УТРК ЫСЫК-КӨЛ

УТРК ЫСЫК-КӨЛ Официальная страница Иссык-Кульского областного телерадиокомпании

07/11/2025

Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы багытталган рейддик жана алдын алуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Облустук милициядан билдиришкендей, күнү-түнү Туристтик-экологиялык милиция кызматы жана тиешелүү аймактык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери көлдүн акваториясында, дарыя куймаларында жана токой аймактарында үзгүлтүксүз кайгуулоо жүргүзүшүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө мыйзамсыз жол менен тор салып балык уулоо, уруксатсыз аңчылык жана жаныбарларга зыян келтирген фактылар аныкталууда. Ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү тартипте материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.
Туристтик-экологиялык милиция жарандарды жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле кылууга, экологиялык коопсуздукту сактоого жана мыйзамсыз аракеттерге аралашпоого чакырат.

07/11/2025

Президент Садыр Жапаров Вашингтондо АКШнын Президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар саясий, каржылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн негизги байлык- билимдүү жаштар экенин белгилеп, өлкөдө улуттук стейблкоин KGST жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Өз кезегинде Дональд Трамп эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, мындан ары да туруктуу кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди.

УТРКнын Ысык-Көл областтык телерадиокомпаниясына жаңы жетекчи дайындалды.2025-жылдын 7-ноябрында Улуттук телерадиоберүү ...
07/11/2025

УТРКнын Ысык-Көл областтык телерадиокомпаниясына жаңы жетекчи дайындалды.

2025-жылдын 7-ноябрында Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун буйругунун негизинде УТРК Ысык-Көл областтык телерадиокомпаниясынын директору болуп Назгүл Мамытова дайындалды.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилиги расмий түрдө тааныштырды.
Назгүл Мамытова Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылында туулган. Ал кыргыз журналистикасынын басма сөз тармагында 18 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Эмгек жолунда “Кыргыз Караван”, “Ачык саясат”, “Ачык саясат плюс”, “Алиби”, “Айкын саясат”, “Назар” сыяктуу коомдук-саясий гезиттерде кабарчы, саясий баяндамачы, бөлүм башчы, жооптуу редактор жана башкы редактор болуп иштеген.
Назгүл Мамытова өз сөзүндө, жамаат менен биргеликте аймактык телерадиоберүүнүн сапатын жогорулатуу жана элге так, ыкчам маалымат жеткирүү багытында аракет кылаарын баса белгиледи.

06/11/2025

Балыкчыны өнүктүрүүгө президенттин турукташтыруу фондунан 500 млн сом бөлүндү

06/11/2025

Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында 6 үй-бүлөгө курулган жаңы турак жайлардын ачкычын тапшырды

Балыкчы шаары, 2025-жылдын 6-ноябры — Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында алты үй-бүлөгө жаңы курулган турак жайлардын ачкычтарын жана тиешелүү документтерин тапшырды.

Маалыматка караганда, бул турак жайлардын ээлери темир жолго өтө жакын — болжол менен 2 метр аралыкта жайгашкан үйлөрдө жашап келишкен. Бул алардын жашоосуна кооптуу жана ыңгайсыз шарттарды жараткан. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен турак жайларды коопсуз аймакка көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы заманбап үйлөр салынып берилген.

Жаңы курулган үйлөр 3 бөлмөлүү болуп, бардык зарыл тиричилик шарттары менен камсыздалган.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев жаңы турак жайлардын ачылыш аземинде үй-бүлөлөрдү маанилүү окуя менен куттуктап, алардын жашоосу жакшы шарттарда өтүшүн каалады.

Өз кезегинде жаңы турак жайлардын ээлери өлкө жетекчилигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көрсөткөн камкордугу жана колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында 6 үй-бүлөгө курулган жаңы турак жайлардын ачкычын тапшырдыБалыкчы шаары, 2025-жыл 6-ноя...
06/11/2025

Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында 6 үй-бүлөгө курулган жаңы турак жайлардын ачкычын тапшырды

Балыкчы шаары, 2025-жыл 6-ноябрь— Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында алты үй-бүлөгө жаңы курулган турак жайлардын ачкычтарын жана тиешелүү документтерин тапшырды.

Маалыматка караганда, бул турак жайларды ээлери темир жолго өтө жакын — болжол менен 2 метр аралыкта жайгашкан үйлөрдө жашап келишкен. Бул алардын жашоосуна кооптуу жана ыңгайсыз шарттарды жараткан. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен турак жайларды коопсуз аймакка көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы заманбап үйлөр салынып берилген.

Жаңы курулган үйлөр 3 бөлмөлүү болуп, бардык зарыл тиричилик шарттары менен камсыздалган.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев жаңы турак жайлардын ачылыш аземинде үй-бүлөлөрдү маанилүү окуя менен куттуктап, алардын жашоосу жакшы шарттарда өтүшүн каалады.

Өз кезегинде жаңы турак жайлардын ээлери өлкө жетекчилигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көрсөткөн камкордугу жана колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Өрүк айылындагы күн электр стан...
06/11/2025

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Өрүк айылындагы күн электр станциясынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
"РЭЦА" ЖЧКсынын директору Фам Минь Банг долбоордун ишке ашырылышы тууралуу кеңири маалымат берип, иш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.
Энергетика министри курулуш мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын баса белгилеп, "РЭЦА" компаниясынын директоруна аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
150 МВтка чейин кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасын аяктоо 2026-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Балыкчы шаарынын коммуналдык чарбасына жаңы атайын техникалар тапшырылдыБүгүн Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Ми...
06/11/2025

Балыкчы шаарынын коммуналдык чарбасына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин белеги катары алынган атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарада шаар турмушун жакшыртууга жана тазалыкты камсыздоого багытталган жаңы техникалар «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык» жана «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканаларына өткөрүлүп берилди.

Жалпы эсеп менен 36 даана заманбап атайын техника тапшырылды. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
• 7 даана самосвал
• 2 даана манипулятор
• 5 даана суу ташуучу унаа
• 3 даана тазалоочу жана шыпыргыч унаа
• 13 даана таштанды ташуучу унаа
• 2 даана электр шыпыргыч унаа
• 2 даана автовышка
• 2 даана ассенизационалдык техника

Баардык техникалар 2025-жылы чыгарылган болуп, заманбап талаптарга жооп берет.

Жалпысынан бул максатка 100 миллион сом каражат жумшалып, Балыкчы шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө чоң салым болот деп күтүлүүдө.

Address

Гебзе 112
Karakol
722200

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when УТРК ЫСЫК-КӨЛ posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share