27/06/2025
19-20-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Газпром» дене тарбия ден-соолукту чыңдоо комплексинде, «Кыргызстандын бермети 2025» IX Эл аралык спорттук оюндардын алкагында Олимпиадалык таэквондо боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Бул турнир Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду.
Турнирди Кыргыз Республикасынын Таэквондо боюнча Улуттук федерациясы жана «Ительги» спорт академиясы уюштурду. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Казакстан менен Өзбекстандан келген 800гө жакын спортчу катышты. Мелдештер балдар, өспүрүмдөр, кадеттер, юниорлор жана чоңдор арасында өттү.
Чемпиондук курлар юниорлор жана чоңдор арасында сегиз же андан көп катышуучулар болгон салмактык категорияларда гана тапшырылды. Калган жаш курактык категорияларда байгеге ээ болгондор медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор жана демөөрчүлөр тарабынан берилген баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, «Кыргызстандын бермети» аттуу спорттук оюндар тогузунчу жолу өткөрүлүп жатат, бирок анын программасында Олимпиадалык таэквондо үчүнчү жолу гана киргизилди. Кыргыз Республикасынын Таэквондо академиясынан 26 спортчу катышты. Академиянын машыктыруучулары Убайдула Тохтурбаев, Атай Муратбек уулу, Иман Кенжебаев, Тимур Карибаев жана Кристина Дементьева өз тарбиялануучуларын бул турнирге алып чыгышты.