23/10/2025
«Толубай», Евразиялык сактык банкы жана Grinex Евросоюздун санкциясына кабылды
Евросоюз 23-октябрда Украинадагы согуштан улам Орусияга карата санкциялардын 19-топтомун кабыл алды. Чектөөлөрдүн жаңы топтомуна Кыргызстандын юридикалык жактары да киргенин ЕС журналы жарыялады.
Санкциялар кыргызстандык эки банкка тиешелүү — Евразиялык сактык банкы жана «Толубай» банк. Андан тышкары, Кыргызстанда катталган Old Vector компаниясы тарабынан чыгарылган, рублга байланган А7А5 стейблкоини жана Кыргызстанда каттоодон өткөн Grinex криптобиржасы да бар.
Евросоюздун документтеринде Grinex — Кыргызстанда каттоодон өткөн криптовалюта биржасы жана Орусиянын мамлекеттик «Промсвязьбанк» банкынын кепилденген күрөөсү, A7A5 стейблкоинин сатуучу ири платформа деп сүрөттөлгөн.
«A7A5ке сарпталган ар бир рубль үчүн, буга эквиваленттүү сумма “Промсвязьбанкка” келип түшөт, демек мамлекеттик мекеменин капиталын көбөйтөт. A7A5 “А7” ЖЧКсы жана “Промсвязьбанк” тарабынан иштелип чыгып, Old Vector тарабынан чыгарылган.
Мындай жол менен, Grinex Крымды аннекциялоого жана Украинадагы абалдын туруктуулугун бузууга жооптуу болгон Орусия Федерациясынын өкмөтүнөн пайда көрөт», — деп айтылат документте.
«Толубай» банк жана Евразиялык сактык банкы Евросоюздун санкциялык тизмесине Орусияга төлөм кызматын көрсөткөн жана криптоактивдерди жеткирген финансылык уюмдар катары кирген.
Кыргызстандык банктардан тышкары, ушул эле себеп менен Тажикстандын үч банкы — «Дүйшөмбү Сити Банк», «Спитамен Банк», «Коммерцбанк Тажикистан» кирген.
Санкцияга кабылган төрт банк
Ошентип Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүгө айыпталып, кыргызстандык төрт банк чектөөлөргө кабылып отурат. Мурда Улуу Британия 100% акциясы Кыргызстандын Финансы министрлигине тиешелүү болгон «Капитал Банкка» санкция салып, Орусия ушул банк аркылуу аскерий товарлар үчүн төлөм жүргүзгөн деп айыптаган. АКШ тарабынан «Керемет Банк» санкцияга алынган. Буларга да Орусияга каршы санкцияларды буйтоо боюнча айып тагылып келет.
Grinex криптобиржасы жана А7А5 стейблкоининин эмитенти Old Vector Улуу Британия менен АКШнын санкциялык тизмесине кирген. Британиялык маалыматтарда, төрт ай ичинде A7A5га Орусиянын буйрутмасы менен 9,3 млрд доллар которулган.
АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, A7A5ти иштеп чыгууга жабылып калган, орусиялык криптобиржа Garantex (Grinex анын мураскору деп айтылат), А7, А71 жана А7 Agent компаниялары катышкан. Булардын баары молдовалык бозгун олигарх Илан Шор менен Орусиянын коргоо-өндүрүш комплексинин негизги банкы деп саналган Промсвязьбанк менен байланышкан.
Ошондой эле, «Керемет Банкка» санкция салынганда да Шордун аты айтылган. АКШнын Финансы министрлиги анда, Шор «санкцияларды буйтап өтүү боюнча схемаларда “Керемет Банктын” ролу» жөнүндө талкууларга катышканын маалымдаган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргыз компаниялары менен банктарына каршы санкциялар «жалган маалыматтарга негизделгенин» билдирген.
«Негизсиз санкциялар өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү, жаңыдан калыптанып келе жаткан эконмиканын өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан басым катары бааланат», — деп сүйлөгөн президент, БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында.
Молдовалык журналисттер болсо, Жапаров Илан Шордун Gulfstream G45 бизнес-джети менен учуп жүргөнүн, Кыргызстандын президенти бул учакты расмий жана жеке сапрларында пайдаланарын аныкташкан.