Kloop Кыргызча

Kloop Кыргызча «Клооп» маалымат порталынан көз карандысыз, такталган маалыматтарды окуй аласыз.

Сот «Клооптун» бир нече кызматкеринин банктык эсебин бөгөттөдү «Клоопто» бүгүнкү күндө иштеп жаткан төрт кызматкердин ба...
17/07/2025

Сот «Клооптун» бир нече кызматкеринин банктык эсебин бөгөттөдү

«Клоопто» бүгүнкү күндө иштеп жаткан төрт кызматкердин банктык эсеби бөгөттөлдү.

17/07/2025

Сот «Клооптун» бир нече кызматкеринин банктык эсебин бөгөттөдү

«Клоопто» бүгүнкү күндө иштеп жаткан төрт кызматкердин банктык эсеби бөгөттөлдү. Банктык эсептерди бөгөттөө тууралуу токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту июлдун башында чыгарган. Бул тууралуу маалыматты банктар берди, соттун токтому редакциянын колуна тие элек. Банктык эсептердин бөгөттөлүшү «Клооптун» мурдагы жана учурдагы иштеп жаткан кызматкерлерине карата Улуттук коопсуздук комитети козгогон массалык башаламандыктарга чакырык жасоо боюнча ыктымал кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн.

«Клооптун» редакциясын бийлик бир нече жылдан бери куугунтуктап келет — басылманын сайты УКМКнын талабы менен бөгөттөлгөн, прокуратуранын жана соттун чечими менен редакциянын юридикалык жактарынын бири — «Клооп Медиа» коомдук фонду жабылган. Ал эми 2025-жылы майдын аягында күч түзүмдөрү мурда иштеп кеткен жана учурда иштеген бир нече кызматкерди кармаган.

Кармалгандардын экөө — азыркы жана мурдагы операторлор — «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип УКМКнын ТИЗОсунда.

«Клооптун» видеооператору Александр Александров менен мурдагы оператору Жоомарт Дуулатов УКМК кызматкерлери 28-майда кармаган. Күч кызматкерлери алардын үйүн тинтип, техниканы алып, өздөрүн суракка алып кеткен. Кийин убактылуу кармоочу жайга камап, бир күн кечке адвокаты жок суракка алышкан. Адвокаттарды УКМКнын имаратына киргизбей коюшкан. 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык өткөн отурумда эки жигитти 21-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камоо чечимин кабыл алган. Кийин шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. ТИЗОдогу Александровго бир топко чейин адвокаты киргизилген эмес. УКМК муну жаңы имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат деп түшүндүргөн.

Ошондой эле, 28-29-май күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында «Клооптун» дагы үч азыркы жана мурдагы журналисти жана аларды коштоп жүргөн эки досу кармалган. Алардын баары алты саат адвокатсыз суракка алынган — бул Жазык процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп эсептелет. Кийин кармалгандардын бешөө бошотулган.

Андан тышкары басылманын кеңсе-менеджери менен эсепчиси сурак берип, үйлөрүндө тинтүү жүргөн.

«Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин кармалышын укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар сынга алышкан. Анын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) бар. Уюмдар «Клооптун» кармалган кызматкерлерин бошотууга жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

15/07/2025

Ош: Мэрия «Келечектин» соодагерлеринен жаңы базарга көчүүнү кайрадан талап кылды

Ош мэриясы «Келечек» базарынын администрациясына соодагерлерди шаар четиндеги жаңы курулган муниципалдык базарга көчүрүү талабын жөнөттү. Документке 15-июлда вице-мэр Адилет Шаршеналы уулу кол койгон.

Анда буга чейин шаар бийлиги калаанын борборундагы базарлардын баарын чет-жакадагы жаңы курулган муниципалдык базарга көчүрүү боюнча иш алып барып жатканы айтылып, буга чейин «Келечектин» соодагерлерине көчкүлө деген эскертүү берилгени баса белгиленет.

