Reporter.kg

Reporter.kg Интересно и просто о происходящем в Кыргызстане и мире

📲 Жаңылыктарыңызды WhatsApp жана ТГ аркылуу жибериңиздер: +996995232413

🏔️ Талас районунун жаңы акими дайындалды Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Байышбек Астанакулов Талас районунун а...
16/07/2025

🏔️ Талас районунун жаңы акими дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды. Ал мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы милдетке 2025-жылдын 16-июлунда расмий түрдө киришти.

Жаңы дайындоо боюнча тиешелүү тескеме жарыяланды.

➖➖➖

Назначен новый аким Таласского района

Согласно указу, подписанному президентом Садыром Жапаровым, Байышбек Астанакулов освобождён от прежней должности и назначен главой государственной администрации — акимом Таласского района.

Соответствующее распоряжение опубликовано 16 июля 2025 года.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, Байышбек Кахроманович Астанакулов мурдагы кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас районунун мамле....

🏞️ Новопавловкадагы парк курулушунда 31 млн сом ысырап болгон УКМК сейил бак курулушунда ири мыйзам бузуулар аныкталганы...
16/07/2025

🏞️ Новопавловкадагы парк курулушунда 31 млн сом ысырап болгон

УКМК сейил бак курулушунда ири мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Жалпысынан 31,9 млн сом бөлүнгөн долбоор иш жүзүндө талапка жооп бербейт.

Тергөөдө белгилүү болгондой:

– Подрядчы “Орбитал-Строй” сапатсыз курулуш жүргүзгөн;
– Сугат суу ичүүчү түтүккө кошулган, бул экологиялык нормаларга туура келбейт;
– 5,2 млн сом зыян келтирилгени аныкталды;
– “Жашыл чарба” объектти баланска алган эмес — бак кароосуз калган.

Кармалгандар:
— айыл өкмөтүнүн орун басары,
— подрядчы директору,
— техникалык көзөмөл кызматкери.

➖➖➖

В Новопавловке при строительстве парка растрачено 31 млн сомов

ГКНБ сообщил о крупных финансовых нарушениях при строительстве парка. Из 31,9 млн сомов, выделенных на проект, часть средств была растрачена, работы — выполнены некачественно.

По данным следствия:

– Подрядчик «Орбитал-Строй» допустил грубые нарушения;
– Поливная система подключена к питьевой воде — нарушение экологических требований;
– Ущерб составил 5,2 млн сомов;
– Объект не принят на баланс — парк остался без ухода.

Задержаны:
— замглавы айыл окмоту,
— директор подрядной фирмы,
— представитель технадзора.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

УКМК Новопавловка айылындагы сейил бак курулушундагы ири каржылык мыйзам бузуу боюнча үч аткаминердин кармалганын кабарлады. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болго....

🤝 Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугуштуКытайдын Тяньцзинь шаарында тышкы иштер мини...
16/07/2025

🤝 Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугушту

Кытайдын Тяньцзинь шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи жолугушту.

Жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында иран тараптын демилгеси менен уюштурулган.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

➖➖➖

Жээнбек Кулубаев встретился с министром иностранных дел Ирана Аббасом Арагчи

В китайском городе Тяньцзинь состоялась встреча министра иностранных дел Кыргызстана Жээнбека Кулубаева с министром иностранных дел Ирана Аббасом Арагчи.

Встреча была организована по инициативе иранской стороны в рамках заседания Совета министров иностранных дел государств- членов ШОС.

В ходе встречи обсуждены вопросы развития торгово-экономического, транспортного и логистического сотрудничества между двумя странами. Также состоялся обмен мнениями по ситуации на Ближнем Востоке.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Кытайдын Тяньцзинь шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин жолугушуусу болуп өттү. Бул т....

🧱 Ташиев Бишкек мэрин катуу сындады Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Пригородное айылына болгон иш сапарында Бишкек ш...
16/07/2025

🧱 Ташиев Бишкек мэрин катуу сындады

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Пригородное айылына болгон иш сапарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кадр саясаты үчүн ачык сындады.

Ташиевдин айтымында, бул айылдын мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков үч жыл катары менен парк куруу үчүн тендер өткөрүп, ар биринде бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган. Ага эки кылмыш иши козголгон.

Буга карабай, Шеримбеков кийин муниципалдык мүлк башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган. “Сиз конкреттүү коррупционерди шаар мүлкүн караган кызматка коюпсуз”, — деди Ташиев.

Ошол эле жерде Шеримбековду камакка алуу буйругу берилди.

➖➖➖

Ташиев резко раскритиковал мэра Бишкека

Сегодня глава ГКНБ Камчыбек Ташиев во время поездки в село Пригородное подверг жёсткой критике мэра Бишкека Айбека Жунушалиева за кадровую политику.

