07/07/2026
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталганын жарыялады.
Сыйлык жаштарды патриоттуулукка, жаратмандыкка, улуттук руханий жана маданий баалуулуктарды сактоого үндөгөн эмгектерди жана жетишкендиктерди колдоо максатында ыйгарылат.
Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча берилет:
адабият;
журналистика жана телекөрсөтүү;
музыка;
көркөм искусство;
архитектура жана дизайн;
театр жана цирк;
кино;
илим, билим берүү жана жаңы технологиялар;
экономика, бизнес жана меценаттык;
спорт;
жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым.
Талапкерлердин жашы 35 жаштан ашпоого тийиш. Лауреаттарга Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.
Талапкерлерди мамлекеттик органдар, билим берүү, маданият жана спорт мекемелери, чыгармачыл союздар, коомдук уюмдар, ЖМКлар, жаштардын демилгечи топтору көрсөтө алышат. Ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүүгө да уруксат берилет.
Катышуу үчүн сунуштама кат, өмүр баян, акыркы үч жылдагы сыйлыктары тууралуу маалымат, сынакка сунушталган иштин кыскача аннотациясы жана паспорттун көчүрмөсү электрондук форматта тапшырылат. Ар бир номинация боюнча кошумча материалдар (китептер, фото-видеолор, аудиожазуулар, долбоорлор ж.б.) талап кылынат.
Документтер 2026-жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 192, К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын 3-кабатындагы Иран борборунда кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0550 990 886.