«{...} “Келечек” соода борборунун ишкерлери жакынкы күндөрү Б. Осмонов көчөсүндөгү жаңы курулган муниципалдык базарга көчүшү зарыл экендигин билдиребиз. Мындан сырткары, жакынкы аралыкта жол тыгын маселесин жоюу максатында тиешелүү иштер аткарылаарын, суу, электр энергиясы өчүрүлөөрүн маалымдайбыз», — деп эскертишти мэриядан.

Ош бийлиги май айында Оштогу базарлар толугу менен муниципалдык базардын аймагына көчүрүлө турганын айткан. Айрым ишкерлерди бул кабар нес кылган.

«Келечектин» соодагерлери шаар мэриясынын алдына митингге чыгып, маалымат жыйын өткөрүп, бийликтин мындай талабы менен макул эмес экенин айтышкан. Алар он миңдеген доллар каражат салып иштетип жаткан Оштун борборундагы орундарынан кетүүнү каалашпайт. Анда 1200гө чукул адам эмгектенет.

Соодагерлер алардын чыгашасын эч ким төлөп бербейт деген оюн айтып, талапты жокко чыгарууну же насыяга алынган товарды сатып түгөтүү үчүн көчүү мөөнөтүн артка жылдырууну суранып келишет. Болбосо соодагерлер банкрот болуп, Орусияга барып иштөөгө аргасыз болушат.

Бирок Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев «Келечек» көчмөйүн шаар четиндеги жаңы ири базар расмий ачылбай турганын айтууда.

«Келечектин» соодагерлеринин айтымында, жаңы базардын инвесторлору павильондорду чарчы метрин 1500 доллардан сатып алууну сунуштап жатышат. Бир соода оруну 10 миң доллардан 15 миң долларга чейинки ири суммага айланат. Соодагерлердин көпчүлүгүндө мындай каражат жок. Ошондой эле, алар павильондордун өздүк наркы мындан кыйла арзан экенин айтышууда.

Оштун бийлиги өз кезегинде сатуучуларга орток пикирге келүүнү сунушташкан: жаңы базардан павильон сатып алуунун ордуна, алардын контейнерлерин ошол жакка алпарып берет. Бирок бул сунуш деле аларды сүйүндүргөн жок. Соодагерлердин айтымында, кардарлар мындай алыска кийим алганы барыштан зеригип, маркетплейстер менен соода борборлорун тандашы мүмкүн.

15/07/2025

Сот активист Тилекмат Куреновду дагы эки айга ТИЗОдо камакта калтырды

2025-жылдын 15-июлунда Бишкектин Ленин райондук соту активист Тилекмат Куреновдун камактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Турдиевге таянып «Азаттык» жазды.

Кыргызстандын бийлиги Куренов 19-апрелде Бириккен Араб Эмираттарында кармалып, өлкөгө экстрадицияланганын айтып келет. Бирок туугандары анын 10-апрелден бери дайынсыз жоголгонун айтышкан.

Ал БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан берилген качкын макамын алууга документтери бар экенине карабастан, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Бул кадамды укук коргоочулар эл аралык «кайтарбоо» принциптеринин бузулушу катары баалашкан.

Кыргызстанга келгенден кийин Куреновго социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө байланыштуу бийликти күч менен басып алууга чакырган деген айып коюлуп, ал бир айга камалган. Аны менен катар дагы беш адам кармалган. Арасында укук коргоочу Рита Карасартова да бар. СИЗОдогы Карасартованын иши купуя деп табылган.

Тилекмат Куренов — 2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык акцияларынан кийин белгилүү болгон кыргыз активисти жана блогери. Ал азыркы бийликтин бир катар чечимдерин ачык сындап келген.

Президенттин иш башкаруучусунун бөлөсү Баатырбек Жантаев Балыкчыга мэр болду. Буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө бир н...
14/07/2025

Президенттин иш башкаруучусунун бөлөсү Баатырбек Жантаев Балыкчыга мэр болду. Буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө бир нече жолу Жантаевдин аты аталган. Мисалы, мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлор Кыргызстандын президентинин айланасындагы адамдарга тийип жатканы тууралуу OCCRP, Temirov Live жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсү.

