Баткен электр тармактар ишканасы

Баткен электр тармактар ишканасы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Баткен электр тармактар ишканасы, Digital creator, К. Турдумамбетова, 40, Batken.

Баткен электр тармактары ишканасы - “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалдык түзүмдүк бөлүмү болуп 2022-жылдын 10-август күнү түзүлгөн.
Ишкананын тейлөөсүндө жалпы 872,7 МВА белгиленген кубаттуулуктагы 50 көмөк чордондор бар.

Баткен облусундагы маалымат жана басма сөз кызматкерлери сыйланды7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Кыргызс...
11/11/2025

Баткен облусундагы маалымат жана басма сөз кызматкерлери сыйланды

7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаевдин атайын буйругунун негизинде Баткен облусунда эл үчүн тынымсыз иштеп, энергетика тармагындагы жаңылыктарды чагылдырууда жигердүү салым кошуп келген журналисттерге ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ыраазычылык кат менен Баткен облустук «Баткен Таңы» коомдук саясий гезитинин жана «Салам Медиа» радиосунун эмгек жамааттары сыйланышты.
Ал эми ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын, УТРК Ала-Тоонун жана УТРК Баткендин кабарчылары ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү эмгегине жогору баа берди. Ошондой эле маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташып, тармактагы иштерди чагылдырууда көрсөткөн жигердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

10/11/2025

Майлуу-Суу райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

10/11/2025

Электр энергияны үнөмдөө — туруктуу келечекке кадам!

Президент энергетика тармагына кенири токтолуп, калкка кайрылуу жасады
09/11/2025

Президент энергетика тармагына кенири токтолуп, калкка кайрылуу жасады

Президент энергетика тармагына кеңири токтолуп, калкка кайрылуу жасады

Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы күндөрү жалпысынан 35 саат учакта олтуруп бүгүнкү күндө элди түйшөлтүп жаткан 3 маселе боюнча кайрылуу жазып койдум эле. Бүгүн жарыя кылып жатам.

1 – электр энергиясы маселеси
2 – тышкы жана ички карыз маселеси
3 – айдоочулук күбөлүк боюнча маселе.

Кечээ күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн, чектөөсүз колдонууга чакырык жасоо демилгеси “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” (КУЭТ) акционердик коому тарабынан Министрлик менен алдын ала макулдашылбастан туруп көтөрүлгөн экен.

Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жаратты.

Ооба, бул чектөөсүз тарифи үч жыл мурун киргизилген, импорттолгон электр энергиясынын баасы менен калкка сатылып жаткан электр энергиясынын баасынын, айырмасын аз болсо да толуктоо үчүн.

Бирок, азыркы шартта суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,0 млрд куб метрге аз, ошондуктан чектөөсүз тарифке кошулууга бөгөт коюлду.

Мен ММКдан көрүп дароо эле министрге телефон чалып, катуу айтып бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырдым.

Жыйынтыгында "КУЭТ" ААКнын башкы директоруна жана коммерциялык
маселелер боюнча башкы директордун орун басарына «Сөгүш» берилди, андан тышкары электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.А.Орозбаев кызмат ордунан бошотулгандыгын билдирди.

Эми учурдан пайдаланып, бул тармак боюнча кеңири маалымат бере кетейин.
Эл чындыкты билиш керек.

2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөн.

Кыргызстандын энергетика системасы мына-мына катастрофа болот деп турган убак эле. Ошол учурда “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр” ААКынын абалдары өтө оор болчу, тышкы жана ички карыздары күндөн-күнгө өсүп, жумушчуларына эмгек акысын төлөө үчүн коммерциалык банктардан карызга акча алышчу. Мындайча айтканда банкрот болуп калышкан.

Энергетиктер ал мезгилдеги кыргыз энергетика системасындагы болуп жаткан бул жагдайды жакшы билишет.

Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес.

Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген.

Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес.

Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген.

Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур.

Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим.

5 сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет.

Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт.
Ошондуктан азыр чындыкка жетип териштириш кыйын.

5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан.

Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген.

Ошентип, 2020-жылдан баштап бул тармакта ар кандай реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схемаларды, уурулук, коррупциялык аракеттерди жоюунун, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 миллиард карызды азайтып жүрүп олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк.

