Эмне кеп?

Эмне кеп? Баарына сөз беребиз

Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди   Бүгүн, 2025-жылдын 19-август күнү КР Министрлер кабинетинин...
19/08/2025

Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди

Бүгүн, 2025-жылдын 19-август күнү КР Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы К.К.Ташиев Ажиева Наргизаны кабыл алды. Ал мурдараак, үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине жолдонгон видео кайрылуусунда, мурда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоосу үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
Турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Н.Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына каршы келген «веб-кам» аталышындагы студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Ажиев Даниэлдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекеттин балансына кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.

18/08/2025

Балыкчы шаарында заманбап жаңы автобекет курулууда

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалдыМаалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.Ага Кылм...
18/08/2025

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды

Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.

Ички иштер министрлиги кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

Жапарбек Ормонов Ысык-Көл районунун акими болуп 2023-жылдын август айында дайындалган.

Ага чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ош шаарынын мэринин орун басары, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон.

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Кыргызстанга алынып келиндиИИМ  Кара-Суу районунда мамлекетке караштуу маан...
07/08/2025

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Кыргызстанга алынып келинди

ИИМ Кара-Суу районунда мамлекетке караштуу маанилүү жер тилкелери мыйзамсыз менчикке өткөрүлүп кеткенин аныктады.

ИИМдин маалыматына ылайык, жаран М.С. 2014-жылдан бери айыл өкмөттүн айрым кызматкерлери, Жер ресурстары агенттигинин өкүлдөрү жана жеке адамдар менен биргеликте мыйзамсыз жер бөлүштүрүү схемасын ишке ашырып, мамлекетке олуттуу зыян келтирген.

Ага “Коррупция” беренеси боюнча сырттан айып тагылып, камакка алуу чечими чыккан. Ал буга чейин да сот жообуна тартылган жана ушул сыяктуу башка иштерге да шектелүүдө.

ИИМ билдиргендей, М.С. Орусияда кармалып, 7-августта Кыргызстанга алып келинди.

Тергөө иштери уланууда, күнөөлүүлөрдүн баарына юридикалык баа берилет.

Эми оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыйуу салынатБүгүн, 7-августта, Талас облустук жол кыймылынын кооп...
07/08/2025

Эми оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыйуу салынат

Бүгүн, 7-августта, Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда жыйын өттү. Чогулушта 2025-жылдын 22-августунан тартып оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу тууралуу жаңы мыйзам боюнча маалымат берилди.

Жыйынга төмөнкү мекемелердин өкүлдөрү катышты:
-Талас шаарынын мэриясы
– Транспорттук инспекция
– Мамлекеттик салык кызматы
– Мамлекеттик камсыздандыруу уюму

Такси айдоочулары менен суроо-жооп форматында жандуу талкуу уюштурулду. Мыйзамдын талаптары, лицензия, камсыздандыруу полисин алуу шарттары жана уруксат берилбеген унаалар боюнча кенен түшүндүрмөлөр берилди.

Эскерте кетсек, жаңы талаптар күчүнө киргенден кийин, лицензиясы жок жана оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.

Товарларды аткезчилик жолу менен ташып келүүчү каналга бөгөт коюулду2025-жылдын 1-августунда, КР УКМК кызматкерлери тара...
07/08/2025

Товарларды аткезчилик жолу менен ташып келүүчү каналга бөгөт коюулду

2025-жылдын 1-августунда, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандалык иш аракеттер аныкталып жана бөгөт коюлду. Товарларды мыйзамсыз алып өтүү мамлекеттик чек аранын кайтарылбаган тилкелери аркылуу жүргүзүлүп, бул чек ара режимин жана бажы көзөмөлү мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.
Алдын ала маалымат боюнча, жеке адамдар тобу Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймагындагы өткөрүү пункттарын жана бажы жол-жоболорун аткарбай айланып өтүп, эл керектөөчү товарларды ташууга аракет кылышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү адамдар кармалып, Кыргыз Республикасынын жарандары 1994-жылы туулган Т.А.Т., 1985-жылы туулган К.З.К. жана 1999-жылы туулган Б.А.Р. аттуу схемага катышкан жарандардан 15 миллион сомдон ашык суммадагы унаалар жана материалдык байлыктар алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, мыйзамсыз схеманын бардык катышуучулары аныкталууда.

Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба зыянсыздандырылдыГерманиянын Дрезден шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда катыл...
07/08/2025

Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба зыянсыздандырылды

Германиянын Дрезден шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда катылган 250 килограммдык британиялык бомба табылды. Бул тууралуу Sächsische Zeitung басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Маалыматта белгиленгендей, Каролабрюке көпүрөсүнүн жанынан табылган бомбага байланыштуу 17 миңге жакын адам үйлөрүн убактылуу таштап кетүүгө мажбур болду. Муну Дрезден тарыхындагы эң чоң эвакуация деп аташууда.

Шаардык администрация, полиция бөлүмү, бала бакчалар, карылар үйү жана музейлер жайгашкан аймактар да эвакуацияланды. Бомба Цайтхан шаарына жеткирилип, ошол жерде жок кылынары айтылат.

Аскердик тик учак кулап, 8 адам каза болдуКүн мурун Ганада аскердик тик учак кулап, 8 адам каза болду. Бул тууралуу Синь...
07/08/2025

Аскердик тик учак кулап, 8 адам каза болду

Күн мурун Ганада аскердик тик учак кулап, 8 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, тик учак өлкөнүн түштүгүндө Акрофуо шаарына жакын жерде кулаган. Жерге кулагандан кийин ал күйүп кеткен.
Каза болгондордун арасында коргоо министри Эдвард Кофи Омане Боама жана айлана-чөйрөнү коргоо, илим, технология жана инновация министри Муртала Мохаммед, Улуттук коопсуздук боюнча координатордун орун басарынын милдетин аткаруучу Муниру Мохаммед Лимуна, башкаруучу Улуттук демократиялык конгресс партиясынын төрага орун басары Самуэл Сарпонг жана парламентке мурдагы талапкер Самуэль Абоагье болгон.

Андан тышкары экипаждын үч мүчөсү - Питер Бафеми Анала, Манин Твум-Ампаду жана Эрнест Аддо Менса каза болгон.
Учурда аза күтүүгө байланыштуу өлкө боюнча белгисиз мөөнөткө мамлекеттик желектер түшүрүлгөн.

Өлкө аймагында акыркы суткада 27 өрт кырсыгы катталдыӨзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:   Биш...
07/08/2025

Өлкө аймагында акыркы суткада 27 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
Бишкек шаарында – 6;
Ош шаары – 2;
Ош облусунда – 2;
Чүй облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1;
Нарын облусу – 1.
Өрттү өчүрүүгө 28 күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду.

Пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды2025-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында "KIA MORNING" үлгүсүндөгү  ...
07/08/2025

Пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды

2025-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында "KIA MORNING" үлгүсүндөгү автоунаанын 2002-жылы туулган И.У.Х. аттуу айдоочусу транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын полкунун кызматкерлери тарабынан токтотулуп, ага карата тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы айып короо жайына токтотулган.

Кийин айдоочу ушул маселени оң жагына чечүү максатында Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын башка кызматкерине пара сунуштаган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 6-август күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын тескөөчүсүнө иш бөлмөдөн чет өлкөлүк жаран 2001-жылы туулган Б.М.Т. 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.

Чет өлкөлүк жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

2 миллион сомдон ашык аткезчилик менен кирген жүк кармалды КР УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликт...
06/08/2025

2 миллион сомдон ашык аткезчилик менен кирген жүк кармалды

КР УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден Кыргыз Республикасына мыйзамсыз тооктун тоңдурулган этин киргизүүгө аракет жасаган факты аныкталган.
Тактап айтканда, 2025-жылдын 3-августунда Талас облусунун “Чоң-Капка-автожол” Көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда, 1985-ж.т. КР жараны Б.М.М. башкаруусунда, “Мерседес-Бенц” Атего үлгүсүндөгү автоунаа кармалып, аны тинтүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып кирип келе жаткан, болжолдуу баасы 2 млн 470 миң сомду түзгөн 6 тонна тооктун тондурулган эти жана башка фабрикаттар табылган.
Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана аткезчилик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоого багыттылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалдыКР УКМК тарабынан Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрө...
06/08/2025

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүм башчысы кармалды

КР УКМК тарабынан Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери кармалды.
Такталгандай, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы майор С.Ч.М., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.
С.Ч.М. жарандан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.
Бул факты боюнча 2025-жылдын 5-августунда С.Ч.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.
УКМК мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы максаттуу иштерди улантып жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылганын эскертет.

Address

Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 20:00
Tuesday 09:00 - 20:00
Wednesday 09:00 - 20:00
Thursday 09:00 - 20:00
Friday 09:00 - 20:00
Saturday 09:00 - 20:00
Sunday 09:00 - 20:00

Telephone

+996997100185

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Эмне кеп? posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share