14/07/2025

Президенттин иш башкаруучусунун бөлөсү Баатырбек Жантаев Балыкчыга мэр болду

Президент Садыр Жапаров 14-июлда Балыкчы шаарынын мэрин алмаштырган буйрукка кол койду. Бул кызматты эки аптага жетпеген аралыкта аркалаган Султан Кермалиевдин ордуна Баатырбек Жантаев дайындалды.

32 жаштагы Баатырбек Жантаевди Балыкчы мэриясынын жамаатына президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен өлкө башчысынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Жетигенов тааныштырды.

Жаңы калаа башчыны тааныштырып жатып, Туманбаев, буга чейин журналисттер болжоп жаткан Жантаев экөөнүн туугандыгын ырастады. Дайындалган мэр — Туманбаевдин бөлөсү. Буга чейин ал иш башкаруучунун ишенимдүү адамы катары белгилүү болчу.

«Бизге президент ушундай тапшырма берди. Балыкчы шаарына бир млрд сом бөлдү, баарын Балыкчы шаарына жумшагыла. Элдер көзөмөл кылып турат. Туура эмес иштесе жоопко тартылат. Эч кандай тууган-билиш деген болбойт. Мен муну жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам, президентибиз ушундай тапшырма койду», — деп эскертти Туманбаев бөлөсүнө.

Буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө бир нече жолу Жантаевдин аты аталган. Мисалы, мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлор Кыргызстандын президентинин айланасындагы адамдарга тийип жатканы тууралуу OCCRP, Temirov Live жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсү. Материалда мамдолбоорлорду ишке ашыруу Туманбаевдин, айрымдары Жапаровдун жакындарына караштуу компанияларга тийгени айтылат.

Ошондой эле Жантаев тууралуу «Азаттык» Бишкектеги жаңы Ак үйдүн курулушуна Туманбаевдин катыштыгы бар экени тууралуу иликтөөсүндө жазган. Анда журналисттер мамлекет куруп жаткан объектилердин көпчүлүгүндө Жантаевди көрүшкөнүн, ал эми мурда Туманбаев жетекчилик кылган компаниялардын айрымдарын Жантаев жетектеп жатканын жазышкан. Андан тышкары Жантаевдин ысмы Factcheck.kg командасынын «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасындагы коррупция тууралуу иликтөөсүндө белгиленет.

Жантаев кызматка дайындалгандан кийин, президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбуктагы барагына пост жазып, аны «чарба иштерине бышкан, тажрыйбалуу менеджер катары тааныйм» деп белгилеген.

«Адаттагыдай иликтеп, ар кандай маалыматтарды жазып, кимдир бирөөгө жабыштырып манипуляция кылгандар дагы чыкпай койбойт. Ошондуктан мен алдын-ала эле айтып коеюн. Баатырбек Жантаев Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин шакирти. Уюштуруу жана чарба иштеринде өзү тарбиялап бышырган. Иш Башкаруучу азыр кандай ыкчам иштеп жатса, Жантаев дагы андан кем калышпай иштей турган кадр. Тажрыйбасы мол, энергиясы ашып турган чагы», — деп мүнөздөдү Орунбеков Балыкчынын жаңы мэрин.

Буга чейин Жантаев «Кыргыз темир жолу» ишканасында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болчу.

Садыр Жапаров бийликке келгени досу Арзыбек Буркановдун уулунун ишкерлик жаатындагы таланттары ачылып кеткенин буга чейи...
11/07/2025

Садыр Жапаров бийликке келгени досу Арзыбек Буркановдун уулунун ишкерлик жаатындагы таланттары ачылып кеткенин буга чейин жазган элек.

Бул жолу дагы «Клооп» менен Temirov LIVE бир топ кызыктуу маалыматтарды таап чыгышты: Азат Бурканов өнөктөштөрү менен Кыргызстанда эки чакан-ГЭС куруп, бери дегенде дагы экини куруп жатат. Бул өздөрү үчүн аябай кирешелүү бизнес — мамлекет үчүн өтө чыгашалуу.

