Govori TV

Govori TV Новости Кыргызстана

15/09/2026

📌Унаасы менен парк аралаган айдоочу айыпка жыгылды

Кайгуул кызматы тараткан маалыматка ылайык, 18 жаштагы жигит Hyundai Avante унаасы менен Бишкектеги “Адинай” паркын аралаган.

Айдоочу кооптуу абалда унаа айдоону улантып, кырсыкка себеп болгон.
Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.

Айдоочуга 120 миң сом айып пул салынганын маалымдалды.

Касымалиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору менен жолукту
15/09/2026

Касымалиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча аймактык директору менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин менен ...

Унаасы менен парк аралаган айдоочу айыпка жыгылды
15/09/2026

Унаасы менен парк аралаган айдоочу айыпка жыгылды

Кайгуул кызматы тараткан маалыматка ылайык, 18 жаштагы жигит Hyundai Avante унаасы менен Бишкектеги “Адинай” паркын ...

📌“Чийилип көнүп калгам”. Аалы Туткучев талкуу боюнча үн каттыТөкмө акын Аалы Туткучев социалдык тармактагы талкуулар бою...
15/09/2026

📌“Чийилип көнүп калгам”. Аалы Туткучев талкуу боюнча үн катты

Төкмө акын Аалы Туткучев социалдык тармактагы талкуулар боюнча үн катты. Ал эч кимге капачылыгы жок экенин, чийилип көнүп калганын билдирди.

Акын Таластагы чакан тойдо ырдаган чыгармасы талкуу жаратканын белгилеп, коомчулуктун пикирине түшүнүү менен караганын айтты. Ошондой эле ал протоколдук жагдайлар жана иш-чаранын программасы өзгөргөнүн кошумчалады.

Туткучев мурда Таластагы мааракеге чакырылып, кийин тизмеден чыгарылганы коомчулукта талкуу жараткан.

15/09/2026

📌Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты

Бишкектин Ак-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, ал коңшу үйгө да жайылган. ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт саат 9:19да толук өчүрүлгөн.

Ошто жер титиреди
15/09/2026

Ошто жер титиреди

15-сентябрда саат 07:55те Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Шоро-Башат ...

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт
15/09/2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

Мэриядан билдиришкендей, эртең, 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол ...

15/09/2026

📌Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү мектептер 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Бүгүнкү күнгө карата 1-класска 146 миң 852 окуучу кабыл алынды.
Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.

Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады
15/09/2026

Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү мектептер 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ...

Чүйдүн эки районунда казак дарыгерлери бейтаптарды көрөт
15/09/2026

Чүйдүн эки районунда казак дарыгерлери бейтаптарды көрөт

15–17-сентябрда Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандын тармактык адистеринин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иш ...

Address

Frunze

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Govori TV posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Govori TV:

Shortcuts

Share