөнүндө алгачкы «Башкы-Терек» ГЭСнин имаратында капсула салуу аземине катышты.
Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. Долбоор Министрлер кабинетинин 2024-жылы 27-августундагы 523-токтомуна ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке онөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жатат. ГЭСтерге «Гран Холдинг» ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал каскад ГЭСтери Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар (Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак, Айгыр-Жал). Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.
Serep.kg