Бизди колдоп кетсеңиз болот.
Иликтөөлөр көп убакытты жана каражатты талап кылат. Бирок биз Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча чындыкты айтууну уланта беребиз.
Patreon: http://patreon.com/kloop

Жапаровдун досунун баласы чакан-ГЭС куруп жатат Президенттин досу жана мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун баласы өнөк...
11/07/2025

Жапаровдун досунун баласы чакан-ГЭС куруп жатат

Президенттин досу жана мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун баласы өнөктөштөрү менен бирге 2 чакан-ГЭС курду. Бери дегенде дагы эки ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу «Клооп» менен Temirov LIVE аныктап чыкты.

Биз Азат Буркановго таандык 10 компанияны аныктадык. Булардын негизги ишмердүүлүгү — электр энергиясын иштеп чыгуу. Компаниялардын тогузу 2021-жылдан кийин, президенттике Жапаров келгенден тартып каттоодон өткөн.

Мында Буркановдун уулунун өнөктөшү — Нурсултан Чилтенов. Коомдук активист Эрлан Бекчоро Чилтеновду туңгуч президент Аскар Акаевдин агасынын уулу, Садыр Жапаровдун кудасы деп атаган.

Чакан ГЭСтер — инвесторлор үчүн пайдалуу бизнес. Мамлекет алардан энергияны жогорулатылган «жашыл» тариф менен сатып алат — 1 кВт саат үчүн 4,42 сом. «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкери Улан Кылышбековдун айтымында, мындай тариф менен чакан ГЭС 6-8 жылда өзүн актай алат. Андан соң чоң киреше алып келе баштайт, анткени электр энергиясынын өздүк наркы 0,6дан 1 сомго чейин болот.

Бирок мамлекет үчүн бул чыгаша, анткени өкмөт карапайым калкка электрди 1,37 сомдон, өндүрүшчүлөргө — 3,34 сомдон сатат. Айырмачылыкты жарандардын салыгы менен толуктайт.

Бул Буркановдун үй-бүлөсү мамлекеттин жардамы менен киреше тапкан жалгыз булак эмес. Бийликке Садыр Жапаров келгенден бери Арзыбек Бурканов менен анын жакындары мамлекеттик тендерлерди утуп, президент уруксат берген казинону биринчилерден болуп куруп, бийликтин каарына калган бизнесмендердин менчик мүлкүнө ээ боло башташкан.

Бул тууралуу кененирээк видеодон көрүп болот.

Садыр Жапаров бийликке келгени досу Арзыбек Буркановдун уулунун ишкерлик жаатындагы таланттары ачылып кеткенин буга чейин жазган элек. Бул жолу дагы «Клооп» ...

11/07/2025

Президенттин досу жана мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун баласы өнөктөштөрү менен бирге 2 чакан-ГЭС курду. Бери дегенде дагы эки ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу «Клооп» менен Temirov LIVE аныктап чыкты.

Садыр Жапаров бийликке келгени досу Арзыбек Буркановдун уулунун ишкерлик жаатындагы таланттары ачылып кеткенин буга чейин жазган элек.

Бул жолу дагы «Клооп» менен Temirov Live бир топ кызыктуу маалыматтарды таап чыгышты: Азат Бурканов өнөктөштөрү менен Кыргызстанда эки чакан-ГЭС куруп, бери дегенде дагы экини куруп жатат. Бул өздөрү үчүн аябай кирешелүү бизнес — мамлекет үчүн өтө чыгашалуу.

Бизди колдоп кетсеңиз болот.
Иликтөөлөр көп убакытты жана каражатты талап кылат. Бирок биз Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча чындыкты айтууну уланта беребиз.
Patreon: http://patreon.com/kloop

Урматтуу президент Жапаров! Биз сизге «Клоопту» куугунтуктоону токтотуңуз деген талап менен кайрылсак деле болмок. Бирок...
10/07/2025

Урматтуу президент Жапаров!

