Газета "Кут Билим"

Газета "Кут Билим" "Кут Билим" освещает новости и события в сфере образования и науки

29/10/2025

Ваучер – бул балага берилген минималдуу мамлекет тарабынан кепилденген каржылоо. Жалпысынан республика боюнча 1000 квота бөлүнгөн.

Эгерде төмөнкүдөй жеңилдиктер боюнча категорияга киргендер болсо:

-18 жашка чейинки 5 (беш) жана андан ашык балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, анын ичинде асырап алынган балдар,
- жеке ассистенттин кызматын албаган майыптыгы бар балдар;
- ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) I же II топтогу майып жана ал майыптыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдар;
-аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн баласы.
-Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ваучер берилет.

Бүгүнкү күнгө карата ваучер алуу үчүн 899 арыз кабыл алынды!
Анын ичинен 385 арыз социалдык комиссия тарабынан жактырылды.
Ал эми 237 бала азыркы учурда жеке менчик бала бакчаларга ваучер аркылуу барышат.

С 29 по 31 октября 2025 года в Санкт-Петербурге на площадке КВЦ «Экспофорум» пройдет Международный Муниципальный Форум Б...
28/10/2025

С 29 по 31 октября 2025 года в Санкт-Петербурге на площадке КВЦ «Экспофорум» пройдет Международный Муниципальный Форум БРИКС. Площадка Форума объединит партнеров из более 70 стран и 2000 городов по всему миру. Ежегодно участниками данного события являются более 5 000 российских и зарубежных глав субъектов и региональных парламентов, мэров крупных городов, руководителей крупных коммерческих компаний, представителей инвестиционных фондов и банковских структур и других. Стоит отметить, что роль регионов в выстраивании дружественных и прочных отношений между странами в рамках ММФ БРИКС 2025 является ключевой и многогранной. Регионы играют роль связующего звена, которое делает сотрудничество в рамках БРИКС более гибким, устойчивым и эффективным.

С 29 по 31 октября 2025 года в Санкт-Петербурге на площадке КВЦ «Экспофорум» пройдет Международный Муниципальный Форум БРИКС. Площадка Форума объединит партнеров из б....

Ар бир улуттун жүзү, тарыхы, маданияты — анын тилинде камтылат. Тил бул — жөн гана байланыш каражаты эмес, бул улуттун ж...
28/10/2025

Ар бир улуттун жүзү, тарыхы, маданияты — анын тилинде камтылат. Тил бул — жөн гана байланыш каражаты эмес, бул улуттун жан дүйнөсү, улуттук өзгөчөлүгүн сактап турган улуу касиет. Өткөн аптада К.Кольбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде «Тил – улуттун жан дүйнөсү» декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Тил жана маданият

Мамлекеттик тил күнүнө карата жогоруда аталган колледжде 23-сентябрдан баштап «Тил – улуттун жан дүйнөсү» аталышындагы өткөрүлгөн он күндүк декаданын негизги максаты – кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары маанисин тереңдетүү, студенттердин эне тилге болгон кызыгуусун жана урматтоосун арттыруу, ошондой эле улуттук баалуулуктарды жайылтуу болду.

Ар бир улуттун жүзү, тарыхы, маданияты — анын тилинде камтылат. Тил бул — жөн гана байланыш каражаты эмес, бул улуттун жан дүйнөсү, улуттук өзгөчөлүгүн сактап турга...

Академиялык алмашуу жана илимий кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) Германиядагы...
28/10/2025

Академиялык алмашуу жана илимий кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) Германиядагы Цвиккау колдонмо илимдер университетинин (Westsächsische Hochschule Zwickau) профессорлору менен жолугушуу өттү.

Иш-чарага Цвиккау колдонмо илимдеринин бизнести башкаруу, башкаруучулук эсеби жана ички аудит кафедрасынын профессору, д-р Х. Кристиан Браувайлер, “Бизнес жана экономикадагы инженерия” багытынын профессору Дирк Фёрстер-Тралло, ошондой эле Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Борбордук Азия программасынын жетекчиси д-р Гизела Циммерман катышышты.

Толугу менен төмөнкү сайттан окуңуз.

https://kutbilim.kg/news/inner/aeunun-studentteri-germaniyanyn-leonhard-euler-granttaryna-ee-bolushtu/

Кыргызстанда мугалимдер үчүн жаңы санариптик Устат билим берүү платформасы — Ustat ишке кирди.Кыргыз Республикасынын Ага...
28/10/2025

Кыргызстанда мугалимдер үчүн жаңы санариптик Устат билим берүү платформасы — Ustat ишке кирди.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунда мугалимдер менен усулчулар үчүн жаңы санариптик «Ustat» платформасы иштей баштады. Платформанын ишке кириши Институттун 80 жылдык мааракесине туш келип, ал мекеменин өнүгүүсүндөгү жана билим берүүнүн заманбап санариптик форматына өтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Кыргызстанда мугалимдер үчүн жаңы санариптик Устат билим берүү платформасы — Ustat ишке кирди. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалы....

