Аймак.Kg

Аймак.Kg Общественно- политическая газета "АЙМАК" (Сайт: aimak.kg)

Бүгүн, Бишкекте биринчи жолу президенттин медиа жана журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи ...
17/12/2024

Бүгүн, Бишкекте биринчи жолу президенттин медиа жана журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышууда.

Белгилей кетсек, “Мейкин” сыйлыгынын негизги максаты — өлкөдөгү медиа жана журналистика тармагын өнүктүрүү, кесипкөйлүктү жана чыгармачылык активдүүлүктү көтөрүү. Сыйлык журналисттердин эмгектерин баалап, аларды стимулдаштырууга багытталган.

Бул сыйлык Кыргызстанда журналисттердин жана медиа тармагынын ийгиликтерин белгилеп, жаңы жакшы салтты баштап бере турган маанилүү кадам болуп саналат.

Сыйлыктын байге фонду 10 млн сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сый акы тапшырылары күтүлүүдө.

Булак: кабар кж

Жалал-Абадда 32 жаштагы кишинин сөөгү таштанды таштаган жерден кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган. Маркумдун өлүмү...
16/12/2024

Жалал-Абадда 32 жаштагы кишинин сөөгү таштанды таштаган жерден кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган. Маркумдун өлүмүнө шектелип, 18 жана 20 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Жалал-Абад ОИИБне, Сузак районунун 27 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1992-ж.т. М.М. аттуу жолдошу, 2024-жылдын 21-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жаткандыгын айтып кайрылган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2024-жылдын 13-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылынын таштанды таштаган жардын ичинен белгисиз жарандын жансыз денеси кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган.

2024-жылдын 14-декабрь күнү жансыз дене таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, аны таанып кароо жүргүзүү максатында, арыз менен кайрылган 1997-ж.т. К. кызы М. алып келген учурда, ал жансыз дене 1992-ж.т. М.М. аттуу дайынсыз болуп жаткан жолдошу экендигин кийип жүргөн кийимдеринен таанып билген. Ал эми кароо учурунда жансыз дененин алтымыш жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

2024-жылдын 14-декабрь күнү кылмышка шектүү катарында Жалал-Абад шаарынын 2006-ж.т. Д.Х. жана 2004-ж.т. М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр менен каза болгон жарандын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестиктер пайда болгондугу жана дагы бир жарандын окуяга катыштыгы бар экендиги маалым болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЖарлыкка...
16/12/2024

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жарлыкка, президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылында жайгашкан Асан Шеркулов атындагы мектептин курулушу аяктап ачылыш аземи б...
16/12/2024

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылында жайгашкан Асан Шеркулов атындагы мектептин курулушу аяктап ачылыш аземи болду. Мектеп 225 орундуу болуп салынып, ага облустук өнүктүрүү фондунан 46 млн сом каржыланган.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков мындан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Асел Сансызбаева жана мектептин педагогикалык жамааты, жергиликтүү тургундар да катышты.

Мектептин курулушу 2023-жылдын апрель айында башталган. Азыркы учурда курулуш иштери аяктап, имарат толук ачылды. Окуучуларга заманбап билим алууга шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле республикалык бюджеттен 3100 метр жаңы асфальт жол төшөлүп, айылдын тургундарынын жол маселеси чечилди.

Жергиликтүү тургундар айылдыктардын көйгөйүн орундатууга жакындан көмөк көрсөткөндүгү үчүн эл өкүлү Айбек Алтынбековго терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек депутат Айбек Алтынбеков мектептин пайдубалын түптөөгө өз эсебинен 100 миң сом каражат берип, жолдун курулушун ишке ашырууга көмөктөшкөн.

Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо  районунда жайгашкан  №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккан өрт саат 22:28де толу...
16/12/2024

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккан өрт саат 22:28де толугу менен өчүрүлдү. Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүдө куткаруучулардын ыкчам аракети менен мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды.

Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп жана парта, ж.б. эмеректери чыгарылып, алып чыгарылып, учурда Тогуз-Торо району боюнча ӨКБнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрт болгон жерге тийиштүү кароолорду жүргүзүү менен өрттөн келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын Арал айылында курулуп жаткан эки кабаттуу мектептин имарааты салынып, учурда чаты...
16/12/2024

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын Арал айылында курулуп жаткан эки кабаттуу мектептин имарааты салынып, учурда чатыры жабылууда. Бул тууралуу Токтогул шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Жапаров Садыр Нуркожоевичтин, министрлер кабинетинин биринчи орун басары Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин өлкө аймагында жүргүзүп жаткан ырааттуу саясатынын алкагында өлкө аймагында мектептердин, бала-бакчалардын абалын жакшыртууга болгон алгылыктуу иштерге күбө болуудабыз.

