Charba

Charba Charba медиа продакшн - Ишкердикти БИРГЕ өнүктүрөлү!
Развивайте бизнес ВМЕСТЕ с Charba!

Өлкөдө асыл тукум мал чарбалары 185ке жетти. Негизги көрсөткүчтөр.Өлкөдө асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында...
13/01/2026

Өлкөдө асыл тукум мал чарбалары 185ке жетти. Негизги көрсөткүчтөр.

Өлкөдө асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз жыйынтыгын берүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда.

Негизги көрсөткүчтөр:

ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбалары – 66, мал саны – 8 406 баш;
асыл тукум кой чарбалары – 75, малдын жалпы саны – 24 759 баш;
асыл тукум жылкы чарбалары – 35, малдын саны – 1 725 баш;
асыл тукум эчки чарбалары – 5, малдын саны – 2 704 баш;
асыл тукум топоз чарбалары – 5, малдын саны – 1 224 баш;
асыл тукум канаттуулар чарбалары – 2, саны – 281 миңден ашык.
Бул көрсөткүч асыл тукум мал чарбачылыгы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана экспорттук потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын айгинелейт. Өзгөчө кой жана ири мүйүздүү мал багытындагы чарбалардын көптүгү эт жана сүт продукцияларынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

kabar.kg

✅БИШКЕКТЕ ҮЧ КҮН БОЮ "АГРО ТЕХ ЭКСПО " АЙЫЛ ЧАРБА КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ✅2025-жылдын 17-18-19 октябрында Бишкек шаарынын Турдак...
01/10/2025

✅БИШКЕКТЕ ҮЧ КҮН БОЮ "АГРО ТЕХ ЭКСПО " АЙЫЛ ЧАРБА КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ

✅2025-жылдын 17-18-19 октябрында Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы аянтында Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Республикалык “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт.

📌Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлүп, жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат.

📌Көргөзмөнүн жүрүшүндө ири өлчөмдө арзандатуулар болот жана өзүңөр каалаган техниканы, жабдууларды жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана аласыздар. Өлкөбүздүн бардык дыйкандарын жана фермерлерин борбор калаадагы эң ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырабыз.

📌Байланыш телефондору: 0312 623629, 0555 346 060 (“Алтын Күз” жарманкеси боюнча), 0554 287025.

▶️▶️▶️▶️▶️▶️▶️

📌17-18-19 октября 2025 года на площади имени Турдакуна Усубалиева в городе Бишкек, в честь Дня работников сельского хозяйства Кыргызской Республики, пройдет Республиканская агропромышленная выставка “АгроТехЭкспо-2025” и сельскохозяйственная продовольственная ярмарка “Алтын күз”.

✅На выставке будут представлены образцы современной сельскохозяйственной техники, перерабатывающего оборудования, инновационные агротехнологии, семена, удобрения, средства защиты растений, племенных сельскохозяйственных животных.

📌На ярмарке будет представлен широкий ассортимент экологически натуральных сельскохозяйственных продуктов по низким ценам.

📌В ходе выставки будут действовать крупные скидки, и вы сможете воспользоваться льготным лизингом и кредитами при покупке желаемой техники, оборудования и сельскохозяйственных товаров. Мы приглашаем всех земледельцев и фермеров нашей страны принять участие в крупнейшей выставке-ярмарке в столице.

📌Контактные телефоны: 0312 623629, 0555 346 060 (по вопросам ярмарки “Алтын Күз”), 0554 287025.

