Factcheck кыргызча

Factcheck кыргызча Такталган маалымат, фейктерге каршы күрөш.

Кеминде сибирь жарасы менен ооругандар табылды деген аудио билдирүү коомдук тармактарда таркатылып жатат. Анын автору фа...
04/06/2024

Кеминде сибирь жарасы менен ооругандар табылды деген аудио билдирүү коомдук тармактарда таркатылып жатат. Анын автору фастфудду, самсаларды жана колбасаларды эки ай жебей турганга чакырат, анткени, анын пикиринде, эт Токмокто сатылып, Бишкектеги колбаса чыгаруучу цехте иштетилиши мүмкүн. Factcheck.kg’нин редакциясы бул билдирүүнүн калп-чынын текшерип көрүүнү туура көрдү. Карусели барактаңыз➡️

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мифтер жана фейктер адамдарды жаңылыштырып гана тим болбой, климаттык кризистин кесепет...
04/06/2024

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мифтер жана фейктер адамдарды жаңылыштырып гана тим болбой, климаттык кризистин кесепетин азайтыш үчүн тийиштүү чараларды өз убагында көрүүгө залакасын тийгизип келет.

Factcheck.kg глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эл арасында кеңири тараган мифтерди жана фейктерди талдап чыкты.

Кыргызстан кезектеги басма сөз эркиндигинин рейтингинде 120-орундан жогору көтөрүлө албады. 180 өлкөнү камтыган Дүйнөлүк...
04/06/2024

Кыргызстан кезектеги басма сөз эркиндигинин рейтингинде 120-орундан жогору көтөрүлө албады. 180 өлкөнү камтыган Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексин жыл сайын Чек арасыз репортерлор уюму түзүп, сунуштап турат.

Кыргызстан, кошуналары жана союздаштары канчанчы орунда экенин бүгүнкү карточкалардан окуңуз➡️

Былтыр май айында КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орн...
15/05/2024

Былтыр май айында КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Татарстан Республикасынын (Орусия) «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагы (ӨЭА) кыргызстандыктардын Орусияда жумушка орношуусуна көмөктөшүү жөнүндө келишимге кол коюшкан болчу.

Кийин ЖМКларда «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында чет элдик кыздарга бир убакта окуганга да, иштегенге да мүмкүнчүлүк ачкан «Алабуга Старт» деген дуалдык программанын иштей башташы тууралуу маалымат таркатыла баштаган.

Болжолдуу ошол эле убакытта «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында “Шахид-136” (“Шахед-136”) иран дрондору чогултулуп жаткандыгы тууралуу орусиялык “Протокол” басылмасынын жана “РЗВРТ” YouTube-каналынын бирлегешип даярдаган иликтөөсү жарыяланган болчу.

Бул материалыбызда «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагы деген эмне экенин, Украинадагы согуш үчүн иран дрондорун чогултууга студенттерди кантип тартышаарын, Кыргызстандын кыздары кандай роль ойноп жатканын жана «Алабуга Старт» программасынын буга кандай тиешеси бар экенин айтып беребиз.

Мурунку постто Казакстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштырган “Салтанат мыйзамы” ...
15/05/2024

Мурунку постто Казакстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кылмыш жоопкерчилигин катаалдаштырган “Салтанат мыйзамы” жана Кыргызстандагы учурдагы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун чаралары тууралу сөз кылганбыз.

Ушул мыйзамдардын эсебинен Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны азайдыбы? Бул материалда карайбыз.

Мурдагы материалыбызда эмне үчүн Салтанат Нукенованы күйөөсү – улуттук экономика министрлигинин мурдагы жетекчиси Куанды...
15/05/2024

Мурдагы материалыбызда эмне үчүн Салтанат Нукенованы күйөөсү – улуттук экономика министрлигинин мурдагы жетекчиси Куандык Бишимбаев – өлтүргөндүгү коомдо чоң резонансты жараткандыгы тууралуу айтып бергенбиз.

Кылмыш иши каралып жаткан учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катуулаткан мыйзамга кол койду. Эл арасында бул мыйзам «Салтанат мыйзамы» деп атала баштады. «Салтанат мыйзамынын» маңызы жана Кыргызстандагы
үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун чаралары жөнүндө айтып бермекчибиз.

Учурда коомдук тармактар жаңылыктар менен таанышуунун негизги булактары болуп калды. Өзгөчө Инстаграмдагы жаңылык паблик...
02/05/2024

Учурда коомдук тармактар жаңылыктар менен таанышуунун негизги булактары болуп калды. Өзгөчө Инстаграмдагы жаңылык пабликтер популярдуу. Бирок алардын ЖМКлардан чоң айырмачылыктары бар. Бул материалда алардын негизгилерине жана кыргыз ЖМКлары пабликтерден эмнеге үйрөнсө болооруна токтолобуз.

Коомдук тармактарда «apple ID’нин учеттук жазуулары күтүлбөгөн жерден көп сандагы хакерлик чабуулга дуушар болду» деген ...
22/04/2024

Коомдук тармактарда «apple ID’нин учеттук жазуулары күтүлбөгөн жерден көп сандагы хакерлик чабуулга дуушар болду» деген маалымат таркатылууда. Factcheck.kg’нин окурманы бул маалыматты текшерип берүүнү өтүндү.

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу эң чуулгандуу соттук процесс жүрүп жатат. Улуттук экономика министрлигини...
22/04/2024

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу эң чуулгандуу соттук процесс жүрүп жатат. Улуттук экономика министрлигинин мурдагы жетекчиси Куандык Бишимбаев жана анын бир тууганы Бахтыжан Байжанов соттолууда. Экс-министрге жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деген айып коюлууда, ал эми анын бир тууганы кылмышты жаап-жашырып, ал тууралуу тийиштүү органдарга маалымат жеткирбеген деп соттолуп жатат.

Эмне үчүн экс-министрдин иши элдин көңүлүн өзүнө ушунчалык бурдуруп жатканын жана ал эмнеси менен Кыргызстан үчүн маанилүү экенин бул макалада айтып беребиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков 2021-жылдын соңунда Ноокен шайлоо округунан шайланып, кайра депутат болгон. У...
22/04/2024

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков 2021-жылдын соңунда Ноокен шайлоо округунан шайланып, кайра депутат болгон. Уулу Алымбек Бактыбеков анын жолун улап Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон. Factcheck.kg редакциясы депутаттардын кандай бизнеси бар экенин иликтеп чыкты.

Эмне үчүн көп жылдардан бери АКШнын бийлиги TikTok’тун колдонулушун чектегенге аракет кылып келет? Карусельден окуңуз👉🏼
17/04/2024

Эмне үчүн көп жылдардан бери АКШнын бийлиги TikTok’тун колдонулушун чектегенге аракет кылып келет? Карусельден окуңуз👉🏼

14/04/2024

Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 18-мартына карата республика боюнча кызамык менен ооруган 6081 учур катталган.

Калк арасында кызамык жөнүндө эң популярдуу мифтер кайсылар?

Address

Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Factcheck кыргызча posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share