Бүгүнкү күнү Арал айылындагы Тешебаев мектебинин эки кабатту жаңы имаараты салынып, учурда чатырын жабуу иштери уланууда.

Илгертен келген салт насилге ылайык бүгүнкү күнү Арал айылынын жамааты жаңы мектеп имаараттынын чатырын көтөрүү иш-чарасына кан-чыгарып бата тилешти. Эли жерибизге ынтымак каалап , мектеп имаратынан жалан мекенчил уул-кыздар тарбияланып, элибизге күйүмдүү, ыймандуу жаштар чыгуусуна дуба кылышып алакан жайышты.

Аны менен бирге ушул мектептин салынышына салымы тийип, көмөктөшкөн бардык жетекчиликке, ишти аткарууга алган уста жигиттердин өмүрүнө береке тилеп, ыраазычылык айтышты.

Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн...
16/12/2024

Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 16-декабрда саат 09:30дө алынды.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 19:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилген.

ЖАЛАЛ-АБАДДА “БИЗ БААРЫБЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ КЫСКАРТУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮБҮЗ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ12-де...
12/12/2024

ЖАЛАЛ-АБАДДА “БИЗ БААРЫБЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ КЫСКАРТУУ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮБҮЗ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

12-декабрда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Биз баарыбыз үй-бүлөлүк зомбулукту кызкартуу үчүн жоопкерчиликтүүбүз” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Маалыматты Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, Жала-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жөнүндө сөз болуп, окуучулар тарабынан даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, монологдор окулду. Мындан сырткары, мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн үй-бүлөлүк зомбулуктун балдарга тийгизген терс таасирин чагылдырган видеороликтер боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты роликтерди даярдаган окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

12-декабрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев жардамга...
12/12/2024

12-декабрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Буга чейин, 2024-жылдын 28-октябрында 1989-жылы туулган Н.Жүдөмүшова аттуу жаран 4 бир тууганы ( 4 кыз 1 уул) менен турак жайы жок батирлеп жашап жүрүшкөндүгүн, 2002-жылы туулган жалгыз иниси 1-топтогу майып, көзү азиз экендигин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган.

Аталган бир туугандардын атасы 2012-жылы, ал эми апасы 2007-жылы ооруудан улам каза болгон. Бул аралыкта Н.Жүдөмүшова бир туугандарын өзүнүн карамагында багып чоңойткон. Жүдөмүшованын туруктуу жумушу жок, учурда идиш жууп күнүмдүк тиричиликке акча табат. Иниси майып болгондуктан, аны дарылоого да каражаты жетишсиз.

Ал эми бир туугандар турак жай маселесин чечүүдө буга чейин бир нече жерге кайрылып көргөн, бирок жыйынтык болгон эмес.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж бир туугандарга керектүү шарттары бар батирдин ачкычын тапшырып, жылуу каалоо тилектерин айтып өттү.

Өз кезегинде Н.Жүдөмүшова жана анын бир туугандары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак жайлуу болууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Баткен облусунун Зардалы айылына  10-декабрда электр жарыгы берилди.Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдир...
11/12/2024

Баткен облусунун Зардалы айылына 10-декабрда электр жарыгы берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилди.

Саамалыкка энергетика министри Таалайбек Ибраев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер катышып, айыл элинин кубанычына ортоктош болушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.

Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди.

Өлкө башчысынын айылга сапарынан соң, бир ай аралыгында уюлдук байланыш да жеткирилип, тургундар өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык желелерде тарап жаткан 5 жашар кыздын чарчап калгандыгы тууралуу кабар боюнч...
10/12/2024

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык желелерде тарап жаткан 5 жашар кыздын чарчап калгандыгы тууралуу кабар боюнча төмөнкүлөрдү малымдайт.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча бул окуя 2024-жылдын 22-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон.

Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет.

Эске сала кетсек, азыркы учурда ар бир бала бакчада баланын өмүрүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында комплекстүү окутуулар, семинарлар өткөрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынууда.

Address

Улица Пушкина
Jalal-Abad

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Telephone

+996770810032

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Аймак.Kg posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Аймак.Kg:

Share