Биз сизге «Клоопту» куугунтуктоону токтотуңуз деген талап менен кайрылсак деле болмок. Бирок, анын мааниси деле жоктой. Анткени эркин басма сөздүн, жарандык коомдун, ал гана эмес өз жарандарыңыздын пикирине дагы көңүл кош экениңизди жашырган жоксуз — эл аралык коомчулуктун реакциясын сөз кылбай деле койсок болот.

Ошентсе да, сиз көңүл кош карабай турган бир тема бар: бул сиз. Ошондуктан дагы бул колонка «Клооп» эмес, сиз жөнүндө. Тагыраак айтканда — сиздин башыңыздан айлана баштаган «кара булут» жөнүндө.

http://bit.ly/4koH6ip

Бизди колдоп кетсеңиз болот.
Иликтөөлөр көп убакытты жана каражатты талап кылат. Бирок биз Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча чындыкты айтууну уланта беребиз.
Patreon: http://patreon.com/kloop

creating journalism investigations in Kyrgyzstan

Адвокат «Клооптун» операторун үй камагына чыгарууну суранды УКМКнын ТИЗОсундагы «Клооптун» оператору Александр Александр...
10/07/2025

Адвокат «Клооптун» операторун үй камагына чыгарууну суранды

УКМКнын ТИЗОсундагы «Клооптун» оператору Александр Александровду үй камагына чыгарууну суранышты. Мындай өтүнүчтү президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Александровдун адвокаты Кайсын Абакиров жолдоду.

Адвокаттын фейсбуктагы барагына жарыяланган кайрылууда, «Александр — таланттуу адис, бир үй-бүлөнүн жоопкерчиликтүү кожоюну жана өз чөйрөсүндө кадыр-баркы бар инсан» экени белгиленип, ушул тапта анын үй-бүлөсү «моралдык жана эмоционалдык оор абалда» экени кошумчаланган. Ошондой эле Александровдун келинчеги банктардын биринен алынган насыяны өзү жалгыз төлөй албастыгы баса белгиленген.

Андан тышкары, кайрылууда Александров ден соолугуна байланыштуу аскердик милдетин аткаруудан дагы бошотулганы, ТИЗОдо кармалганы анын саламаттыгына кедергисин тийгизип жатканы белгиленген.

«Биз Александров бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырган материалдарды даярдоого катыштыгы жок деп эсептейбиз. Ал видео оператор, материалдын мазмунун редактирлөөгө тиешеси жок, анын милдети тек гана иштин техникалык бөлүгүнө байланышкан. Пландоого катышкан эмес, редакциялык саясатты аныктоого аралашкан эмес, редакциянын атынан материал жарыялоого тапшырма бере алмак эмес жана журналист катары эч жакта сөз сүйлөгөн эмес», — дейт адвокат.


Абакиров Александровдун чет өлкөдө жүргөн Болот Темиров, «Клооп Медиа» жана «Коомар Медиа» коомдук фондуларынын негиздөөчүлөрү менен эч кандай байланышы болбогонун, «Клоопто» эмгек келишиминин негизинде иштеп келгенин айтат.

«А.Н.Александровдун ишин сотто бардык процессуалдык нормаларды жана укуктук стандарттарды эске алуу менен, дыкат жана акыйкат карап берүүнү, ошондой эле анын иш-аракеттеринин жалпыга зыян келтире турган натыйжасы жок экенин эске алуу менен, тергөө жана сот отуруму аяктаганга чейин үй камагына чыгарып берүүнү суранабыз. Александров процесстин жүрүшүнө эч кандай таасир эте албайт жана тергөө жана сот менен активдүү кызматташып келет. Үй камагына чыкса ден соолугун оңдоп, үй-бүлөсүнө жардамдашып, өзүн актоого камдана алмак», — деп айтылат катта.