По его словам, экс-глава села Бакыт Шеримбеков трижды проводил тендер на строительство парка и каждый раз присваивал бюджетные средства. Против него возбуждены два уголовных дела.

Несмотря на это, его назначили руководителем управления муниципального имущества. «Вы поставили откровенного коррупционера на должность, связанную с городским имуществом», — заявил Ташиев.

Прямо на месте он распорядился взять Шеримбекова под стражу.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Пригородное айылын кыдырган учурда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кадр тандоодогу чабалдыгы үчүн ачык сынга алды. Та...

⬆️ Дастан Бекешев чет элдик жарандар үчүн кыймылсыз мүлккө салынган салыкта көтөрүүнү сунуштадыЖогорку Кеңештин депутаты...
16/07/2025

⬆️ Дастан Бекешев чет элдик жарандар үчүн кыймылсыз мүлккө салынган салыкта көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет элдик жарандарга таандык турак жайларга салынган салыкты көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта чет элдиктер, айрыкча кытайлык жарандар турак жайларды массалык түрдө сатып алып жатканы боюнча жарандар көп кайрылууда. Жарандар бул келечекте баалардын өсүшүнө алып келет деп тынчсызданууда.

«Толугу менен тыюу салсак инвестиция жоголот, азыркыдай калтырсак, келечекте кымбатчылык жана нааразычылыктар жаралат. Ошондуктан салыкты көбөйтүү эң ылайыктуу чечим», — деп билдирген депутат.

Бекешевдин айтымында, мындай чара бир катар маселелерди чечет:
- жергиликтүү бюджет толукталат;
- турак жай рыногунун ашыкча кызуулугу басаңдайт;
- жарандарыбыздын кызыкчылыктары корголот.

➖➖➖

Дастан Бекешев предложил повысить налог на недвижимость для иностранных граждан

Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев предложил повысить налог на жилую недвижимость, принадлежащую иностранным гражданам. Об этом он написал на своей странице в Facebook.

По его словам, в последнее время к нему поступает множество обращений от граждан, обеспокоенных массовой скупкой жилья иностранцами, особенно гражданами Китая. Граждане обеспокоены тем, что это в будущем приведёт к росту цен.

«Если полностью запретить, мы потеряем инвестиции. Если оставить всё как есть в будущем возникнут рост цен и общественное недовольство. Поэтому повышение налога наиболее разумное решение», — заявил депутат.

По мнению Бекешева, такая мера позволит решить сразу несколько задач:
- пополнить местный бюджет;
- остудить перегретый рынок жилья;
- защитить интересы граждан страны.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет элдик жарандарга таандык кыймылсыз мүлккө салынган салыкты көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн

🏗️ Бишкектин вице-мэри УКМКга жеткирилди Бүгүн, 16-июлда, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Улуттук коопсуздук...
16/07/2025

🏗️ Бишкектин вице-мэри УКМКга жеткирилди

Бүгүн, 16-июлда, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди.

Ал мыйзамсыз курулуштарды калкалаган, ижара акысы төлөнбөгөн жана документсиз объектилерге уруксат берген деген шек менен кармалууда.

Маалыматка ылайык, ал «Тунгучтагы» жаңы сквер курулушуна тоскоолдук кылган.

➖➖➖

Вице-мэра Бишкека доставили в ГКНБ

Сегодня, 16 июля, вице-мэр Бишкека Жамалбек Ырсалиев был доставлен в ГКНБ.

Его подозревают в содействии незаконным стройкам и выдаче разрешений на объекты без документов и оплаты аренды.

По данным следствия, он мешал сносу построек на месте будущего сквера в микрорайоне «Тунгуч».

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Бүгүн, 16-июлда, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жеткирилди. Ал мыйзамсыз курулуштарды калкалап, докум....

🏭 Быйыл Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 11,7%га өстү2025-жылдын январь-июнь айларында өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшү өткөн жы...
16/07/2025

🏭 Быйыл Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 11,7%га өстү

2025-жылдын январь-июнь айларында өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га өскөн.

Улуттук статистика комитети алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукт 711,2 млрд сомго жеткенин билдирди.

Тармактар боюнча өсүү көрсөткүчтөрү:

🔹 Фармацевтикалык продукцияны өндүрүү 1,7 эсеге көбөйдү;
🔹 Тамак-аш, суусундук жана тамеки өндүрүшү 44%га өстү;
🔹 Резина, пластмасса жана курулуш материалдары — 33,2%;
🔹 Жыгач, кагаз жана полиграфия — 31,4%;
🔹 Химиялык продукциялар — 24,5%;
🔹 Мунайзаттарды кайра иштетүү — 17%;
🔹 Пайдалуу кен казуу — 10,8%га жогорулаган.

