06/08/2026
Бишкектин Дүйшеев көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран кулаган.
Темир түтүктөрдү туура эмес көтөргөн экен.
Курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин бузгандыгы үчүн “Нурзаман” компаниясына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ал эми прораб менен крандын айдоочусу сертификатынан ажыратылган.
Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн министрлик Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жооптуу адиси кызматтан бошотулган.