
20/05/2025
Ардактуу окурмандар жана достор!
Эртең Бексултан Жакиев түзгөн “Манас” эпосунун англис тилиндеги котормосунун Кыргызстандагы бет ачары өтөт. Кыргызстандагы дегенимдин себеби былтыр бул китепти биз “Бугупресс” чыгарып, 2024-жылдын 22-апрелинде бет ачарын Германиянын Берлин шаарынан өткөрүп келгенбиз. Ошондо жалпы коомчулукка тааныштырганбыз. Ал бет ачарды Bugupress басма үйү КРнын Германиядагы элчилиги менен уюштурган. Китепти которгон Akylay Baimatova. Рецензиялаган филология илиминин кандидаты Алымжан Закиров.
Эми Манас Улуттук Академиясы кайрадан “Манасты” даңктоо максатында экинчи жолу чыгарып, бет ачарын Бишкектен өткөрүп жатат. Буюрса баарыңарды чакырабыз. Келиңиздер. Толук маалымат чакырууда, ылдыйда сүрөттө