➖➖➖

В этом году промышленное производство в Кыргызстане выросло на 11,7%

В январе-июне 2025 года объём промышленного производства в стране увеличился на 11,7% по сравнению с аналогичным периодом прошлого года.

По предварительным оценкам, валовой внутренний продукт (ВВП) составил 711,2 млрд сомов. Об этом сообщили в Национальном статистическом комитете.

Рост по отраслям:

🔹 Производство фармацевтической продукции выросло в 1,7 раза;
🔹 Производство пищевых продуктов, напитков и табачных изделий увеличилось на 44%;
🔹 Производство резины, пластмассы и строительных материалов — на 33,2%;
🔹 Производство изделий из древесины, бумаги и полиграфия — на 31,4%;
🔹 Химическая продукция — на 24,5%;
🔹 Переработка нефтепродуктов — на 17%;
🔹 Добыча полезных ископаемых выросла на 10,8%.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандагы өнөр жай өндүрүшү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га өскөн. Алдын ала баалоо боюнча ички дүң про...

🚧 Ташиев мыйзам бузуу фактысы боюнча Новопавловкага барды Бүгүн, 16-июлда, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Новопавловка а...
16/07/2025

🚧 Ташиев мыйзам бузуу фактысы боюнча Новопавловкага барды

Бүгүн, 16-июлда, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Новопавловка айылындагы сейил бактын курулушуна байланыштуу мыйзам бузуу фактылары боюнча жеринде таанышып чыкты.

Курулуш сапатсыз аткарылып, бюджеттик каражаттар максатсыз сарпталган. Ташиев эл менен жолуккандан кийин айыл өкмөтүнүн башчысы жана курулушка жооптуу кызматкерлер камакка алынды.

➖➖➖

Ташиев выехал в Новопавловку из-за нарушений на стройке парка

Сегодня, 16 июля, глава ГКНБ Камчыбек Ташиев ознакомился на месте с фактами нарушений при строительстве парка в селе Новопавловка Сокулукского района.

Обнаружено некачественное выполнение работ и нецелевое использование бюджетных средств. После встречи с жителями задержаны глава айыл окмоту, подрядчики и технадзор.

Следствие продолжается.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Бүгүн, 16-июлда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Новопавловка айылындагы сейил бак курулушундагы мыйзам бузуу фактылары менен жеринде таанышып чык...

🛑 Өткөн жылы Кыргызстандын санкциялык тизмесине 39 адам киргизилгенКыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы 2024-жылы ...
16/07/2025

🛑 Өткөн жылы Кыргызстандын санкциялык тизмесине 39 адам киргизилген

Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы 2024-жылы каржылык бузуулардын негизинде 1,8 млрд сомдон ашкан каражатты тоңдуруп, операцияларды токтоткон.

Жыйынды санкциялык тизмеге 39 адам киргизилип, 584,1 миң сомго жакын сумма тоңдурулган. Ал эми токтотулган операциялардын көлөмү 1,24 млрд сомдон ашкан.

2024-жылы жалпы 966,4 миң шектүү каржылык операциялар тууралуу билдирүү түшкөн. Анын ичинен:

— 952,1 миңи кылмыштуу кирешелерди адалдоого,
— 317си терроризмди каржылоого,
— 781,9 миңи жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө,
— 25,3 миңи мурда соттолгон жарандарга байланыштуу болгон.

➖➖➖

В прошлом году в санкционный список Кыргызстана были включены 39 человек

Служба финансовой разведки Кыргызстана в 2024 году в связи с финансовыми нарушениями заморозила средства и приостановила операции на общую сумму свыше 1,8 млрд сомов.

В сводный санкционный перечень были включены 39 лиц, сумма замороженных средств составила около 584,1 тысячи сомов. Объём приостановленных операций превысил 1,24 млрд сомов.

В 2024 году поступило в общей сложности 966,4 тысячи сообщений о подозрительных финансовых операциях. Из них:

— 952,1 тысячи касались отмывания преступных доходов,
— 317 финансирования терроризма,
— 781,9 тысячи операций с участием стран с высоким уровнем риска,
— 25,3 тысячи операций, связанных с лицами, ранее осуждёнными за экономические преступления или экстремизм.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Кыргызстандын Финансылык чалгындоо кызматы 2024-жылы каржылык бузуулардын негизинде жалпы суммасы 1,8 миллиард сомдон ашкан каражаттарды тоңдуруп, операцияларды то...

🧃 Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо талабы 2026-жылга жылдырылдыМамлекеттик салык кызматы таңг...
16/07/2025

🧃 Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо талабы 2026-жылга жылдырылды

Мамлекеттик салык кызматы таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо талабы 2026-жылдын 1-январына жылдырылганын билдирди.

