Chyndyk_kg

Chyndyk_kg Биздин күч - ачуу Чындык!!!

Токмокто өгөй балдарын зым, күрөк менен урду деп шектелген адам эки айга камалды Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБдин тергө...
07/08/2026

Токмокто өгөй балдарын зым, күрөк менен урду деп шектелген адам эки айга камалды
 
Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү катары 38 жаштагы Ч.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ош шаарынын Ж. Раимбеков көчөсүндө 2026-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түнү "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерине ...
04/08/2026

Ош шаарынын Ж. Раимбеков көчөсүндө 2026-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түнү "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аялдын өздүгү аныкталып, ал Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган бөлүмдүн тергөө кызматына жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен бүгүн тиешелүү чечим кабыл алынат. Жеткирилген аял Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 1992-жылы туулган тургуну, эч жерде иштебейт. Ошол күнү курбусу менен анын үйүндө алкоголдук ичимдик ичип чыккандыгын, бирок мас абалда болгондуктан "Ош-Тазалыкта" иштеген жумушчу аял менен болгон окуя эсинде жок экендигин билдирди.

Учурда тергөө кызматы окуя боюнча иликтөөнү улантып жатат.

Бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу “Формула-1" (F1H2O) сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жарышы боюнч...
01/08/2026

Бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу “Формула-1" (F1H2O) сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Биринчи машыгуулар күн мурун, 31-июлда болуп, анда спортчулар негизги жарыштардын алдында трасса менен таанышып, жабдууларын сынап көрүштү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы F1H2O дүйнөлүк чемпионатына 13 өлкөнүн: Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Италия, Норвегия, Польша, Португалия, Швеция, Улуу Британия жана АКШнын өкүлдөрүнөн 8 команда жана 18 пилот катышат.

Спорттук программадан тышкары, кечинде коноктор жана катышуучулар үчүн эл аралык жана орусиялык жылдыздардын катышуусундагы концерт өтөт.

Бүгүн, 31-июлда президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчыла...
01/08/2026

Бүгүн, 31-июлда президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчылары мейманкананын негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгып, анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, жайгаштыруу шарттары, ошондой эле ишкердик, маданий жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн түзүлгөн инфраструктурасы менен таанышышты.

Долбоордун ишке ашырылышы кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгынын жыйынтыгы экени белгиленип, ал Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.

Baku Resort & Spa - Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан заманбап беш жылдыздуу мейманкана комплекси. Курорттун курамына мейманкана, коттедждер, конгресс-холл, ден соолукту чыңдоо борбору, спорттук жана көңүл ачуучу инфраструктура объекттери, ошондой эле көрктөндүрүлгөн жээк аймагы кирет. Комплекс жыл бою конокторду кабыл алууга, ошондой эле эл аралык, ишкердик жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Ысык-Көлдө өтө турган суудагы "Формула-1" (F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын алкагында Кыргызстанга Голливуд ак...
30/07/2026

Ысык-Көлдө өтө турган суудагы "Формула-1" (F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын алкагында Кыргызстанга Голливуд актёру Жан-Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов Бает айылында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда уюштуруучулар белгилүү актёрдун келишин күтүп жатышат.

"Учурда жогорку даражалуу коноктордун бири Мадриддеги учакта бара жатат. Биз Жан-Клод Ван Даммды күтүүдөбүз. Белгилүү актёрлорду жана дүйнөгө таанымал адамдарды чакыруу оңой иш эмес, бирок бул багытта иш алып барып жатабыз", - деди Айбек Абылкасымов.

Ошондой эле ал кийинки мелдештерге дагы башка белгилүү конокторду чакыруу пландалып жатканын билдирди.

"Бул спорт түрүнө көптөгөн белгилүү жана жогорку кызматтагы адамдар кызыгышат. Биз алардын Кыргызстанга келишин күтүүдөбүз. Эгер бул жолку этапка жетишпесе, кийинки мелдештердин бирине Криштиану Роналдуну чакырууга аракет кылабыз", - деди федерация башчысы.

Белгилей кетсек, суудагы "Формула-1" боюнча F1H2O дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.

