АПТА бейтарап маалымат дареги

  • Home
  • АПТА бейтарап маалымат дареги

АПТА бейтарап маалымат дареги СМИ

Жогорку Кеңеш эки айлык тыныгууга кеттиЖогорку Кеңеш эки айлык тыныгууга кетти. Бүгүн Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 4...
26/06/2025

Жогорку Кеңеш эки айлык тыныгууга кетти

Жогорку Кеңеш эки айлык тыныгууга кетти. Бүгүн Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 4-сессиясын жабылды.
Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, эми депутаттар бир ай шайлоочулар менен жолугуп иштешет, бир ай эмгек өргүүсүндө болот.
Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, 4-сессия маанилүү, орчундуу, олуттуу окуялар менен коштолду. Кыргызстанга бир катар өлкөлөрдүн парламенттеринин делегациялары расмий сапарлары менен келди. Июлда Кытай Эл Республикасынын парламентинин төрагасы келгени жатат. Жогорку Кеңештин төрагасы жетектеген делегация бир катар өлкөлөргө расмий сапарлар менен барды. Эл өкүлдөрү көптөгөн маанилүү мыйзамдарды кабыл алышты.
“Борбор Азияда тынчтыктын орношуна жана аймактын экономикалык жактан өнүгүүсүнө 7-чакырылыштын депутаттарынын чоң үлүшү бар. Анткени эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселесине чекит коюлду. Мында эл өкүлдөрүнүн, президент Садыр Жапаровдун, өкмөттүк комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эмгеги өтө зор.
Ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзамды кабыл алдык. Бул мыйзамдын иштешине зор өбөлгө түзөт. Кайсы чакырылыш мындай ишти кылды эле. Мен муну мактануу, сыймыктануу менен айта алам”, - деди төрага.

Кыргызстанда ОСАГО полисин алгандардын саны өсүүдөӨлкөдө унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу...
26/06/2025

Кыргызстанда ОСАГО полисин алгандардын саны өсүүдө

Өлкөдө унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) алгандар көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалында 204 полис берилди. Бул унаа ээлеринин мыйзам талабын өз убагында аткарууга болгон аракетин көрсөтөт.

Мындан тышкары, 26-июнга карата республика боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

Нарын облусунда – 550 полис;
Ош облусунда – 2 014 полис;
Баткен облусунда – 971 полис;
Талас облусунда – 575 полис.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму калкты ОСАГО боюнча маалымат алуу жана полис сатып алуу үчүн облустагы жана райондордогу бардык филиалдарга кайрылууга чакырат. Белгиленгендей, бардык кеңселер кеңейтилген тартипте, айрымдары 24/7 режиминде иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу» тууралуу мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.

Минскиде IV Евразия экономикалык форуму башталдыМинск шаарындагы Эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразия экономикалык ф...
26/06/2025

Минскиде IV Евразия экономикалык форуму башталды

Минск шаарындагы Эл аралык көргөзмө борборунда IV Евразия экономикалык форуму башталды. Иш-чара Евразия экономикалык биримдигинин (ЕЭБ) мамлекет башчылары катышкан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына карата өткөрүлүп жатат. Форум 2025-жылы ЕЭБ органдарында Беларусиянын төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.
Башкы тема – "Евразия экономикалык интеграциясынын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечек".
Форумдун программасында алты ири тематикалык блок каралган. Алар 35 иш-чараны камтыйт. Ага 33 өлкөдөн 2,7 миңден ашуун киши катышары күтүлүүдө. Өз ара кызматташуунун бардык тармактары камтылган. Анда каржы, өнөр жай жана агрардык сектор, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана ветеринария, ЕАЭБдин ички рыногун өнүктүрүү, соода, транспорт, бажы жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алуулар, статистика жана башка багыттар бар.
ЕЭФ-2025 Евразия мейкиндигиндеги эл аралык кызматташуунун маанилүү окуясы болору күтүлүүдө.

Кондиционерден абайлаңыз! Ден соолукка тийгизген таасирлериКондиционердин кеспетинен ден соолукка бир топ  көйгөйлөр жар...
26/06/2025

Кондиционерден абайлаңыз! Ден соолукка тийгизген таасирлери

Кондиционердин кеспетинен ден соолукка бир топ көйгөйлөр жаралат. Алар жөн гана суук суук тийүү эмес:
Сасык тумоо
Биринчи жана эң айкын - гипотермия. Ысык көчөдөн кийин, мүмкүн болушунча тезирээк салкын болгуңуз келет, кээ бир адамдар эң төмөнкү температураны күйгүзүшөт.
Басым
Бөлмөдө жана андан тышкары температуранын кескин өзгөрүшү менен байланышкан дагы бир натыйжа баарына тиешелүү эмес. Бирок, өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн олуттуу көйгөйлөргө айланышы мүмкүн.
Далыдагы оору
"Үкүл" дайыма эле суук эмес, булчуңдардын сезгениши да болушу мүмкүн, бул миозит деп аталган. Балким, көбүңүздөр гипотермиядан кийин моюндагы же белдеги бул ооруну билесиздер.

