13/07/2025
Кыргызстан суу башы өлкө, бирок…
Эл башы болгончо суу башы бол !
Кыргызстан — тоолордун жана суулардын өлкөсү. Адистердин баамында, Борбордук Азиядагы бардык суу ресурстарынын 50 пайызына чукулу биздин аймакта пайда болот. Кыргызстанда эң көп суулуу дарыя — Нарын — Теңир-Тоонун мөңгүлөрүнөн башталып, капчыгайлар менен өрөөндөрдү аралап агып, чек арадан тыштагы миллиондогон адамдардын жашоосун камсыздайт.
Суу социалдык-экономикалык гана эмес зор геосаясий мааниге да ээ.
Парадокс: Кыргызстан Нарын дарыясынын суусунун болгону 2 пайызга жакынын гана калкка жана айыл чарбасына пайдаланып жатат. Калган бөлүгү негизинен гидроэнергетикага жумшалат. Ал эми ошол эле убакта калкка ичүүчү жана сугатка суу жетишпейт. Миндеген гектар түшүмдүү жерлер суусуз иштетилбей жатат.
Биз Нарындан кудай берген, эл аралык келишимдер кепилдеген өз үлүшүбүздү алууга милдеттүүбүз
Таш-Көмүр менен Майлуу-Суунун ортосунда — суу күтүп жаткан өрөөн бар
Сөз Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынын ортосунда, Нарын жана Майлуу-Суу дарыяларынын ортосунда жайгашкан плато тууралуу болуп жатат.
Бул аймак батыш жана түштүк тарабынан Нарын дарыясынын сол жээгиндеги канал менен, чыгыштан Майлуу-Суу дарыясы менен, ал эми түндүгүнөн Кудук-Сай кургак сайы менен чектелет.
Географиялык жана инженердик жактан — бул жаңы ирригациялык доорду баштоого эң ылайыктуу жер.
Платонун мүнөздөмөсү:
• Аянты: 10–13 миң гектар сугатка жарамдуу жерлер;
• Табигый жантайма: негизинен түштүк тарапка — самагандап суу бөлүштүрүүгө ыңгайлуу;
• Курпсай ГЭСинен гравитациялык деңгээлде — болжол менен 724 м бийиктикте жайгашкан.
Кийинки этапта: Нокен жана Базар-Коргон райондоруна суу жеткирилип, кошумча дагы 40-50 миң гектар жер айыл чарба жүгүртүүсүнө тартылат. Ошондой эле 30% калк таза суу менен камсыз болот .
Курпсай ГЭСинен суу берүү долбоору: платодон — өрөөндөргө чейин
Бул долбоорду мурдагы депутат Акылбек Арстанбеков сунуштаган жана аны Президент Садыр Жапаров колдогон. Президенттин тапшырмасы менен Өкмөт бул долбоордун үстүнөн иштеп жатат.
Долбоор төмөнкүлөрдү карайт:
• Узундугу 2–3 км болгон, диаметри 2 м чейин жеткен тоннелдерди куруу;
• Гравитациялык ыкма — суу өз нугунда агып жеткирилет;
• Насостук станциялар — кошумча багыттар үчүн гана жана басымды жөнгө салуу максатында колдонулат.
Бул бир жолку эле иш чара эмес — бул жаңы улуттук суу саясатынын системалуу багыты.
Бул эмне үчүн мүмкүн ?
Нарын дарыясында буга чейин ири гидроэлектр станциялар каскады курулган:
• Токтогул ГЭСи —плотина бийиктиги 215 м, деңиз деңгээлинен 880 м;
• Курпсай ГЭСи — плотина бийиктиги 113 м, деңиз деңгээлинен 724 м;
• Таш-Көмүр ГЭСи — плотина бийиктиги 75 м, деңиз деңгээлинен 665 м.
Суу буга чейин эле керектүү бийиктикке көтөрүлгөн. Эми аны жөн гана платого, өрөөндөргө, талааларга гана туура бөлүштүрүү керек.
Тарыхтагы мисалдар: мындай көйгөйлөрдү мурда да чечишкен
• Ирандагы кяриздер — 2,5 миң жыл мурда эн узуну 70 км ге чейин болгон жер астындагы суу каналдары-тоннелдер курулган;
• Рим акведуктары — кее бирлери 91 кмге чейин созулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат;
• Ливиядагы Улуу Кол Суу долбору — 1980-жылдары 2800 км жер астынан трубалар менен суу тартылган.
Эгер муну байыркы доордо технологиясыз эле жасай алышкан болсо — анда азыркы заманда, биздин шартта бул жон эле жасалат.
Суу — жөн гана ресурс эмес
Бул — өмүр,
Бул — эгемендик,
Бул — кийинки муундар алдындагы милдет.
Эгерде Муамар Каддафи чөлдө суу тарткан болсо,
эгерде миндеген жыл мурун аскадан тоннелдер казылган болсо, чункур колоттордон көтөрмө арыктар ( акведуктар) курулган болсо,
эгерде бүгүн деңиз түбү аркылуу суу, нефт-газ түтүктөрү тартылып жатса —
анда биз да, өз жерибизде, өз суубуз менен, өз элибиз үчүн бул ишти кылууга милдеттүүбүз.
Суу — жаныбызда.
Жер — даяр.
Эл — кутуп жатат.
Эмне кылыш керек?
Суу стратегиясы улуттук багыт болсун
Кыргызстанга убактылуу кампания эмес, узак мөөнөттүү, туруктуу жана мамлекетке мүнөздүү суу стратегиясы керек.
1. Улуттук программа: «Суу — биздин байлык».
Бюджети, кадрлары жана саясий эрки бар атайын Окмоттук программа кабыл алуу.
2. Суулар жана өрөөндөр боюнча интерактивдүү карта.
Бардык дарыялар, платолор, потенциалдар боюнча санариптик база — пландоого жана инвесторлорго жеткиликтүү болсун.
3. Нарын менен эле чектелбеш керек.
Программа четке чыккан бардык дарыяларга ( Нарын,Чаткал, Кара-Үңкүр, Ала-Бука, Сары-Жаз, Сох ж.б.) куйган сууларды толук камтып, башаттардан баштап магистралдык агымдарга чейин колдонуу.
4. 50 жылдык башкы план
Эки муунду камтыган суу каналдарынын, дамбалардын, тоннелдердин курулушу боюнча иреттүү стратегия түзүү.
Биз бал аарылардай же кумурскалардай — туруктуулук жана тукумдан тукумга өткөн аракет менен дамбалар, суу түтүктөрүн тартып, суу түйүндөрүн куруп турушубуз керек.
5. Заманбап сугат технологояларын жайылтуу
Тамчылатып, жаандатып, жер астындагы системалар менен суугаруу ыкмаларын жайылтуу — субсидия, лизинг жана окутуу менен коштолсун.
6. Суу дипломатиясын бекемдөө
Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын суу кызыкчылыгын коргоо.
Корутунду
Таш-Көмүр менен Майлуу-Суунун ортосундагы плато — бул башталышы гана.
Андан кийин — Нокен жана Базар-Коргон өрөөндөрү. Андан соң — бүтүндөй Кыргызстандын суу артериясы.
Анын артында — түшүм, жумушчу орундар, продукцияны экспорттоо жана азык-түлүк коопсуздугу турат.
Кыргызстан өз суусун —
өз келечегин —
өз колуна алышы керек.
https://24.kg/ekonomika/335945_voda_kotoruyu_myidoljnyi_vzyat_ostrategicheskom_znachenii_reki_naryin/