08/06/2022
Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Джумабеков Руслан Жакышов , Бактыбек Чойбеков Кара-Буура районун жергиликтүү депутаттары менен жолугуп, Жогорку Кеңештин ишмердиги менен тааныштырып, Жогорку кеңештин депутаттары биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашышты.
“Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот” демекчи Эл өкүлдөрү көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.
Жолугушуу учурунда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн көпчүлүгү таза суу, канал ошондой эле социалдык камсыздоо, каржы бөлүнбөй, курулбай турган социалдык объекттер жөнүндө болду. Айылдык кеңештин депутаттары белгилегендей, райондордо ден-соолукту калыбына келтирүү борборлорун ачууну сунушташты. Мындан сырткары, эл өкүлдөрү маанилүү маселелерди өз маалында байма-бай көтөрүп, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечиши керектигин белгилешти.