27/10/2025
Мугалимдик кесип  —  ардактуу, сыймыктуу, түйшүктүү  жана жоопкерчиликтүү. Ошону менен бирге ал абдан чыдамкайлык менен ...
27/10/2025

Мугалимдик кесип — ардактуу, сыймыктуу, түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү. Ошону менен бирге ал абдан чыдамкайлык менен сабырдуулукту талап кылат. Баланы өз баласындай сүйүп, боорукер, мээримдүү болуу менен балдардын сүйүүсүнө арзыйт. Балдардын сабаттуулугун ачып, айлана-чөйрөгө, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу — мугалимдин милдети.

Үй-бүлөдө баланы тарбиялоо ата-эненин милдети болсо, мектепке келгенден баштап, балага тарбия, билим берүү мугалимдин милдети. Ар бир мезгилдин, ар бир учурдун мугалими, өзгөчө касиет, сапаттарга ээ болгон. Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасында, башкы каарман Дүйшөн агайыбыз балдардын сабатын ачуу үчүн кандай гана тоскоолдуктарды жеңип, кыйынчылыктарга чыдады. “Мугалим мөмөлүү – дарак” деп бекеринен айтылбаган. Мугалим ар бир окуучусунун ийгилиги, жетишкендиги менен сыймыктанып жашап келет. Ч.Айтматовдун “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөзү, ар бир окуучубузга таандык. Окуучуларым акыл-эстүү, элин-жерин сүйгөн, эли-жери үчүн ак кызмат кылган инсандар болсо деп, ар бир мугалим тилек кылат. Ошондуктан ар бир учурдун мугалимдеринин түйшүктүү эмгеги зор, сыйга татыктуу.

Толугу менен төмөнкү сайттан окуңуз.

https://kutbilim.kg/analytics/inner/uchurdun-mugalimi-kelechektin-m-t/

Быйыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин негизделгенине 100 жыл толду. Ушул маанилүү датага арналга...
27/10/2025

Быйыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин негизделгенине 100 жыл толду. Ушул маанилүү датага арналган салтанаттуу иш-чара 25-октябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, өлкө жетекчилигинин атынан куттуктоо сөзүн айтты.

Мааракенин алкагында коноктор университеттин тарыхына арналган көргөзмө менен таанышып, атайын тартылган фильм жана театралдаштырылган прологду көрүштү.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин профессордук-окутуучулар курамын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, КУУнун тарыхый миссиясына токтолду.

Толугу менен төмөнкү сайттан окуңуз.

https://kutbilim.kg/news/inner/kyrgyz-uluttuk-universitetine-100-zhyl/

24-октябрдын түнүндө Сербия өлкөсүнөн дагы бир кубанычтуу кабар келди.Бул өлкөнүн Нови Сад  шаарында спорттук күрөш боюн...
27/10/2025

24-октябрдын түнүндө Сербия өлкөсүнөн дагы бир кубанычтуу кабар келди.

Бул өлкөнүн Нови Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Кечээ Кыргызстандын намысын коргогон Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки балбан кыздар арасында 72 кг салмакта күч сынашып, Дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынып, элибизди кубантса, 68 килограмм салмакта күч сынашкан Гүлнур Таштанбекова коло байгелүү болду.

24-октябрдын түнүндө Сербия өлкөсүнөн дагы бир кубанычтуу кабар келди. Бул өлкөнүн Нови Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө че....

7–9-октябрда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы ар түрдүү мекемелерден жана окуу жайлардан тандап алынган адистер Ка...
27/10/2025

7–9-октябрда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы ар түрдүү мекемелерден жана окуу жайлардан тандап алынган адистер Казакстандын борбору Астана шаарында үч күндүк интенсивдүү стажировкага катышып келди. Бул иш-чара “Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринин (НИМ) алдындагы Педагогикалык чеберчилик борбору (ПЧБ) тарабынан уюштурулуп, эки республиканын мугалимдери үчүн эл аралык билим берүү стандарттары менен жакындан таанышууга, жаңы усулдарды өздөштүрүүгө жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Стажировкага төмөнкү мекемелердин өкүлдөрү катышты: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, “Кыргызстан Маариф” фондунун Ала-Тоо эл аралык университети, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ош билим берүү институту жана Борбор Азиядагы Америка университети (AUCA). Бардык катышуучулар – педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенген адистер. Баары атайын сурамжылоо аркылуу тандап алынган. Кыргыз делегациясын Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун эл аралык бөлүмүнүн жетекчи адиси Акынбек Эргешов баштап барды.

Толугу менен төмөнкү сайттан окуңуз.

https://kutbilim.kg/analytics/inner/alysky-tuugandan-zhakynky-koshuna/

Address

Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Газета "Кут Билим" posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Газета "Кут Билим":

Share