Next TV

Next TV - көз карандысыз маалыматтык каналы
- баардыгы өз убагында !

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Арча Медианын Facebook барагы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

‼️УКМКнын мурдагы эки жогорку кызматкери кармалды✔️Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ...
09/10/2026

‼️УКМКнын мурдагы эки жогорку кызматкери кармалды

✔️Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазовду жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовду кармады. Бул тууралуу бир нече ЖМКлар жазды.

✔️Маалым болгондой, Авазов менен Досмамбетовдун кармалышына кайсы кылмыш иши себеп болгону азырынча белгисиз. Аскер прокуратурасынан, Башкы прокуратурадан же УКМКдан расмий комментарий бериле элек.

09/10/2026

‼️Камчыбек Ташиевдин уулу "Айтматов" тасмасын тартты

✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган "Айтматов" аттуу биографиялык тасманын башкы продюсери болду.
Маалым болгондой, тасманы тартуу иштери башталганга чейин режиссер жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен макулдашууга жетишкен. Элдар тасманын алгачкы монтаждалган версиясы менен таанышып чыккандан кийин, анда бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.Тасма Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылган.

✔️Эскерте кетсек, Тимурлан Ташиев 2013-жылы дөңгөлөктөрдү уурдоо ишине шектелген. Бир жылдан кийин иш Бишкектеги райондук сотко өткөрүлгөн.
Жабырлануучулар Ташиевге каршы доо арыз жазуудан баш тартышкандыктан, иш кийинчерээк кыскартылган.

09/10/2026

‼️Орунтаев: “Бишкек аренанын” курулган баасы дагы өзгөрүшү мүмкүн

✔️"Бишкек аренанын" курулуш наркы буга чейин айтылган суммадан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-октябрда "Азаттыкка" курган маегинде билдирди

Видео: Азаттык

09/10/2026

‼️Кемпир-Абад иши боюнча Перизат Суранова кенемте талап кылып сотко кайрылды

✔️“Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, кийин соттон акталган Перизат Суранова 7-октябрда мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бул менин укугумду калыбына келтирүү жана мамлекеттин жоопкерчилигине байланыштуу маселе. Бул ишти аягына чыгаруу мен үчүн маанилүү. Анткени бул бир гана мага тиешелүү иш эмес. Себеби мындай жагдайга туш болгон жарандар өтө көп. Бул ишке укуктук, саясий жана тарыхый баа берилиш керек”, - деди ал.

✔️Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынышкан. Аларга Ички иштер министрлиги “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козголгон. “Кемпирабадчыларды” 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту, 2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту актаган.

‼️Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына өттү✔️Ош облусундагы Кара-Суу базары эми Президенттин Администрациясына...
09/10/2026

‼️Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына өттү

✔️Ош облусундагы Кара-Суу базары эми Президенттин Администрациясына баш ийген "Кыял" мамлекеттик ишканасынын карамагында иштейт. Бул тууралуу базардын жетекчилиги жарыялады. Натыйжада, соодагерлер менен түзүлгөн мурдагы келишимдер жокко чыгарылууда. Сатуучулар жана башка кызыкдар тараптар 10 календардык күндүн ичинде жаңы келишимдерге кол коюулары зарыл.

‼️Түндүк-Чыгыш бажысынын инспектору кармалды✔️Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкери кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы билд...
09/10/2026

‼️Түндүк-Чыгыш бажысынын инспектору кармалды

✔️Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкери кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелүүдө.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, инспектор тарабынан кара металл катары 98 даана жарыктандыруу түркүгүнөн турган жүк өткөрүлгөн.

«Мындан тышкары, жүктү тариздөөдө код туура эмес колдонулуп, анын кесепетинен бюджетке милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», - деп жазылган маалыматта.

✔️Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.

09/10/2026

‼️“Саясий куугунтук” – Карасартова Султанбеков, Атамбаевге чыккан өкүм боюнча

09/10/2026

‼️Бишкекте сексуалдык кылмыштар боюнча соттолгондордун туугандары митинг өткөрүштү

✔️8-октябрда Бишкектин Максим Горький атындагы паркында жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча айыпталган же соттолгон эркектердин туугандары митинг өткөрдү. Катышуучулар жакындарынын иштерин кайра карап чыгууну жана тергөөнүн сапатын баалоону талап кылышууда.

✔️Иш-чарада сүйлөгөндөрдүн бири 2024-жылдан бери козголгон мындай кылмыш иштеринин 90 пайызга чейинкиси "уюштурулган" деп билдирди. Анын айтымында, кээ бир учурларда жашы жете элек кыздар чыныгы жашын жашырып, андан кийин акча талап кылышат.

09/10/2026

‼️Түптө канализация казып жатканда эки адамды топурак басып каза болду

✔️Ысык-Көл облусунун Түп районунда канализациялык түтүк өткөрүү үчүн траншея казып жаткан учурда кырсык болуп, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгы билдирди.
Окуя 3-октябрда Түп айылындагы Клеменко жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 3 метр тереңдиктеги траншеянын капталы урап, ичинде иштеп жаткан 1993-жылы туулган эки жаранды топурак басып калган.

✔️Аларды куткаруу учурунда дагы бир адам топурак алдында калып, ооруканага жеткирилген.
Аталган факт Түп райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуянын себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Address

Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Next TV posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Next TV:

Shortcuts

Share