Кудай буюрса, келээрки жылы муну да толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт. Бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздыгыбыз үчүн чоң жетишкендик.

Эгер мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле. Муну 5-класттын баласы деле жасай алат.

Мен бул жолду тандабадым. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок.

Азыр болсо кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде (себестоимость) импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатабыз.

Калган айырма дагы деле министрликтин мойнунда.

Бирок ошого карабастан, биздин жасап жаткан реформалардын, ар кандай айла амалдардын негизинде келээрки жылы министрлик 25 миллиард сом карызынан толук кутулуп, 2027-жылы кирешеге чыга баштайт деп үмүт артып турабыз.

Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз. Ошондуктан суунун деңгээлин сактоо үчүн жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу үчүн биз электр энергиясын көп көлөмдө импорттогонго аргасызбыз.

Биз бүгүн энергияны азыраак импорттош үчүн элди үнөмдөөгө гана чакырып жатабыз.

Канчалык үнөмсүз колдонсок, ошончолук акча каражатыбыз сыртка чыгып кетип жатат деп билиңиздер.

Ошондуктан бүгүнкү күндө мамлекеттик мекемелерге дагы кечки саат 18:00дөн кийин имараттардагы светтердин, приборлордун баарын өчүрүп кетүү талабын коюп жатабыз.

Энергия эч качан жетишсиз болбойт. Чексиз импорттоп алып келе берсек болот. Бирок бюджеттен ашыкча акчабыз кетип жатат.

Бул каражаттар элдин, өзүңүздөрдүн эле акчаңыздар. Ошону билип коюңуздар.

Эгер чындап келсе, жеке жактар дагы энергияны үнөмдөбөйт.

Кээ бир үйлөрдү карасаң, күндүз деле светти жандырып алышат.
Көчөдө кетип бара жатсаң, короосундагы свети күндүз деле жанып турат.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жаранга кайрыла кетет элем.

Светти үнөмдөп пайдаланыңыздар. Ар бир күйүп турган 100 Ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер.

Элестетиңиздерчи, бир эле лампочка үчүн 270 литр суу агып кетет.

Ошондуктан түнкүсүн баарын өчүрүп жатууну унутпаңыздар.

Мен Европада 4 жыл жашадым. Ашыкча бир мүнөт дагы свет колдонушпайт. Дароо өчүрүшөт. Анткени ал жакта свет кымбат.

Мисалы үчүн Германияда кышкы мезгилде бир кВт саат электр энергия 50 евроцент же болбосо 50 сомго чейин турат.

Ал эми Орто Азияда, мисалы Өзбекстанда, тариф керектөөсүнө жараша саналат, бир миң кВт саат колдонсоңуз, айына орточо 500 сумдан төлөлөйсүз, сом менен 3 сом 60 тыйын, канча көп электр энергиясын колдонсоңуз, ошончого тарифи өсөт.

Ал эми Казакстандын Алматы шарында минималдуу электр энергияга болгон тариф 30 тенгеден 50 тенгеге чейин, сом менен 5 сомдон 8 сомго чейин.

Бизде Кыргызстанда болгону 1 сом 37 тыйын.

Албетте, ал жактарда эмгек акы жогору дешиңиздер мүмкүн. Ошол жогорку эмгек акылар жана ал жактарда жашоого болгон баалар менен салыштырып көрсөк, ошондо деле бизде свет эң арзан болуп чыкты.

Анткени алар алган айлыктар тамак-аш, медициналык камсыздандыруу, үй жана унаа камсыздандыруу, салык болуп олтуруп, айлыктары дээрлик биздики менен бирдей эле болуп калат.

Биз 3 жылдан бери массалык түрдө ГЭСтерди, күндөн жана шамалдан энергия алчу станцияларды куруп жатабыз.

Жакында тарыхыбызда биринчи жолу күндөн энергия алчу станция ишке кирет. Бирок ошого карабастан, кышкысын энергия жетишпейт.

Себеби жыл сайын жүздөгөн завод-фабрикалар, миңдеген мектеп, бала-бакчалар, миллиондогон квадрат метр үйлөр курулуп, алар да көптөгөн энергия талап кылып, дефицитти кубалап жетпей келе жатабыз.

Буга чейинки ишке киргизилген ГЭСтерди айта кетейин.

