Жамааттык медиа - Общинные медиа КР

  • Home
  • Жамааттык медиа - Общинные медиа КР

Жамааттык медиа - Общинные медиа КР Кыргызстандагы жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары алыскы аймактардагы жаңылыктарды чагылдырат.

🔹 Ак-Талаада мектеп капиталдык ондоп-түзөөдөн өтүүдөАк-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеб...
18/07/2025

🔹 Ак-Талаада мектеп капиталдык ондоп-түзөөдөн өтүүдө

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Тактап айтканда, мектептин жылуулук системасы, эшик, терезелери толугу менен, полдун айрым бөлүктөрү (эски бөлүктөрү) алмашылат. Баетов айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда Нарын областтык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 24млн сомго тендер жарыяланып, 20млн 765072 сомго “Гарант Ордо” жоопкерчилиги чектелген коому жеңип алган.

Учурда окуу бөлмөлөрүндөгү жана залдагы жылуулук системасынын эски батареялары чыгарылып, даярдыктар көрүлүүдө.

🔹 Ал эми 3-кабаттын полу жасалып бүтүү алдында турат. Мектеп директору Астра Токтогулованын айтымында мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилген. “Ошондон бери (47 жыл) капиталдык ремонтко кирген эмес. Буга чейин 1-2-кабаттын полу Баетов айыл өкмотү тарабынан түрткү берүүчү гранттын эсебинен алмашылса, жылуулук системасы жарым-жартылай жасалып келген. Буюрса акча каражаты толугу менен которулса быйыл оңдоп-түзөө толук бүтөт. Азыр эми акчасы толук которула элек болгондуктан жумуш жайлап калды. Мектеп 1-сентябрга даяр болушу жана окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн аракеттер көрүлүп, мамлекет тарабынан каражаты толук которулса деп күтүп жатабыз” деди А. Токтогулова.
#жамааттыкмедиа #нарын #акталаа

18/07/2025

Методисттерге жаңы окуу китептерин колдонуу ыкмалары үйрөтүлүүдө
Коноктор: Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, Эльмира Мырзамамытова
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин усулчусу

Методисттерге жаңы окуу китептерин колдонуу ыкмалары үйрөтүлүүдөКоноктор: Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогик...
18/07/2025

Методисттерге жаңы окуу китептерин колдонуу ыкмалары үйрөтүлүүдө
Коноктор: Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, Эльмира Мырзамамытова
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин усулчусу

🔹Кыргызстандын тоолуу аймактарында жайлоого көчкөн малчылардын үй-бүлөлөрү жайкысын алыскы жерлерде жашап, балдары мекте...
17/07/2025

🔹Кыргызстандын тоолуу аймактарында жайлоого көчкөн малчылардын үй-бүлөлөрү жайкысын алыскы жерлерде жашап, балдары мектептен жана билим берүү ресурстарынан алыстап калат.

Мына ушундай шартта балдардын билимин үзгүлтүккө учуратпоо жана өнүктүрүү максатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду ишке ашырып келе жаткан “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” өзгөчө мааниге ээ.

🔗Төмөндө макаланы толук окуй аласыз👇

Кыргызстандын тоолуу аймактарында жайлоого көчкөн малчылардын үй-бүлөлөрү жайкысын алыскы жерлерде жашап, балдары мектептен жана билим берүү ресурстарынан алыс....

🔹 Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев иш-сапарынын алкагында Токтогулга келди2025-жылдын 16-июлун...
17/07/2025

🔹 Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев иш-сапарынын алкагында Токтогулга келди

2025-жылдын 16-июлунда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Токтогул районуна болгон иш сапарынын алкагында Үч-Терек – Өзгөрүш жолунун абалы менен жеринен таанышып, аталган жолдун 7 чакырымын кыска мөөнөттө толук асфальттоону тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Мындан тышкары, министр Жетиген менен Үч-Терек айылдарын туташтырган эски көпүрөнү жаңыртуу жана Жетиген айылынын ичиндеги 2 чакырым жолду оңдоо зарылдыгын белгилеп өттү.

Бул иштер аймактын жол инфраструктурасын жакшыртып, жашоочулар үчүн кыймылды жеңилдетет деген үмүт бар. Ошону менен катар жергиликтүү тургундардын да суроолоруна жооп берди.
Айыл тургуну Эстебес Бакиев асфальт заводун куруу зарыл экендигин айтып кайрылды. Министрдин айтымында, учурда Токтогулда бир гана асфальт заводу иштеп жатат жана ал бар болгон муктаждыкты толук камсыздай албай жетишпей жатат. Ушундан улам, министр жакынкы аралыкта бул аймакка жаңы асфальт заводу куруларын белгилеп өттү. Бул иш-чара жолдордун сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо шартын оңдоого өбөлгө болот.