Мөөнөттү жылдыруу чечими суунун эң көп керектелүүчү мезгилинде өндүрүү жана импортту үзгүлтүккө учуратпоо максатында, ошондой эле көп сандаган кайрылууларды эске алуу менен кабыл алынган.

Белгиленгендей, бул аралыкта эсепке алуу-контролдоо маркалары жок сатылган жана жүгүртүлгөн таңгакталган сууга карата айып санкциялары колдонулбайт.

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинети 2025-жылдын 15-июлунан тарта аталган товарларды милдеттүү түрдө маркалоо тууралуу токтом кабыл алган эле.

➖➖➖

Требование обязательной маркировки минеральной и газированной воды перенесено на 2026 год

Государственная налоговая служба сообщила, что срок обязательной маркировки упакованной воды, включая минеральную и газированную, контрольными (учётными) марками перенесён на 1 января 2026 года.

Решение о переносе было принято с целью недопущения сбоев в производстве и импорте воды в период её наибольшего потребления, а также с учётом большого количества обращений от предпринимателей.

Отмечается, что в указанный период не будут применяться штрафные санкции за продажу и реализацию упакованной воды без контрольных марок.

Напомним, ранее Кабинет Министров принял постановление о введении обязательной маркировки указанных товаров с 15 июля 2025 года.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милде....

💥 Орусиялык аскерлер Өзбекстанга машыгууга барышты Борбордук аскер округунун 201-орусиялык аскер базасынын бөлүктөрү Өзб...
16/07/2025

💥 Орусиялык аскерлер Өзбекстанга машыгууга барышты

Борбордук аскер округунун 201-орусиялык аскер базасынын бөлүктөрү Өзбекстанда өтө турган «Хамкорлик-2025» биргелешкен машыгууларга катышуу үчүн келишти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Аскерлер Тажикстан менен Өзбекстандын тоолуу аймактарынан 300 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүп келишти. Жолдо БТР-82А, «Урал» жана КАМАЗ базасындагы техникалар колдонулган.

Тактикалык машыгуулар 15–21-июль күндөрү өтөт.

➖➖➖

Российские военные прибыли в Узбекистан для учений

Подразделения 201-й российской военной базы Центрального военного округа прибыли в Узбекистан для участия в совместных учениях «Хамкорлик-2025». Об этом сообщило Министерство обороны России.

Военнослужащие преодолели более 300 км по горной местности Таджикистана и Узбекистана на бронетехнике БТР-82А, грузовиках «Урал» и технике на базе КАМАЗа.

Тактические учения пройдут с 15 по 21 июля.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Борбордук аскер округунун 201-орусиялык аскер базасынын бөлүктөрү Өзбекстанга «Хамкорлик-2025» аттуу биргелешкен тактикалык машыгууларга катышуу үчүн келишти. Бул ....

🏞️ Жарым жылда туризм тармагынан 160 млн сомдон ашык салык түшкөнҮстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында туризм тармагы...
15/07/2025

🏞️ Жарым жылда туризм тармагынан 160 млн сомдон ашык салык түшкөн

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан өлкө казынасына 160,6 млн сом салык түштү.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер алты эседен ашык көбөйгөн.

2020–2024-жылдар аралыгында жалпысынан 1,1 млрд сом салык чогултулган.

➖➖➖

За полгода от туризма поступило более 160 миллионов сомов налогов

В период с января по июнь текущего года в государственный бюджет от туристической отрасли поступило 160,6 млн сомов налогов.

По данным Налоговой службы, за последние пять лет налоговые поступления от туристического сектора в Кыргызстане выросли более чем в шесть раз.

В общей сложности за 2020–2024 годы было собрано 1,1 млрд сомов налогов.

#Бишкек #БилимБерүү #Жаңылык

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан өлкө казынасына 160,6 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы ...

Address

Frunze

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Reporter.kg posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Reporter.kg:

Share

REPORTER KG

Reporter.kg – информационное агентство оперативных онлайн-новостей Ежедневно мы публикуем на двух языках – русском и кыргызском – наиболее важные новости о происходящих в Кыргызстане и мире событиях, готовим аналитические материалы, визуальный контент и эксклюзивные интервью с интересными людьми из мира политики, экономики, социальной сферы, спорта и других сфер жизни.

Основная аудитория сайта – кыргызстанцы в возрасте от 18 до 64 лет, интересующиеся происходящими в стране событиями. Нас читают не только в Кыргызстане. В топ-10 стран, интересующихся новостными материалами Reporter.kg, входят также Россия, США, Казахстан, Канада, Турция, Украина, Южная Корея, ФРГ и Узбекистан.