Бишкекте курал-жарактар катылган жай табылдыБишкекте курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар каты...
26/06/2025

Бишкекте курал-жарактар катылган жай табылды

Бишкекте курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жашыруун жай «ИГИЛ» террористтик уюмунун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, ИИМдин атайын каттоосунда турган 1981-жылы туулган «Тоха» каймана аты менен белгилүү жаран тарабынан уюштурулган.
Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Баңгизаттар менен мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте техникалык каражаттарды колдонуу менен төмөндөгүлөрдү аныкташкан:
• 3 даана тротил шашкасы,
• Сериалык номери жок, октолбогон 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасы (ПМ),
• 5 даана кол граната,
• Ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар,
• Р.А. аттуу жаранга таандык күбөлүк,
• Камчы Көлбаев жана анын жансакчысы менен бирге түшкөн түстүү сүрөт.

Иранга  соккуларды Японияга ташталган атомдук бомбага  салыштыргандарга жооп келди Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсимас...
26/06/2025

Иранга соккуларды Японияга ташталган атомдук бомбага салыштыргандарга жооп келди

Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсимаса Хаяси АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк объекттерине жасалган соккуларды Хиросима жана Нагасакиге ташталган атомдук бомбалар менен салыштырган билдирүүсүнө маалымат жыйынында комментарий берди.
Япон саясатчысы тарыхый окуяларга баа берүү эксперттердин иши экенин белгиледи.
«Атомдук бомба чабуулун башынан өткөргөн дүйнөдөгү жалгыз өлкө катары Япония өзөктүк курал алып келген кыйроолор эч качан кайталанбашы керек деп ишенет. Ошондой өзөктүк куралсыз дүйнөнү түзүүгө багытталган ишин улантат. Ал эми тарыхый окуяларга баа берүү адатта адистер тарабынан жүргүзүлөт»,-деди Хаяси.
Трамп Ирандын өзөктүк объекттерине америкалыктардын чабуулун Хиросима менен Нагасакиге ташталган атомдук бомбалар менен салыштырган.

Путин Бразилияга БРИКС саммитине барбайт Россиянын президенти Владимир Путин Бразилияда өтө турган БРИКС саммитине барба...
26/06/2025

Путин Бразилияга БРИКС саммитине барбайт

Россиянын президенти Владимир Путин Бразилияда өтө турган БРИКС саммитине барбайт. Анткени Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) тарабынан камакка алуу коркунучу бар.
Бул тууралуу президенттин жардамчысы Юрий Ушаков маалымдады.
"Президент саммиттин негизги иш-чараларына видеобайланыш аркылуу катышат. Бул Эл аралык кылмыш сотунун талаптарына байланыштуу айрым кыйынчылыктар менен байланыштуу. Сиздер билесиздер, дал ушул маселеде Бразилия өкмөтү биздин президентке бул жыйынга катышууга жол бере турган так позицияны кармана алган жок",-деди Ушаков.
Саммитке Россия тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат.

Бүгүн Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына келдиПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда Жогорку Евразия экономика...
26/06/2025

Бүгүн Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) келди.
Мамлекет башчысынын учагы Минск шаарынын улуттук аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Беларустун премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Лула да Силва Трампка интернетте аз отурууну сунуштадыАКШнын президенти Дональд Трамп интернетте жана социалдык тармакта...
26/06/2025

Лула да Силва Трампка интернетте аз отурууну сунуштады

АКШнын президенти Дональд Трамп интернетте жана социалдык тармактарда убакыт өткөргөндүн ордуна мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын аткарууга көбүрөөк көңүл бурушу керек.
Мындай пикирин Бразилиянын лидери Луис Инасиу Лула да Силва билдирди.
"Бул тынч эмес дүйнөдө АКШ сыяктуу чоң өлкөнүн президенти болуп туруп, ал эмне айтып жатканын ойлонушу керек. Интернетте аз отуруп, мамлекет башчысынын милдеттерин аткарууга көбүрөөк убакыт бөлүшү керек",-деди ал.
Бразилиянын президентинин айтымында, Трамп ошондой эле эркин сооданы өнүктүрүүгө, көп тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана тынчтыкка жетүүгө көбүрөөк көңүл бурушу зарыл.

Кыргыз күрөш боюнча улуттук курама команда III Дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарга ээ болушту Кыргыз Республикасынын...
26/06/2025

Кыргыз күрөш боюнча улуттук курама команда III

Дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн III Дүйнөлүк чемпионатта 10 медаль (9 алтын, 1 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спортт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Алтын медалдын ээлери:
60 кг Толубай Шүкүров;
72 кг Назарбек Космосбек уулу;
78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
90 кг Азизхан Мусабек уулу;
96 кг Асанкелди Нурказым уулу;
Бактыяр Мирлан уулу (абсолюттук салмак);
60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
+66 кг Айжан Анарбекова.
Коло ээси:
66 кг Арлен Эстебесов.
Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Кыргызстан менен Малайзия бир нече документке кол койдуБүгүн, 25-июнда президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкаг...
25/06/2025

Кыргызстан менен Малайзия бир нече документке кол койду

Бүгүн, 25-июнда президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрү өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров жана Анвар Ибрагим стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Андан тышкары эки өлкө бир нече документке кол коюлду:

Туризм тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;
Дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;
Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;
Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
"Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин...
25/06/2025

Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Address


Alerts

Be the first to know and let us send you an email when АПТА бейтарап маалымат дареги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

  • Want your business to be the top-listed Media Company?

Share