7-канал Жаңылыктар

7-канал Жаңылыктар Саясат, мыйзам, өлкө аймагынан жана дүйнө жаңылыктары, чындык, кылмыш-кырсык, шоу-бизнес, жан дүйнө. 7-канал
кызматташуу үчүн +996507770070, +996550516555

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАЧЫЛАРГА БИР КАТАР ОБЬЕКТТЕРДИ ТАПШЫРДЫ28-майда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын...
28/05/2024

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАЧЫЛАРГА БИР КАТАР ОБЬЕКТТЕРДИ ТАПШЫРДЫ

28-майда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Баткен жергесинде чек арачыларга бир катар обьектилер тапшырылды. Алгач, 2022 аскер бөлүгүндө майрамдык куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Камчыбек Ташиев, 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды.
Андан соң, 2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб жана казарманы ачып, тузүлгөн шарттары менен чек ара кызматынын жетекчилиги жана кызматкрелери менен биргеликте таанышып чыкты. Имаратта, аскер кызматкерлери үчүн заман талабына төп келген бардык шарттар камсыз кылынган.
Камчыбек Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүгүнө жакын жайгашкан чек арачылар үчүн курулган 48 батирди тапшырган болчу. Бул жылы ага кошумча дагы 32 батир бүткөрүлүп, аскер кызматкерлерине ачкычтары тапшырылды.
Аскер кызматкерлери үчүн ушул аймактын өзүнө дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Камчыбек Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жыл аягына чейин сапаттуу жана бардык жашоо шарттары менен курулуп жаткан үйдү бүтүрүүнү тапшырды.
Андан соң, УКМК төрагасы Чек ара кызматынын”Бөрү” атайын багыттагы отрядына курулган аскер бөлүгүнө барып, ачылуу аземине катышты. “Бөрү” атайын багыттагы отрядында да заман талабына ылайык келген бардык шарттар түзүлгөн. Аскерлердин кызмат өтөөсү жана эс алуучу үчүн керектүү шарттар толугу менен камсыз кылынган.
Бул аскер бөлүгүнүн курулуш иштери өткөн жылы башталган болчу.
Камчыбек Ташиев учкучсуз учуучу аппараттардын иштөө режими менен да таанышып, окуу даярдыгына күбө болду. Шарттуу бутага сокку урулуп, окуу даярдыгы тийиштүү даражада аткарылды.
Камчыбек Ташиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун атайын өкүлдөрү менен биргеликте чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү болгон жаңы каражаттар менен таанышып чыкты. Уюм менен кызматташуунун алкагында, чек арачыларга унаалар тапшырылды.
Камчыбек Ташиев чек арачылар үчүн курулган жаңы ашкананы көрүп, аскерлер менен биргеликте майрамдык түштөнүү кылып, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, Баткенге болгон бул жолку жумушчу сапарын аяктады.

Айгүл Жапарова бүгүн Кыргызстан Глобалдык демилгеге активдүү катышуу ниетин сыймыктануу менен жарыялай турганын ырастады...
28/05/2024

Айгүл Жапарова бүгүн Кыргызстан Глобалдык демилгеге активдүү катышуу ниетин сыймыктануу менен жарыялай турганын ырастады.

Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 28-майда, “Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн натыйжалуу стратегиялары: мультидисциплинардык мамиле” деген темадагы семи....

28/05/2024

ТУРИСТ: КООЗДУГУ СУКТАНДЫРАТ. ШВЕЙЦАРИЯНЫ ЭМЕС, КЫРГЫЗСТАНДЫ ТАНДАДЫМ

28/05/2024

КЫРГЫЗСТАНГА СУКТАНГАН
ЧЕТ ЭЛДИКТЕР

28/05/2024

ЛИТВАДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ АЗЫРКЫ БАШЧЫ ГИТАНАС НАУСЕДА ЖЕҢДИ

28/05/2024

Уланбек Аалиев Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

ИИМ билдиргендей, дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылган.

Алиев буга чейин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган. Жогорку соттун соттук коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн чечимди күчүндө калтырган.

Свердлов райондук милициясынын башчысы кызматын буга чейин Жеңишбек Абитов ээлеп келген. Ал Бишкекте чет элдик жарандардын катышуусундагы башаламандыкка байланыштуу күн мурун кызматынан алынды.

28/05/2024

“МАНАС“ ТЕАТРЫНЫН ЖАМААТЫ ТҮГӨЛБАЙ КАЗАКОВГО АРГЫМАК МИНГИЗДИ

28/05/2024

10-15% ДАРЫЛАРДЫ АРЗАН САТКАН “ЭЛ АМАН” МАМЛЕКЕТТИК ДАРЫКАНАЛАРЫ

300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери кармалды.
28/05/2024

300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери кармалды.

27-майда 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери Э.Н.Э. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет. Тергөөнүн жыйынтыгында, ат...

28/05/2024

Опузалап акча талап кылгандыгы үчүн Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ноокат РИИБнин тергөөчүсү, 1998-жылы туулган Т.У.Т. аттуу милициянын улук лейтенанты тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине каршы чечим чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

25-майда көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тергөөчү иш бөлмөсүндө 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, тийиштүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Ишкананы тинтүү учурунда көрсөтүлгөн акча каражаттары табылды.

Ошол учурда кармалган адам эсин жоготкондуктан, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканасына жаткырылды, учурда абалы туруктуу. Медициналык текшерүүнүн жана дарылоонун жыйынтыгы менен аны УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камоо маселеси каралат. Учурда тергөө иштери уланып, кылмышка башка кызматкерлердин катыштыгы аныкталууда.

28-мартта Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны да 40 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда кармалган. Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сот органдары тарабынан каралып жатат.

Address

Байтик Баатыра 53
Bishkek
720005

Telephone

+996507770070

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when 7-канал Жаңылыктар posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to 7-канал Жаңылыктар:

Share

Category