СЕРЕП МЕДИА - маалымат агенттиги / News agency - SEREP MEDIA

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • СЕРЕП МЕДИА - маалымат агенттиги / News agency - SEREP MEDIA

СЕРЕП МЕДИА - маалымат агенттиги / News agency - SEREP MEDIA "Сереп медиа" окуяларды чагылдырып, эксклюзив маектерди, түз эфирлерди сунуштайт. Жарнама бөлүмү: 0222 88 29 29

17/10/2025

Учурда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арыздары кабыл алынууда. Биз жөнөкөй жарандан тарта мамлекеттик кызматкерлерге чейин үгүт учурундагы коюлган чектөөлөр кайсылар экендигин сурап билдик. Толугу менен репортаждан көрүңүз.

https://youtu.be/GrIVWkg-l3g?si=lqpOryFMeWfNd3nA

17/10/2025

Бүгүн, 17-октябрда Бишкектеги Эски аянтта асыл тукум малдардын, техникалардын жана азык-түлүк, жер-жемиштердин жарманкеси башталды.

Айыл чарба министрлиги жарманке дагы эки күн - 18-19-октябрда да уланарын билдирди.

17/10/2025

Кечээ, 16-октябрда социалдык тармактарда окуучуларды коркуткан жарандын видеосу тараган. Анда Бишкектеги мектептерде окуучулар өлтүрүлө турганын айтып, мектептердин тизмесин жарыялаган.

Бишкек шаардык милициясы маалымат таратып, факты каттоого алынып, Бишкектеги мектептер текшерилип жатканын билдиришкен.

Көп өтпөй милиция кайра маалымат берип, бардык мектептер текшерилип, шектүү буюмдар табылбаганын билдирген. Ошондой эле окуучуларды коркутуп-үркүтүүгө шектелген эркек кишинин өздүгү аныкталган. Ал — 2005-жылдын 23-октябрында туулган, издөөдө жүргөн Украинанын жараны Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыккан. Ал телефондук терроризм фактысы боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан эл аралык издөө жарыяланган.

Бишкек мэриясы маалымат берип, буга байланыштуу 17-октябрда Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептер онлайн-режимде иштей турганын билдирген. Көп өтпөй эле, окуучулар тууралуу коркутуулар менен видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында эместигин билдирип, муниципалдык мектептердин кадимки режимле иштөө чечими кабыл алынганын билдирди.

16/10/2025

Эгер борбор Манас шаарына которула турган болсо, биз аны сүйүнүч менен кабыл алабыз, бирок дагы убакыт керек. Мындай пикирин Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Манас шаарын өлкөнүн борборуна айлантууга даярдык жетишсиз.

“Борборду Манас шаарына которуу тууралуу мен эч нерсе деп айта албайм. Бирок, саясатчылар социалдык тармактардан өздөрүнүн ушундай сунушун, ой-пикирлерин айтышууда. Эгер борбор Манас шаарына которула турган болсо, биз аны сүйүнүч менен кабыл алабыз.

Жалал-Абад шаарын Манас шаарына өзгөртүү, шаарды өнүктүрүү иштеринин жүрүшүн өлкөнүн борборун Манаска которууга даярдык деп айта албайм. Эгер Манас шаарын борборго айлантуу чечими чыгып кала турган болсо, биз даярбыз. Бирок, дагы кичине иштөө үчүн убакыт керек. Андай чечим азырынча чыга элек. Бүгүнкү күндө борбордун жылышына даярдыгыбыз азыраак десем болот”,- деди шаар мэри.

Address

Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when СЕРЕП МЕДИА - маалымат агенттиги / News agency - SEREP MEDIA posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to СЕРЕП МЕДИА - маалымат агенттиги / News agency - SEREP MEDIA:

Share