04/11/2025
‼️Токмокто ооруканада дарыгерге кол көтөргөн жаран кармалды
Токмокто 2-ноябрга караган түнү медициналык кароого алынып келинген айдоочу аймактык оорукананын тез жардам бөлүмүндө ызы-чуу салып, дарыгерге кол көтөргөн.
Жол кайгуул кызматкерлери алкоголдук жана баңгизатын текшерүү үчүн жаранды медициналык мекемеге алып барышкан.
Процедуранын жүрүшүндө айдоочу өтө агрессивдүү болуп, адепсиз сөздөрдү айтып, дарыгерлердин бирине кол көтөргөн. Андан соң тез жардам бөлмөсүнүн терезесин талкалап салган.
Социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеодо ал киши «жогорку даражалуу байланыштарым бар» деп айтып, коркутканын көрүүгө болот.
Чүй облустук милициясы айдоочу кармалганын 4-ноябрда кабарлады. Ал 1993-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран. «Токмок- Кошой» автожолунда Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унааны мас абалында айдап жүргөнү аныкталган.
Текшерүү учурунда денесинен жаракат алган дарыгер К.А. арыз жазуудан баш тарткан.
Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгына ылайык мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.
Мындан тышкары, бул окуяга жол берген Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалды.