УТРК Талас

УТРК Талас УТРК Талас телерадиокомпаниясы

УТРК Таласская телерадиокомпания

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз...
17/10/2023

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү

Бүгүн, 16-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандан Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрындагы №44 протоколдун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү.

16/10/2023

БҮЙҮР КЫЗЫТКАН КӨК БӨРҮ

16/10/2023

КИРОВ СУУ САКТАГЫЧЫНДА РЕМОНТ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

16/10/2023

КАЗАК-КЫРГЫЗ СООДА АЛАКАСЫН АРТТЫРУУГА АРАКЕТТЕР

16/10/2023

ЖАМБЫЛ-ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНЫН АЛАКАСЫ

КР УКМК: Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалдыКР УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын опе...
16/10/2023

КР УКМК: Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалды

КР УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
2023-жылдын 11-октябрында Баткен-Ош унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын жараны Б.С.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат - жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси табылып алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

ГКНБ КР: Задержан груз с наркотическими средствами – гашиш, общим весом 20 кг и опий сырец, общим весом 10 кг

ГКНБ Кыргызской Республики в результате реализации длительной спецоперации установлена и пресечена деятельность международной наркогруппировки, занимающейся транспортировкой тяжелых наркотических средств – гашиш и опий сырец в особо крупном размере по маршруту «РТ-КР-РУ».
11 октября 2023 года в процесс проведения комплекса оперативно-розыскных мероприятий на автотрассе Баткен-Ош в Ноокатском районе Ошской области задержаны гражданин РФ «Б.С.С.» и гражданин КР «Р.Х.Э.», у которых были обнаружены и изъяты наркотические средства – гашиш общим весом 20 кг и опий сырец общим весом 10 кг.
В рамках досудебного производства в порядке ст.98 УПК КР задержанные взяты под стражу по подозрению в незаконном обороте наркотиков.
В настоящее время продолжаются оперативно-розыскные мероприятия по установлению других участников указанного преступления.

16/10/2023

САНАРИП АЙМАК ТУТУМУНА КАТТАЛЫҢЫЗ

Казакстандын Жамбыл облусунда Казак-Кыргыз соода алакасын артыруу максатында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өттү...
16/10/2023

Казакстандын Жамбыл облусунда Казак-Кыргыз соода алакасын артыруу максатында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өттү. Анда Талас облусундагы дыйкандар өндүргөн айыл-чарба продукцияларын Жамбыл облусунун Тараз шаарынынын борборуна алып барып сатышты. Облустан 100 ашык дыйкандар айыл чарба продукцияларынын 70 ке жакын түрүн сатып киреше табышты. Уюштурулган иш чаранын башкы максаты эки элдин достугун арттыруу дейт Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов . Ал эми иш чарага келген Жамбыл облусунун акими Ербол Карашөкеев мындай айыл чарба азык түлүктөрүнүн жарманкесин Талас шаарына да өткөрүү сунушун айтты.

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келдиКыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш с...
16/10/2023

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Дабиге келди

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келди.

13/10/2023

ДАМИРА МОЛДОЯРОВА АТЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАГА 10 ЖЫЛ

13/10/2023

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КАРОО-СЫНАГЫ

13/10/2023

ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ ИШКАНАСЫ КЫШКА ДАЯРБЫ

13/10/2023

АЛМАНЫН ТҮШҮМҮ МОЛ

13/10/2023

АБАЙЛАҢЫЗ! КЫЗАМЫК ООРУСУ КҮЧ АЛУУДА

Кыргызстан менен Россия абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзөтПрезидент Садыр Жапаров “2022...
13/10/2023

Кыргызстан менен Россия абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзөт

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы КР жана РФнын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам аталган Макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткарууга багытталган.

Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүшөт, ал Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат.

Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек ша...
13/10/2023

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри, ошондой эле алдыдагы КМШ МБК жыйынынын күн тартиби талкууланды.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго КМШ МБКнын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапар менен келүү чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ал белгилегендей, акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 млн АКШ долларын түздү. Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешти. Натыйжада соода-экономикалык өз ара аракеттенүү динамикалуу өнүгүүдө. Бирок, учурдагы көрсөткүчтөр дагы эле жалпы экономикалык потенциалга дал келбейт.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Түркмөнстан менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана арттырууга, бул потенциалды ачуу үчүн соода, инвестиция жана логистика жаатында келечектүү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Бул контекстте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын ролу белгиленди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жылуу кабыл алганы жана КМШ МБКга катышууга Кыргызстанга чакырганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Сердар Бердымухамедов КМШ МБК жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер жана кол коюлган документтер Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Кыргызстан Түркмөнстан үчүн боордош мамлекет экенин баса белгилеп, Кыргызстан менен эки тараптын тең кызыкчылыгындагы бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканына канааттануу менен токтолуп, бул ырааттуулукту сактап калуу жана аны мындан ары арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу зарылдыгын белгиледи.

Эки өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашты.

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугуштуПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз к...
13/10/2023

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле алар регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана КМШ МБК жыйыны боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти.

Address

И. Сарыгулов 26
Talas
724200

Telephone

+996702768932

Website

https://www.instagram.com/utrk_talas/

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when УТРК Талас posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to УТРК Талас:

Share

Category