07/07/2025
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери түнкү эс алуу жайларында профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү
Коомдук тартипти камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» жаңы Мыйзамынын жоболорун түшүндүрүү максатында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир катар көңүл ачуучу жайларда профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мекемелердин администрацияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, түнкү тынчтыктын режимин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертишти. Айрыкча, мыйзамда белгиленген убакыт чектерине баш ийүү, уруксат берилген үндүн деңгээлин ашырбоо, ошондой эле жарандардын тынчтыгын сактоого багытталган жүрүм-турум эрежелерин эс алуучуларга эскертип туруу зарылдыгы баса белгиленди.
Мындай профилактикалык иш-чаралар мыйзам бузууларды алдын алуу жана шаар тургундарынын укуктарына, тынчтыгы менен эс алуусуна болгон сый мамилени калыптандыруу максатында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
——
Сотрудники УВД Ленинского района Бишкека провели профилактические мероприятия в ночных заведениях
В целях обеспечения общественного порядка и разъяснения положений нового Закона Кыргызской Республики «О тишине» сотрудники Управления внутренних дел Ленинского района города Бишкек провели профилактические мероприятия в ряде развлекательных заведений.
В ходе рейда правоохранители побеседовали с представителями администрации заведений, напомнив об ответственности за нарушение режима тишины в ночное время. Особое внимание было уделено вопросам соблюдения установленных временных рамок, недопущения превышения допустимого уровня шума, а также необходимости предупреждать посетителей о правилах поведения, направленных на сохранение спокойствия граждан.
Подобные профилактические мероприятия будут проводиться на регулярной основе в целях предупреждения правонарушений, а также формирования уважительного отношения к правам и покою жителей города.
Пресс-служба УВД Ленинского района города Бишкек