«Клооптун» видеооператору Александр Александровду УКМК кызматкерлери 28-майда «массалык баш аламандыктарга чакырууга» шектеп кармаган. Ошол эле күнү басылманын мурдагы оператору Жоомарт Дуулатов дагы кармалган. Күч кызматкерлери алардын үйүн тинтип, техниканы алып, өздөрүн УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүнө жеткиришкен. Суракка адвокаттар киргизилген эмес. 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 21-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камоо чечимин кабыл алган. Кийин шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Ошондой эле, 28-29-май күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында «Клооптун» дагы үч азыркы жана мурдагы журналисти жана аларды коштоп жүргөн эки досу кармлаган. Алардын баары алты саат адвокатсыз суракка алынган — бул Жазык процессуалдык кодексин одоно бузуу болуп эсептелет. Кийин кармалгандардын бешөө бошотулган.

Андан тышкары басылманын кеңсе-менеджери менен эсепчиси сурак берип, үйлөрүндө тинтүү жүргөн.

«Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин кармалышын укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар сынга алышкан. Анын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) бар. Уюмдар «Клооптун» кармалган кызматкерлерин бошотууга жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

30/06/2025

Сот «Апрель» телеканалынын соцтүйүндөрдөгү баракчаларын бөгөттөсө, басылма жабылууга даяр

«Апрель» телеканалы окурмандары менен көрөрмандарына кайрылып, басылма ишин токтотушу мүмкүн экенин билдирди.

«2025-жылдын 4-июлунда Октябрь райондук соту биздин редакцияны жабуу жана соцтүйүндөрдөгү баракчаларыбызды бөгөттөө тууралуу прокуратуранын доо арызы боюнча чечим чыгарат. Чечим кандай болсо да, биз аны аткарарыбызды буга чейин билдиргенбиз. Анын биздин пайдабызга болбой турганынын ыктымалдуулугу 99% түзөт», — деп билдирди телеканал 28-июнда.

«Апрель» телеканалы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда эле басымга кабылган. Анда телеканалдын кеңсесине мөөр басылып, эфирге чыгуу укугунан ажыратылган. Басылма кийин бул укукту сот аркылуу калыбына келтире алган. Ал кезде телеканал Жээнбековдун президент болушуна жардам берген мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен байланышта болуп турган. Жээнбеков президенттикке киришкенден жарым жыл өткөндөн кийин эки саясатчы ачык каршылаша баштаган.

Телеканал жабдууларынын камакка алынганына карабастан, соцтүйүндөр жана YouTube аркылуу Кыргызстандагы окуяларды чагылдырууну уланта берген. Каналдын редакциясы эки жылдан ашык убакыттан бери мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен эч байланышы жок экенин белгилеп келген.

Бирок 2025-жылы апрелде прокуратура телеканалдын эфирге чыгуу лицензиясын жокко чыгаруу жана соцтүйүндөрдөгү баракчаларын бөгөттөө өтүнүчү менен сотко кайрылган. Доо арызда телеканалдын мүлкү 2019-жылы эле камакка коюлганы, бирок канал эфирге чыгуусун улантып жатканы белгиленген. Ошол эле маалда телеканал эфирге чыгуу укугун Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, 2020-жылы декабрда соттун чечими менен алган.

Телеканалга коюлган айыптар эксперттер чыгарган корутундуга негизделген. Анда алар басылманын алып баруучуларын сатира жана мимика колдонгону үчүн сындап, басылманын материалдары «бийликтин аброюна шек келтирерин» белгилешкен. Телеканалдын иши боюнча сотто сүйлөгөн эксперттердин айрымдары буга чейин «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу ишинде да эксперт болушкан. Сот алар чыгарган экспертизалардын негизинде фондду жоюу чечимин кабыл алган.

«Апрель» телеканалы соттун тиешелүү өкүмүнөн кийин ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин Кыргызстанда көз карандысыз ЖМКлар менен айрым журналисттерге жасалып жаткан үзгүлтүксүз басымдын фонунда кабыл алды — өлкөдө кабарчылар негизинен жапырт башаламандыктарга байланышкан иштер боюнча кылмыш куугунтугуна кабылууда.

Address

Frunze

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Kloop Кыргызча posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Kloop Кыргызча:

Share