✅Дан эгиндеринин 679,0 миң га аянтынын 529,7 миң га жыйналды (78,0 %). Өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн (520,9 ...
01/10/2025

✅Дан эгиндеринин 679,0 миң га аянтынын 529,7 миң га жыйналды (78,0 %). Өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн (520,9 миң га) бир аз ашык.
Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк 31,6 ц/га түзүп, ал өткөн жылкы 29,1 ц/га.
📌Жыйналган дан азыктардын жалпы көлөмү 1674,4 миң тн түзүп, өткөн жылга караганда (1516,7 миң тн) 158,0 миң тн көп.
Жашылча жыйноо (жалпы 56,6 миң га) иштери 44,1 миң га аткарылды (78,1 %), дүң жыйым өткөн жылга салыштырмалуу +22,4 миң тн көбөйгөн. Эң жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад облусунда байкалат (294,9 ц/га).
📌Картошка жыйноо (жалпы 64,5 миң га) иштери 40,5 миң га аткарылды (62,9 %). Дүң жыйымдагы өсүш (+5,8 миң тн) жана түшүмдүүлүктүн жогорулагандыгы (180,1 ц/га) оң тенденцияны көрсөтөт. Ысык-Көл облусунда жыйноо иштери жалпы аянттын 52,7 % аткарылды.
📌Бахча жыйноо (жалпы 11,8 миң га) иштери 12,24 миң га негизинен аяктады жана рекорддук көрсөткүчтөргө жетти 103,9 %. Дүң жыйым өткөн жыл менен салыштырганда өскөн +53,0 миң тн. Жалал-Абад облусу башкы өндүрүүчү болуп саналат.
📌Техникалык өсүмдүктөрүн жыйноо (жалпы 32,3 миң га) иштери жаңыдан башталып жатат. Май өсүмдүктөрүнүн жыйноосу 58,3 % деңгээлинде (7,3 миң га), тамеки 68,7% пахта 3,2 миң га жыйналып 50,5 % түздү, ал эми кант кызылчасы баштала элек.
▶️▶️▶️▶️▶️▶️▶️
✅По зерновым культурам убрано 529,7 тыс. га из 679,0 тыс. га посевных площадей (78,0%). Это несколько превышает показатель за аналогичный период прошлого года (520,9 тыс. га).
Средняя урожайность в республике составила 31,6 ц/га, что выше прошлогоднего уровня в 29,1 ц/га.
📌Валовой сбор зерновых составил 1674,4 тыс. тонн, что на 158,0 тыс. тонн больше, чем в прошлом году (1516,7 тыс. тонн).
Уборка овощей (всего 56,6 тыс. га) проведена на площади 44,1 тыс. га (78,1%). Валовой сбор увеличился на +22,4 тыс. тонн по сравнению с прошлым годом. Наивысшая урожайность наблюдается в Джалал-Абадской области (294,9 ц/га).
📌Уборка картофеля (всего 64,5 тыс. га) проведена на площади 40,5 тыс. га (62,9%). Рост валового сбора (+5,8 тыс. тонн) и повышение урожайности (180,1 ц/га) демонстрируют положительную динамику. В Иссык-Кульской области уборочные работы проведены на 52,7% от общей площади.
📌Уборка бахчевых культур (всего 11,8 тыс. га) в основном завершена на площади 12,24 тыс. га и достигла рекордных показателей в 103,9%. Валовой сбор вырос на +53,0 тыс. тонн по сравнению с прошлым годом. Джалал-Абадская область является главным производителем.
📌Уборка технических культур (всего 32,3 тыс. га) только начинается. Уборка масличных культур проведена на 58,3% (7,3 тыс. га), табака на 68,7%, хлопка собрано 3,2 тыс. га, что составляет 50,5%, а уборка сахарной свёклы ещё не началась.