2024-ЖЫЛЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛГЕН ГЭСтер

- Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу)
- Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу)
- Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу)
- Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу)
- Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу)
- Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу)
- Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу)
- Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу)
Жалпы кубаттуулук 48,84 МВт болду.

2025-ЖЫЛЫ ИШКЕ БЕРИЛГЕН ГЭСтер

-Койсууй ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу)
- Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу)
- Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу)
- Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу)
- Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу)
Жалпы кубаттуулук 41,29 МВт.

Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде жаңылануу иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулду.

- Токтогул ГЭСинин 4 агрегатынын баары жаңыртылып, 240 МВт кошулду.
Бул деген сөз 240 МВттык жаңы ГЭС курган менен барабар.

- Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду, ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет.

- Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВттык экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө.
- Ат-Башы ГЭСи жаныланып 11,44 МВт кошулду.
- Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө.
- Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча
даярдык жана долбоордук иштер уланууда.

2025–2030-ЖЫЛДАРДАГЫ ЧАКАН ГЭСтердин КУРУЛУШУ

2025-жылы Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын жана Чүй облустарында
Кожо-Кайыр (Базарбай-Ата-3), Курак-Тектир-2, Кайнама-2, Сары-Таш, Шамшы, Сокулук-3, Туюк, Куртка жана Кең-Төр-1 ГЭСтери курулууда (жалпы 29,53 МВт).

2026-жылы 25 чакан ГЭС курулат.

Алардын ичинен негизгилери — Орто-Токой ГЭСи (21 МВт),
Куланак ГЭСи (100 МВт),
Тургент ГЭСи (26 МВт),
Майлы-Суу ГЭСи (26 МВт),
Ак-Суу ГЭС-3 (17,66 МВт) жана башка көптөгөн иштер жүрүп жатат.

Жалпы кубаттуулук 286,21 МВт.

2027-жылы дагы 14 жаңы ГЭС ишке кирет, алардын ичинде Папан ГЭСи (27 МВт),
Жеруй ГЭСи (28 МВт),
Чандалаш ГЭСи (30 МВт),
Жалпы кубаттуулук 172,88 МВт.

2028–2030-жылдары болсо, Коңорчок, Кызыл-Суу, Кичи-Кемин, Кыштуут жана Нижний Тарский ГЭСтери курулат.
Жалпы кубаттуулук — 44,7 МВт.

Жакынкы жылдары ишке ашуучу келечектүү долбоорлордун катарына Чоң-Кемин ГЭСи (26 МВт, Чүй облусу) жана Чок-Тал ГЭСи (3,7 МВт, Ысык-Көл облусу) кирет.

Мына ошентип жогорудагы ири, орто жана чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатат.

Учурдагы энергетикалык тартыштык — биздин убактылуу гана көйгөй.

Эгер мектеп, бала-бакча, үйлөрдү, завод-фабрикаларды курбасак, бүгүнкү күнгө чейин жогоруда ишке берилген ГЭСтер менен эле илгертен бери келе жаткан дефициттер жабылып, кулагыбыз тынч олтура бермекпиз.

Биз тынч олтурбастан, кыйынчылыкты жеңиш үчүн тынымсыз аракеттерди жасап жатабыз. Эки жарым жылдан кийин кышкы дефицитти жабабыз деген себебим – өлкө боюнча жүзгө жакын ГЭСтер курулуп жатат. Алардын баары бүтөт.

Андан сырткары Кара-Кечеге 1200 Мегаваттык ТЭЦ куруу иштери башталды, анын бир жылдык өндүрүлгөн электр энергиясы 7 млрд кВт саатка чейин жетет. Эки жарым жылда ишке берилет деп турабыз.

Ал бүтсө сөзсүз түрдө кышкы мезгилдеги дефицит жабылат.

Камбар-Ата-1дин бүтүшүн күтүп олтура берсек, дагы 7-8 жыл кетет. Камбар-Ата толук ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат.

Бул багытта биз тынымсыз аракеттерди көрүп жатабыз.

Жогоруда айтылган долбоорлор ишке ашкан сайын, электр энергиясынын тартыштыгы акырындык менен жоюлуп, Кыргызстан энергетикалык жактан коопсуз өз алдынча жана туруктуу мамлекетке айланабыз.

