
20/11/2022
КЫРГЫЗСТАНДА РОССИЯЛЫК ЫКТЫЯРЧЫЛАР "ЖАКШЫЛЫК МИССИЯСЫ" ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРАТ
Ушул жылдын 14-ноябрынан 26-ноябрына чейин Кыргызстанда “Жакшылык миссиясы” гуманитардык долбоору старт алмакчы.
“Жакшылык миссиясы” - бул эл аралык долбоор, ал россиялыктардын чет өлкөлөрдөгү социалдык маанилүү долбоорлорго, ошондой эле Россиянын аймагындагы социалдык долбоорлорго чет элдик ыктыярчылардын катышуусун камтыйт.
Кыргызстанга 6 россиялык адис: кризистик кырдаалдарда балдар жана ата-энелер менен иштөө тажрыйбасы бар психологдор, “Күмүш ыктыярдуулук” аймактык борборунун жетекчиси, социалдык долбоорлоо, ыктыярдуулукту өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарда иштөө боюнча эксперттер келүүдө.
Эки жума бою ыктыярчылар акысыз негизде калкка жана кызыкдар коомдук уюмдарга кеңеш беришет. Долбоор Бишкектеги “Орус үйү” жана “Жеңиш мурасы” коомдук фонду тарабынан Ханты-Мансийск автономиялык округу – Югра менен биргеликте ишке ашырылууда.
14-ноябрда саат 16:00дө Бишкектеги Орус үйүндө (Эркиндик бул., 2/1) “Жакшылык миссиясы” долбоорунун бет ачары өтөт.
КЭУ жана ыктыярчылар бирикмелеринин лидерлерин, социалдык кызматкерлерди, журналисттерди жана эл аралык ыктыярчылык долбоорго кызыккандардын баарын чакырабыз.
ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн төмөнкү телефон: +996(779)70-61-86 же [email protected] электрондук почтасы аркылуу кайрылууну суранабыз.
Бет ачарга төмөнкү шилтеме боюнча катталса болот: https://forms.yandex.ru/cloud/636c7d3669387217ce453544/.
#МиссияДобро #волонтеры #ХМАО #Югра