✅БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ: ӨЛКӨ КАЛКЫНЫН 70-80 ПАЙЫЗЫ БИЗДИН ИШМЕРДҮҮЛҮК МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ
📌Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде буга чейин түзүмдүк бөлүмдөрдө орун алган мыйзамсыз иштер боюнча кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн министрликте коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча жыйыны учурунда билдирди.
📌Бакыт Төрөбаев жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштерге жол берген айрым түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерин жумуштан алуу, жооптуу кызматкерлерге катуу сөгүш, эскертүүлөр берилип, чаралар көрүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле, министр бардык түзүмдүк бөлүмдөр калкка кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү, автоматташтыруу кылуу керектиги боюнча тапшырмаларды коюп, чек арадагы Ветеринардык кызмат жана Химизация департаментинин кызматкерлерин боди-камералар менен камсыздоо керектигин баса белгиледи. Айтсак, чек арадагы аталган кызматтын кызматкерлерин боди-камералар менен камсыздоо иштерин жүргүзүү боюнча буга чейин эле министр Бакыт Төрөбаев тарабынан жогорудагы кызматтын жетекчилерине тапшырма берилген.
📌“Өлкө калкынын 70-80 пайызы биздин ишмердүүлүгүбүзгө көз каранды, биз менен байланыштуу. Аларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуубуз шарт. Кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу керек. Бул ар түрдүү тобокелдиктерди алдын алуунун бирден-бир жолу. Эгерде дыйкан-фермерлерге тийиштүү, жакшы кызмат көрсөтүп, көйгөйүн чече албасаңыздар анда кызматыңарды бошотушуңар керек”, - деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.
▶️▶️▶️▶️▶️▶️▶️
✅БАКЫТ ТОРОБАЕВ: 70-80 ПРОЦЕНТОВ ЖИТЕЛЕЙ НАШЕЙ СТРАНЫ СВЯЗАНЫ С НАШЕЙ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬЮ
📌В Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности в настоящее время проводятся служебные расследования по фактам незаконных действий, имевших место в структурных подразделениях. Об этом сообщил заместитель председателя Кабинета Министров — министр Бакыт Торобаев на заседании, посвящённом мерам по предотвращению коррупционных рисков и противодействию им, которое прошло под его председательством.
📌Бакыт Торобаев добавил, что в ходе проведённых служебных расследований были уволены некоторые руководители структурных подразделений, допустившие нарушения, а также применены строгие выговоры и предупреждения в отношении ответственных сотрудников. Министр также подчеркнул необходимость цифровизации и автоматизации предоставления услуг населению во всех структурных подразделениях, а также необходимость обеспечить сотрудников Ветеринарной службы и Департамента химизации на границе боди-камерами. Следует отметить, что ранее министр Бакыт Торобаев уже давал соответствующие поручения руководителям вышеуказанных служб по обеспечению сотрудников боди-камерами.
📌“70-80 процентов населения страны зависит от нашей деятельности, они связано с нами. Мы обязаны улучшить качество предоставляемых услуг. Необходимо автоматизировать услуги. Это — один из важнейших способов предотвратить различные риски. Если вы не можете предоставить нужные услуги фермерам и решить их проблемы, тогда вы должны покинуть свои должности”, — добавил Бакыт Торобаев.

28/09/2025

КИЛОГРАММЫ 42 ДОЛЛАРГА БААЛАНГАН ЖАПОН АШКАБАГЫ

26/09/2025
Город Жалал-Абад переименован в Манас - депутаты дали согласие 😎
03/09/2025

Город Жалал-Абад переименован в Манас - депутаты дали согласие 😎

....

Address

Bishkek
720000

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Charba posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Charba:

Share

Charba

Саламатсызбы! Charba Продакшн студиясынын Facebook баракчасына кош келиңиз! Charba эки багытта иш алып барат.

Биринчиси - калкка, ишкерлерге экономика жана бизнес жаатындагы керектүү, так маалыматтарды жатык тилде, тажатпаган стилде жеткирүү. Андыктан Charba телепрограммасын алып чыгуунун үстүндө иш жүргузүүдөбүз.

Экинчиси - жарнаманын баардык түрүн (текст, ролик, сюжет, репортаж, фильм, SMM) даярдоо жана ар кандай иш чараларда ВИДЕО, ФОТО кызматтарын көрсөтүү.

Чакан жана орто ишкердикти өнуктүрүүгө кызыкдар компания, уюм жана жеке жактар менен кызматташууга ачыкпыз! Тартынбай байланышыңыздар ИШКЕРДИКТИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