Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору, Media/News Company, Талас, Talas.

Бүгүн, 21-майда  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Талас облусун...
21/05/2025

Бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Талас облусуна келип, облустун өнүгүү программасынын багыттары менен таанышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна да катышып, Талас облусундагы саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Дарыгерлердин жетишсиздиги жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды ортого салды.

ӨРТ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАН ҮДТ ИМАРАТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕТ27-январда  КР  Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өк...
29/01/2025

ӨРТ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАН ҮДТ ИМАРАТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕТ

27-январда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов Боо-Терек айылындагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына келип, тилсиз жоого кабылган имараттын абалы менен таанышты.

Бүгүнкү күндө, ҮДТнын эски имаратын калыбына келтирип, чатырын жабууга Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети тарабынан 30 000 сом акча каражаты бөлүндү. Мындан тышкары, имарат камсыздандырылгандыктан мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан дагы төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Эске салсак, 2025-жылдын 22-январь күнү Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №9 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имаратынын чатырынан өрт чыгып, өрт өчүрүү бөлүмү тарабынан өчүрүлгөн.

КРВИ ЖАНА САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗКРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сакт...
28/01/2025

КРВИ ЖАНА САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

-коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

Бүгүн, 24-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Талас облустук башкармалыгынын  жыйын залында саламатт...
24/01/2025

Бүгүн, 24-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Талас облустук башкармалыгынын жыйын залында саламаттык сактоо тармагынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча медициналык кеңеш өттү.

Медициналык кеңешке КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.

Кеңешмеде Талас облустук саламаттык сактоо мекемелеринин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, анда бир катар жетишкендиктер менен көйгөйлөр айтылды.

Урматтуу Бакай-Ата  районунун тургундары!Азыркы учурда өлкө аймагында курч респиратордук вирустук инфекциялардын  (КРВИ)...
16/01/2025

Урматтуу Бакай-Ата районунун тургундары!

Азыркы учурда өлкө аймагында курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жайылышы күч алууда.

Бул инфекция бардык курактагы адамдарга өз таасирин тийгизет. Ал эми 5 жашка чейинки балдарда жана улгайган адамдарда КРВИнин симптомдору көбүрөөк байкалат.

Андыктан ар бир жаранды өз саламаттыгына кам көрүүгө чакырабыз. Эгер оорунун симптомдору байкалса жакынкы медициналык мекемеге (ҮДТ, ФАП) кайрылуу зарылдыгын эскертебиз.

Белгилей кетсек, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция – бул вирустук оорулардын тобу. Ал жогорку дем алуу жолдорун жабыркатат. Бул ооруга сасык тумоо, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык инфекция кирет. Оору аба жолдору менен жугат. Оорунун белгилери: мурундун бүтүшү, тамактын кычышуусу, жөтөл, чыйрыгуу, баш оору, булчуңдардын ооруксунуусу, ичтин өтүшү, кусуу эсептелет.

Суук мезгилде, сезондук оорулардын ортосунда иммунитеттин нормалдуу иштешин кантип камсыз кылуу керек?1. Жумасына жок де...
17/12/2024

Суук мезгилде, сезондук оорулардын ортосунда иммунитеттин нормалдуу иштешин кантип камсыз кылуу керек?

1. Жумасына жок дегенде 3 жолудан 30 мүнөттөн кем эмес көнүгүү жасаңыз.

2.Аба ырайына жараша кийиниңиз. Кийим кыймылга тоскоол болбошу керек. Эгерде сиз тердеп жатсаңыз, анда ГИПОТЕРМИЯ коркунучу бар.

2.Көбүрөөк кыймыл-аракет жасаңыз. Түшкү тыныгуу учурунда сейилдеңиз, мүмкүн болсо эскалатор же лифт эмес, тепкичтер менен түшүп-чыгыңыз.

3.Сыртта сейилдөө бизге жетиштүү кычкылтек алууга, маанайды жакшыртууга мүмкүндүк берет. Күз жана кыш мезгилдеринде организмге табигый жарык керек — ал иммунитет үчүн маанилүү болгон D витаминин өндүрүүгө жардам берет.

4. Толук кандуу уйку (чоң адамдар үчүн суткасына эң аз 7-8 саат уктоо керек). Иммундук системаны активдүү кармоо үчүн уйку да абдан маанилүү экендигин эстен чыгарбайлы.

5. Жетиштүү деңгээлде суу ичүү. Мурундун, ооздун жана көздүн былжыр челдери организмдин инфекциялардан коргойт, аларда козгогучтарга каршы антителолор бар. Эгер былжыр челдер кургап калса, коргоочу тосмолор (барьер) өз ишин аткара албай калат.

6. Абдан суук мезгилде да жашаган жериңизди күнүнө бир нече жолу желдетип туруңуз.

7. Колду бат-баттан жууп, көзгө, оозго жана мурунга тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Болбосо, козгогучтар организмге оңой эле кирип кетиши ыктымал.

8. Тамекини таштаңыз. Тамеки чеккен адам дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына чалдыгат, бул оорулар кыш мезгилинде оңой жана тез эле күчөп кетиши мүмкүн.

9. Ичкиликти азайтыңыз. Алкоголду зыянсыздандыруу үчүн организм көптөгөн витаминдерди жана микроэлементтерди сарптайт. Бул иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Эң жакшысы ичкиликтен алыс болуңуз.

10. Туура тамактануу иммунитетти бекемдөөнүн негизги жолу: таза тамак-аш, мөмө-жемиш, жашылча, дан азыктарын жеңиз. Лимон, апельсин, кызыл калемпир жана капустада С витамини көп, сабиз, шпинат, балык жана сүт азыктары А витаминине бай. Жасмык(чечевица), жаңгак жана пармезан иммунитетти сактоо үчүн маанилүү микроэлемент болгон цинкти камтыйт.

1-ДЕКАБРЬ СПИД  ООРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк  СПИД  оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Бакай-А...
02/12/2024

1-ДЕКАБРЬ СПИД ООРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунда АИВ/ ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча маалыматтар берилип, комплекстүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга кошумча Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборунда ачык эшиктер күнү белгиленди. Анын алкагында мектептерде окуучулар үчүн түшүндүрүү чаралары көрүлүп, айыл жашоочуларына атайын адистер тарабынан кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле СПИД оорусуна каршы жөө жүрүш акциясы уюштурулду.

ВИЧ/СПИД – бул үч жол аркылуу гана жыныстык, ийне, энеден балага жугушу мүмкүн. ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.

2024-жылдын 17-октябрында, Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына, анын ичинд...
02/11/2024

2024-жылдын 17-октябрында, Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына, анын ичинде Талас облусуна тез жардам унааларын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чара эски аянтта республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Автоунаалардын ачкычын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата райондоруна Iveco үлгүсүндөгү 2 тез жардам автоунаасы берилди.

Бакай-Ата районуна бөлүнгөн тез жардам унаасы мындан тарта райондогу 1-Май, Кыргызстан, Боо-Терек, Жоон-Коргон, Миң-Булак айылдары үчүн кызмат кылат.

Калктын саламаттыгына кам көргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Талас облусунун медицина кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз! Бул иш-аракет биздин жумушубузду кыйла жеңилдетип, бейтаптарга жеткиликтүү медициналык тез жардамды уюштурууга өбөлгө түзөт.

ОБЛУС БАШЧЫСЫ БАКАЙ-АТАДАГЫ  МЕДИЦИНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН КѲЙГѲЙЛѲРҮНӨН  КАБАР АЛДЫ Облус башчысы Эрмат Джумаев Бакай-Ата  рай...
05/09/2024

ОБЛУС БАШЧЫСЫ БАКАЙ-АТАДАГЫ МЕДИЦИНА МЕКЕМЕЛЕРИНИН КѲЙГѲЙЛѲРҮНӨН КАБАР АЛДЫ

Облус башчысы Эрмат Джумаев Бакай-Ата районундагы элеттиктер менен жолугушуп, андагы көйгөйлөрдөн кабар алды. Анын алкагында Бакай-Ата районунун ЖДПБга жана элеттиктерге медициналык кызмат көрсөткөн айыл жергелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, фельдшердик-акушердик пунктарга барып, андагы көйгөйлөр менен таанышты.

Анда үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна таза суу тартып келүү, имаратты саркынды суу түтүгүнѳ кошуу жана эскилиги жеткен айрым медициналык мекемелердин чатырын алмаштыруу боюнча маселелер кѳтѳрүлдү. Буга кошумча айрым имараттарды жаңыртуу, капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көйгөйлөр айтылды. Бул боюнча облус башчы Эрмат Думаев өзүнүн демилгелүү сунуштарын айтып, облус бийлиги тарабынан калктын саламаттыгына кам көргөн медицина мекемелеринин муктаждыктарын чечүү боюнча аракеттер болорун билдирди.

28-ИЮЛЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ГЕПАТИТ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮАр жылы 28-июль - вирустук гепатит менен  күрөшүү күнү катары белгилен...
29/07/2024

28-ИЮЛЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ГЕПАТИТ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

Ар жылы 28-июль - вирустук гепатит менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет. Бул ирет аталган жугуштуу ооруу тууралуу маалымат беребиз.

- Вирустук гепатит деген эмне?
- Вирустук гепатит кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекциялык оору.

- Вирустук гепатит кантип жугат?
- Ийне аркылуу, стерилденбеген аспаптарды колдонгон учурда, корголбогон жыныстык катнаш учурунда жугат.

- Гепатит кооптуу оорубу?
- Эгерде гепатитти өз учурунда курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат. В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулат. Бул менен токтолуп калбай цирроз же боордун рагына өтүп кетет.

- Мындай дартка кабылбоо үчүн эмнелерди эске алуу зарыл?
- Өздүк гигиена каражаттарын жекече пайдалануу сунушталат. Атап айтканда тиш щетка, устара ж.б. ошондой эле баңги саюу шприцтеринен жана кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан оолак болуу керек.

Вирустук гепатиттерди дарылоого караганда алдын алуу жеңил! Андыктан жарандарды В вирустук гепатитине каршы вакцина алууга чакырабыз.

04/07/2024

МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чарага Талас облусунун бардык аймактарынан медицина кызматкерлери катышты.

Иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошондой эле бир катар жетекчилер куттуктап, кызмат алдынкыларын Ардак грамота, медалдар акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлашты.

Салтанаттын алкагында саламат сакчылары үчүн майрамдык концерт тартууланып жылуу каалоо-тилектер айтылды.

09/04/2024

Бүгүн, 9-апрель күнү Талас шаарында 7-апрель Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата облустук мааниде массалык чуркоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара КР Саламаттыкты Сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетованын катышуусунда облустук деңгээлде уюштурулуп мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана студенттер жалпы 700 гө чукул жаран катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө медицина кызматкерлери тарабынан каалоочулар үчүн кан басымын өлчөө, кандагы кантты билип алуу үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлдү.

Марафондун соңунда байгелүү орундарды багындырган жеңүүчүлөргө медаль, дипломдор тапшырылды.

Address

Талас
Talas
723800

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share