13/12/2025
Аким Өзгөндү эскерүү
Бүгүн маркум Аким Өзгөндүн (13.12.1953--27.3.2017) тууулган күнү эле...
Барпы уулу Өзгөн өз үй-бүлөсү менен бирге XX кылымдын башында кыргыз коомунун бир кыйла өкүлдөрү баштан кечирген бозгундук азап-тозокту көрүп, Өзгөндөн Чыгыш Теңир-Тоого жана андан ары Пакистан жергесине көчүп барган. Ал - эгеменчилер кыймылынын өкүлү болчу.
Барпы ата Пакистанда 1953-жылы 13-декабрда перзенттүү болуп, атын Аким койгон.
Барпы ата жана башка тууган-туушкандары ал жактан Түркия жумуриятына келип жайгашып калышкан, бирок азыркыга чейин Пакистанда кала берген туугандары да бар.
Ата-энеси Түркияга келген соң, ал Түркиянын атуулдугун алган. “Өзгөн” деген тегатты алганда, Аким өзүнүн ата-бабасынын жерин өмүр бою таберик кылып эстеп жүрүү үчүн тандаган. Агасы Хамид Өзгөн (кыргызча Каамыт Өзгөн) жана бир катар башка тууган-туушкандары да ушул тегатты сыймык менен алып жүрөт.
Түркия Барпынын бүлөсүнө башпаана гана бербестен, билимге, кесипке ээ болуп, атуулдук бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга да шарт түзгөн экинчи Ата Журт болуп калды.
Аким аганын иниси Аруун Барпы Түркиянын аскеринде маал-маалы менен кызмат өтөгөндүгүн айтканы эсимде.
1980-жылдардан тартып Аким Өзгөн башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа /Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматында (“Азаттык” үналгысында) иштей баштаган. Бул кызматтын директору Азамат Алтай 1988-жылы ардактуу эс алууга кеткен соң, кыргыз тили так, шыктуу Аким Өзгөн ордуна “Азаттык” үналгысынын жетекчиси болуп дайындалган.
Дал ошол доор – Кыргызстанда Кайра куруулар доорунун күрдөөл кезеңи болчу.
Аким Өзгөн деректир болуп турган чагында (1989-95), “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын тиешелүү тилдердеги кызматтарынын (редакцияларынын) жетекчилеринин ичинен ал алгачкы болуп өз тарыхый мекенине расмий сапар менен келген. Балтика боюндагы өлкөлөр үчүн иштеген кызматтардын биринин башчысы бир ирет жалпы “Азаттык” боюнча өзү биринчи болуп СССРге барганын айтканда, мен ага түзөтүү киргизгеним эсимде: мындай биринчи жетекчи – кыргыз болчу, Аким Өзгөн мырза болчу! Бул маалыматты Аким аганын өзүнөн да тастыктагам.
Аким Өзгөн 1989-жылы августта Ала-Тоого келген, ал эми Балтика боюндагы алиги кызматтын деректири сентябрда барган.
Аким байкенин алгачкы ирет Ала-Тоого келишинин максаты ‑ 1989-жылы август-сентябрда демократ акын Токтогул Сатылган уулунун 125 жылдык торколуу тоюна катышуу эле. Аким Өзгөн мырзанын Советтер Биримдигине алгачкы жолу расмий сапарга аттануу үчүн виза алышына СССРдин президенти М.С.Горбачёвдун кеңешчиси, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ролу чоң болгон.
Чыңгыз агай Аким Өзгөндүн Мүнхендеги үйүндө да ошол Кайра куруулар доорунда конокто болгон. Акимдин эки уулуна Нойон, Айкут деп Чыңгыз Айтматов ат койгон. Кенже уулуна Аким ага өзү бир байкесинин атына уйкаш болсун деп Эркут ысымын берген.
Ал кезде КТРден бир берүү уюштурулуп, Аким Өзгөндөн журналист мындай деп сурап калды:
“Сиз Германиянын Мүнхен шаарында жүрүп кыргызча таза сүйлөйт экенсиз. Себеби эмнеде?
Аким байке өзүнө таандык жумшак юмор менен:
“Анткени мен Фрунзе шаарында жашабайм да!” деп жооп узаткан.
Андан көп узабай эле, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жалгыз кыргыз тилин “мамлекеттик тил” деп жарыялаган.
Аким Өзгөн агай 1990-жылдан тартып кабарчы катары “Азаттыкка” кыргызстандыктарды тартуу ишин баштады.
Мурдараак жазганымдай, ошентип, “Азаттык” үналгысы жалпы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы боюнча СССР кулай элек кезде өзүнө жергиликтүү кабарчы таба алган алгачкы кызмат (редакция) болуп калды.
Бул – кыргыз тилинде берүү уюштурган “Азаттыкка” гана упай алып келбестен, аны менен ачык кызматташууга дааган инсан чыккан кыргыз совет коомун да мактоого арзытат.
Бул алгачкы кабарчы – белгилүү түрколог окумуштуу, топонимист, тилчи Кадыралы Коңкобаев агай эле. Ал, жаш илимпоз чагында, 1990-жылы жана 1991-жылдын март айынын акырына чейин “Азаттыктын” туңгуч кабарчысы катары иштеди.
1991-жылы мартта К.Конкобаев Түркияга орток түрк сөздүгүн түзүү жаатындагы илимий сапарга кетти.
Аким Өзгөн мырза 1991-жылдын апрелинен тартып мени “Азаттыктын” экинчи кабарчысы катары кызматка алды.
1992-жылдан тартып “Азаттыктын” Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп калдым.
Аким Өзгөн 1992-жылдан тартып “Азаттыктын” берүүлөрүн Кыргызстанда орто толкунда жана башка жыштыктарда обого чыгарууга, “Азаттыктын” Бишкектеги бюросун ачууга жетишкен...
(Калганын бул макаладан окуңуз):
https://www.azattyk.org/a/hakim_ozgen_obituary_by-chorotegin/28393325.html
Т.Чоротегин
13.12.2025.
“Азаттык” үналгысынын мурдагы директору Аким Өзгөн 27-мартта дүйнөдөн кайтты.