03/12/2019
⚡️Бүгүн - Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү. Аллах Таала адамдардын бардыгын ар бирине тиешелүү өзгөчөлүк менен жаратып, ар бирибиздин маңдайыбызга уникалдуу тагдырды жазган. Коомубузда бай жана кедей, алсыз жана күчтүү адамдар бар. Биз ар түрдүүбүз, бирок ар бирибиздин бул дүйнөдөгү миссиябыз, укуктарыбыз жана милдеттерибиз бар.
📌Өзгөчө тагдырлардын ээси болгон мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге татыктуу мамиле кылуу - ар бир мусулмандын милдети. Бул иште улуу өрнөктү сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ көрсөткөн.
Мисалы:
1- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге катардагы эле адамдардай мамиле кылган. Пайгамбарыбыз ﷺ алардын коомдон бөлүнүп калуусуна жол берген эмес.
2- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге алсыз адамдардай караган эмес. Тескерисинче, аларга маанилүү тапшырмаларды берип, коомдун бардык иштерине активдүү аралаштырууга аракеттенген. Мисалы, Пайгамбарыбыздын ﷺ көзү азиз сахабасы Абдулла ибн Умм Мактум Аллах элчисинин тапшырмасы менен 13 жолу жамаат менен окулчу намазга имамдык кылган. Ошондой эле, ага азанчылык милдет да жүктөлгөн.
3- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ишке орношууга, жумуш табууга ар дайым жардам берген.
Пайгамбарыбыздын убагында мүмкүнчүлүгү чектелген Захир аттуу сахаба жашаган. Ал сырткы келбетинен уялгандыктан, элдердин арасында жүрүүдөн качып, жалгыз чөлдө жашачу. Бир жолу пайгамбарыбыз мөмө-жемиштерди чогултуп, көзү азиз Захирге буларды Мединанын базарында биргеликте сатууну сунуштайт. Пайгамбарыбыз Захирге бул соода-сатык иштеринде жардамдашып, муну менен катар ага дайыма мактоо сөздөрүн айтып, “Захир-биздин чөлүбүз, а биз анын шаарыбыз”, - дечү эле.
4- Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерди алардын сырткы келбетиндеги өзгөчөлүктөрдөн улам шылдыңдоого катуу тыюу салган. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сырткы келбетин тигиле карап, кемчиликтерди издөө, аны талкуулоо, уяткаруу жаман иш-аракет экендигин эскерткен.
____
💥Уландысы комментарийде
____
#УммаЖаңылык #УммаКеңеш #БилүүКерек #кайрымдуулук #БейишБалдары #Бишкек #кыргызстан #ислам @ Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan