30/01/2025
2025-жылдын 30-январында Кара-Буура айыл аймагындагы мечиттердин имамдары менен айыл өкмөтүндө жолугушуу болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Уметбек уулу Аскат ,Кара-Буура айыл аймагындагы мечиттердин имамдары менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54-жарлыгы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”Жарлыктары талкууланып,ар бир мечиттин имамдары жарлык менен таанышкандыгы боюнча кол коюп беришти.Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Уметбек уулу Аскат жана мечит имамдары үй-бүлөлүк майрамдарда,маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жана башка иш-чараларда ашыкча чыгым болуп жаткандыгы жана ага жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жума баяндарда жана эл топтолгон жыйындарда айтылуусу керек экендигин баса белгилеп өтүштү.Жарлыкта азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик,ашыкча ысырапкорчулук,диний каада-салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр кездешери айтылган .Маркумдарды жайга коюудагы каада-салттарды тартипке келтирүү,мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн мечиттин имамдары менен биргеликте маркумдун жаназасынын окуулусунун алдында же маркумду жайга алып барган учурда эл ичинде маалымат-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп турууга макулдашылды.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү жарлыгында тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо,мусулман кабырларынын аймагында таштан,граниттен,мрамордон, металдан жана булардын айкалышынан эстеликтерди жана мүрзөгө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынарын орнотпону баса белгиледи. Кара-Буура айыл аймагынын кеңешинин кароосуна көрүстөндөрдү жайгаштыруу,жасалгалоо жана көрктөндүрүү,пайдалануу жана күтүүдө экологиялык,санитардык талаптардын сакталышын,мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн,аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды тескөө боюнча типтүү жобо иштелип чыгып,бекитүүгө киргизилет. Бул жаатта ысырапкорчулукту болтурбоо максатында эл арасында түшүндүрү иштери дайыма үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.Жыйындын катышуучулары тарабынан жогоруда аталган жарлыктары райондун деңгээлинде калың-калктын катышуусунда талкуулап өткөрү жагы сунушталды.