Өлкөдө мамлекеттик башкарууда өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, иш билгилиги менен айырмаланган жетекчилердин бири катары КР...
29/07/2026

Өлкөдө мамлекеттик башкарууда өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, иш билгилиги менен айырмаланган жетекчилердин бири катары КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев таанылып келет. Анын жетекчилиги алдында бир катар ири мамлекеттик объектилер курулуп, инфраструктуралык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулууда. Президент тарабынан берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, мамлекеттин аброюн көтөрүүгө багытталган иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат.

Бирок акыркы күндөрү анын дарегине негизсиз сын-пикирлер менен коштолгон каралоо аракеттери күчөгөнү байкалууда. Айрым ушактологдор арык аттап, суу кечпеген ушактарды таратып, Каныбек Туманбаевди Орусиянын жараны катары көрсөтүүгө аракет кылып, коомчулукту адаштырууну көздөп жатышканы анык. Чындыгында, Каныбек Туманбаев Кыргыз Республикасынын жараны жана бул боюнча ар кандай ушак-айыңдардын эч кандай жүйөлүү негизи жок.

Тилекке каршы, коомдо жасалган ишке баа берүүдөн көрө, ушак таратып, ар бир ийгиликтен кемчилик издегендер ар дайым болот. Бирок мамлекеттин өнүгүшүнө реалдуу салым кошуп жаткан адамдарды каралоо менен чындык өзгөрбөйт. Эл үчүн эмгектенип, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып жаткан инсандын эмгеги ушак менен эмес, жыйынтыгы менен бааланат.

«Ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей, Каныбек Туманбаев Президенттин командасындагы мыкты ишмер, жоопкерчиликтүү жетекчи катары өз ишин мындан ары да улантып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ак кызматын өтөй берет.

Булак:Чындык.медиа

”Жора Ташкентский” жана “Сорока” деген каймана аттар менен белгилүү болгон “мыйзамдагы ууру” Георгий Сорокин Египетте ка...
28/07/2026

”Жора Ташкентский” жана “Сорока” деген каймана аттар менен белгилүү болгон “мыйзамдагы ууру” Георгий Сорокин Египетте кармалып, экстрадицияланды; ал эл аралык кылмыштуу схемаларды уюштуруу жана Борбор Азия өлкөлөрүнө баңгизат жеткирүү боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 54 жаштагы бул кылмыштуу топтун лидери КМШ өлкөлөрүндө жасалган бир катар оор кылмыштар, анын ичинде опузалап талап кылуу, каракчылык, ошондой эле курал-жарак жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча Интерполдун эл аралык издөө тизмесинде көптөн бери жүргөн.

Акыркы жылдары Сорокин Дубайда жашап, жасалма паспорт менен чет өлкөлөргө каттап жүргөн. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги менен чет өлкөлүк укук коргоо органдарынын биргелешкен атайын операциясынын натыйжасында шектүү Шарм-эль-Шейхте кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Ташкентке алынып келинди.

28/07/2026

Түрмөдө жаза өтөп жаткандар жапырт Манас айтышууда

Кечээ абакта кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрү үстөмдүк кылса, бүгүн "Манас" жаңырып жатат. Бул тартиптин орногонун, улуттук баалуулуктардын күчөп жатканын билдирген жакшы жышаан. Элдин улуу мурасы тарбиянын да күчтүү куралы боло аларын убакыт көрсөтүүдө.

1-августта саат 10:00дөн 14:00гө чейин «Суудагы Формула-1» өткөрүлүүчү аймакка кирүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Уюшт...
27/07/2026

1-августта саат 10:00дөн 14:00гө чейин «Суудагы Формула-1» өткөрүлүүчү аймакка кирүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Уюштуруучулар билдиргендей, бул мелдештин регламентине жана коопсуздук талаптарына байланыштуу.

Иш-чарага күндүн биринчи жарымында барууну пландаштырган коноктордон аймакка саат 10:00гө чейин кирип алуу керек. Бул убакытка чейин кирип үлгүрбөгөндөр аянтчага 14:00дөн кийин гана кире алышат.
Күтүп калбоо жана иш-чаранын программасын өткөрүп жибербөө үчүн келүүчүлөргө баруу убактысын алдын ала пландаштыруу сунушталат.

31-июлда жана 2-августта аймакка кирүү күн бою эч кандай чектөөсүз ачык болот.

Address

Кыргызстан
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:30
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 17:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Chyndyk_kg posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Chyndyk_kg:

Shortcuts

Share