Ошондуктан азыркы убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, туура түшүнүп, энергетика системабыздын бутуна туруп кетишине жардам бериңиздер.

Энергияны үнөмдүү, сарамжалдуу колдонуңуздар. Сиздердин кылган жардамыңыздар ошол болот.

Энергетика министри Кемин районундагы кубаттуулугу 100 МВт кун электр станциясын куруу иштери менен таанышты
07/11/2025

Энергетика министри Кемин районундагы кубаттуулугу 100 МВт кун электр станциясын куруу иштери менен таанышты

Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогуна жаңы имарат курулууда
07/11/2025

Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогуна жаңы имарат курулууда

Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогуна жаңы имарат курулууда

КР Энергетика министрлигинин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан модернизациялык иштердин алкагында, энергетика тармагын өнүктүрүү жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында «КУЭТ» ААКнын филиалы – Баткен электр тармактары ишканасы 2025-жылы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Алардын бири Баткен электр тармактар ишканасынын Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогунун имаратынын курулушу. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Бул объект кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулууда.

Курулуш иштери “Фирма Строител” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Имарат 2025-жылдын декабрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Генплан боюнча жалпы жер тилкесинин аянты 2204 м² болсо, анын ичинен имараттын аянты 68,8 м² Мында эс алуу бөлмөсү, шаймандарды сактоочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр жана оперативдүү жыйындар үчүн бөлмөлөр камтылган. Аны менен катар кампа, автоунаа токтотуучу жай да каралаган.

Бул долбоордун ишке ашырылышы коопсуз жана ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, кызматкерлердин эс алуусу жана иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылат. Бул аракет кыматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизип, тапшырылган милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.

Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу
суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү колл-борборго
кайрылыңыздар:
Колл-борбору: 105; 1209;
0221 33-36-02- Баткен РЭТ
0772 46-04-01- Сулукту РЭТ
0221 55-54-78 -Лейлек РЭТ
0221 55-54-68 -Кадамжай РЭТ
0773 94-07-07- Кызыл-Кыя РЭТ
------------------------------------------------------------
В Лейлекском районном электрическом сетевом предприятии, на участке Озгоруш, строится новое здание

В рамках модернизационных работ, проводимых по инициативе Министерства энергетики Кыргызской Республики, с целью развития энергетической отрасли и создания комфортных условий для работников, филиал ОАО «НЭСК» — Баткенское предприятие электрических сетей в 2025 году реализует ряд строительных проектов. Один из них — строительство здания участка Озгоруш Лейлекского районного электрического сетевого предприятия. В настоящее время строительные работы ведутся активными темпами.

Объект возводится с целью улучшения условий труда работников, повышения надёжности электросетей и обеспечения населения бесперебойным электроснабжением.

Строительные работы выполняются ОсОО «Фирма Строител». Сдача здания в эксплуатацию запланирована на конец декабря 2025 года.

Согласно генеральному плану, общая площадь земельного участка составляет 2204 м², из которых площадь здания — 68,8 м². В здании предусмотрены комната отдыха, помещение для хранения оборудования инстурментов, санитарно-гигиенические узлы и залы для проведения оперативных совещаний. Также предусмотрены склад и парковочная зона для автомобилей.

Реализация данного проекта создаст безопасные и комфортные условия труда, обеспечит работников всеми необходимыми удобствами для отдыха и эффективной работы. Это в свою очередь, положительно скажется на производительности труда и будет способствовать качественному выполнению поставленных задач.

Если у вас есть вопросы, связанные с электроснабжением, вы можете обратиться в круглосуточный колл-центр:
Номера колл-центра: 105; 1209
Мобильные телефоны:
0221 33-36-02- Баткен РЭС
0772 46-04-01- Сулюкта РЭС
0221 55-54-78 -Лейлек РЭС
0221 55-54-68 -Кадамжай РЭС
0773 94-07-07- Кызыл-Кыя РЭС

Энергетика министри Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясынынкурулушун текшерди
06/11/2025

Энергетика министри Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясынын
курулушун текшерди

Электр энергиясын үнөмдүү колдонолу
06/11/2025

Электр энергиясын үнөмдүү колдонолу

Address

К. Турдумамбетова, 40
Batken
715100

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Баткен электр тармактар ишканасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share