#жамааттыкмедиа #токтогул

16/07/2025

“Жайдем” жаштар долбоору
Конок: “Жайдем” коомдук фондунун координатор-менеджери Мырзайым Сейталиева

Жайлоого туз жеткирилди — малдын саламаттыгы үчүн маанилүү кам көрүү.Алыскы Соң-Көл жана Кашка-Суу аймагындагы жайлоолор...
15/07/2025

Жайлоого туз жеткирилди — малдын саламаттыгы үчүн маанилүү кам көрүү.

Алыскы Соң-Көл жана Кашка-Суу аймагындагы жайлоолордогу малчыларга туз жеткирилди. Бул иш-чара малдын ден соолугун жакшыртуу жана жайыттагы мал чарбасын колдоо максатында уюштурулган. Малчылар туз жеткирилгени үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай көмөк малдын иммунитети үчүн абдан маанилүү экенин белгилешти.

🔹Аймактык ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, жайытта жүргөн мал үчүн туз — организмдеги минералдык балансты сактап туруу, тоютту жакшы сиңирүү жана оорулардан сактануу үчүн негизги каражат.

Тузду чабандарга Айылдык Кеңештин депутаттары демилгелеп алып барышты. Ал ар бир чабанга ылайык бөлүнүп берилди. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттер мындан ары да уланарын белгиледи.

#жамааттыкмедиа #сонкол #жайлоо2025

🔸 Төлөк айылында сугат суу маселеси чечилдиТөлөк айылындагы 22 гектар жерге сугат суу жеткирилип, жерлер сугарыла баштад...
15/07/2025

🔸 Төлөк айылында сугат суу маселеси чечилди

Төлөк айылындагы 22 гектар жерге сугат суу жеткирилип, жерлер сугарыла баштады.Көп жылдан бери бул сугат жерге суу жетпей жер пайдаланылбай келген. БУУнун Азык түлүк программасынын алкагында 26 жергиликтүү тургун жумушка тартылып сугат суу жеткиликтүү жетиши үчүн тоо бетинен узундугу 733 метр арык казышты.

🔹Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылындагы Арпа тектир участогу сугат суу менен камсыз болду.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Баялы Атамырзаевич ФПСтин кармаганда турган Арпа тектир участогуна сугат сууну ачуу иш чарасына катышып, иштин алгачкы күнү ийгиликтүү башталды.

Арпа тектир участогу 22 га сугат жерди түзөт. Көптөгөн жылдан бери бул сугат жерге суу жетпей жер пайдаланылбай келген. БУУнун Азык түлүк программасынын алкагында 26 жергиликтүү тургун жумушка тартылып сугат суу жеткиликтүү жетиши үчүн тоо бетинен узундугу 733 метр арык казышты.

Айыл өкмөтү тарабынан цемент, сетка мак, кум-шагыл жерине жеткирилип берилип, арык ичтери толук цементтелди. Бул суудан жалпы 22 га ФПС жери жана үлүшкө тийген жерлерге толук суу жеткиликтүү болду. ФПСтин жери жергиликтүү тургундарга берилип, малга тоютун камдоого көмөк болмокчу.
#жамааттыкмедиа #кочкор #төлөк

Кыргызстанда энелердин жана балдардын саламаттыгы олуттуу маселелердин бири бойдон калууда. Репродуктивдик ден соолук бо...
14/07/2025

Кыргызстанда энелердин жана балдардын саламаттыгы олуттуу маселелердин бири бойдон калууда. Репродуктивдик ден соолук боюнча адистердин айтуусунда, алдын алууга мүмкүн болгон көптөгөн тобокелдиктерди туура маалыматтын жана билимдин жетишсиздигинен улам трагедиялуу кесепеттерге алып келүүдө.

Бул тууралуу “Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы” коомдук фондунун директору Бактыгүл Бозгорпоева айтып берди.
.kg
#жамааттыкмедиа #денсоолук

14/07/2025

Ич өткөк: Себептери, кооптуулугу жана алгачкы жардам
Конок: Үй бүлөлүк дарыгер Назира Кадыркулова

🔹Жайында көп кездешүүчү көз оорусу: Конъюнктивит эмнеден пайда болот?Жай айларында чаң, шамал жана суу менен байланыш кө...
13/07/2025

🔹Жайында көп кездешүүчү көз оорусу: Конъюнктивит эмнеден пайда болот?

Жай айларында чаң, шамал жана суу менен байланыш көбөйгөндүктөн, көз оорулары да күчөйт. Соңку убакта эл арасында көздүн кызарып, ириңдеши башкача айтканда, конъюнктивит оорусу көп кездешүүдө.

🔹Бул тууралуу офтальмолог Айсаада Акматова түшүндүрүп берди.

📍Солго барактаңыз👉
#жамааттыкмедиа #денсоолук

Address


Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Telephone

+996773800560

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Жамааттык медиа - Общинные медиа КР posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Жамааттык медиа - Общинные медиа КР:

Shortcuts

  • Address
  • Telephone
  • Opening Hours
  • Alerts
  • Contact The Business
  • Claim ownership or report listing
  • Want your business to be the top-listed Media Company?

Share