УТРК НАРЫН

УТРК НАРЫН Нарын облусундагы бардык жаңылыктарды бизден окуңуз!

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО 30-НОЯБРДА ӨТӨТ  /01.10.2025/ Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жо...
01/10/2025

ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО 30-НОЯБРДА ӨТӨТ

/01.10.2025/ Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды.

ПРЕЗИДЕНТ АЙСУЛУУНУН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ТЕРГӨӨ ИШИН ӨЗ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛДЫ /01.10.2025/ Президент Садыр Жапаров өспүрүм кыз Айсулу...
01/10/2025

ПРЕЗИДЕНТ АЙСУЛУУНУН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ТЕРГӨӨ ИШИН ӨЗ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛДЫ

/01.10.2025/ Президент Садыр Жапаров өспүрүм кыз Айсулуунун мыкаачылык менен киши колдуу болушуна байланышкан кылмыш ишинин тергелишин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтмында, бул кылмыш тууралуу кабарды Мамлекет башчысы терең өкүнүч менен кабыл алып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуянын жоопкерсиз калбашы зарыл экенин белгиледи.

“Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды Мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда, Мамлекет башчысы Президенттик Администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда”,-деп жазган Аскат Алагөзов.

АК-КЫЯ ЖОЛУ ЖАКЫНДА ТОЛУК БҮТӨТ/01.09.2025/ Нарын-Баетов унаа жолунун 8-13-чакырым аралыгындагы Ак-Кыя жолу бүтүп жатат....
01/10/2025

АК-КЫЯ ЖОЛУ ЖАКЫНДА ТОЛУК БҮТӨТ

/01.09.2025/ Нарын-Баетов унаа жолунун 8-13-чакырым аралыгындагы Ак-Кыя жолу бүтүп жатат.

Жалпы 5 чакырым жолду №1-Жол куруу башкармалыгы салып жатат. Учурда жолдун бир тарабына асфальттын биринчи катмары толу төшөлүп бүтсө, экинчи тарабында жумуштар жүрүүдө. Ал бүткөн соң дароо асфальттын экинчи катмары басыла баштайт.

“Буга чейин жер жумуштары, суу өтүүчү трубалар орнотулду. Бүгүннкү күндө жумуш аяктап калды. Биринчи катмар асфальт 7, экинчи катмары 5 сантиметр болот. Азыркы күндө биринчи катмары бүтүп калды. Жолдун туурасы 17 метр, анын 7 метри асфальтталат”,-деди №1-Жол куруу башкармалыгынын башчысы Ренат Абдраимов.

Аталган жолдун бул тилкедеги курулушу 2023-жылы башталган. Бирок курулуш пландалган мезгилде бүтпөгөндүктөн, ушул жылдын жаз айында №1-Жол куруу башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

01/10/2025
"КЫРГЫЗ ТИЛИМ-АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ҮНДӨГӨН ТИЛ"/01.10.2025/ Бүгүн, 1-октябрда Нарын облустук сотунда “Улуттук дем – дүйнөлүк б...
01/10/2025

"КЫРГЫЗ ТИЛИМ-АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ҮНДӨГӨН ТИЛ"

/01.10.2025/ Бүгүн, 1-октябрда Нарын облустук сотунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатын колдоого арналган “Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил” аталышындагы иш-чара өттү.

Иш-чараны Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Шарипбек Жунусов ачып, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун максаты тууралуу маалымат берди. Ал эми КР Президентинине караштуу тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын Нарын облусу боюнча коомдук башталыштагы өкүлү Кадыркул Бугубаев мамлекеттик тилдин мааниси тууралуу баяндама жасап, кыргыз тилинин коомдогу орду, анын өнүгүүсү жана актуалдуулугу тууралуу ой бөлүштү.

Андан соң сот кызматкерлери макал-ылакаптарды, туруктуу сөз айкаштарын (фразеологизмдерди) чечмелеп, кыргыз тили жана адабиятына байланыштуу викториналык суроолорго жооп беришип, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин сынай алышты. Облустук соттун кызматкери Гүлзат Абышбаева Шайлообек Дүйшеевдин кыргыз тили жөнүндө ырын көркөм окуду.

Эске салсак, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Президенттин Жарлыгына ылайык, бардык тармактарда мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана коомчулукта кыргыз тилин жигердүү колдонууну илгерилетүү жаатында иш-чаралар өткөрүлүүдө.

УКМК: Коррупциялык схемага катышкан КР Коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча    КР УКМКнын Тышкы контрчалгындоо баш...
01/10/2025

УКМК: Коррупциялык схемага катышкан КР Коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча

КР УКМКнын Тышкы контрчалгындоо башкы башкармалыгы КР Куралдуу Күчтөрүндө аскердик коопсуздук шарттарын камсыздоо, чакыруу контингентинин сапатына терс таасирин тийгизген кызматтык кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштерди уюштуруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын контракттык аскердик кызматка чакырууда КР Коргоо министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады.

Алсак, пара алуу фактысы боюнча 2025-жылдын 23-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири Б.М.С. КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы М.А.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, анык аскердик кызматка чакыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан 70 000ден 90 000 миң сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алгандыгы аныкталган.

Текшерүүдө белгиленген кызмат адамдары аскерге чакырылганга чейин акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен аталган Б.М.С. Кылмыш ишин тергөө учурунда 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Мындан тышкары аталган коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Кө...
01/10/2025

УКМК: КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жетекчиси С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында шаардын кичи автобустарынын айдоочуларынан акча талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталып, токтотулду.

Иликтөөнүн жүрүшүндө айдоочулар бекер берилиши керек болгон «маршруттук карталар» деп аталгандарды алуу үчүн Каракол шаардык департаментинин кызматкерлерине ар кандай суммада акча төлөшкөн, өз кезегинде бул боюнча далилдер табылган.

Пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы С.К.М., башкы инспектору Э.А.Э. жана инспектор Ж.Э.С. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ЛЕНИН КӨЧӨСҮНҮН 6 ЧАКЫРЫМ 600 МЕТРИНЕ АСФАЛЬТ БАСЫЛДЫ/01.10.2025/ Нарын шаарынын Ленин көчөсүнөн  6 чакырым 600 мертине ...
01/10/2025

ЛЕНИН КӨЧӨСҮНҮН 6 ЧАКЫРЫМ 600 МЕТРИНЕ АСФАЛЬТ БАСЫЛДЫ

/01.10.2025/ Нарын шаарынын Ленин көчөсүнөн 6 чакырым 600 мертине асфальттын бир катмары толук басылып бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси Урмат Токтожумаев билдирип, асфальттын экинчи катмарын төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатканын айтты.

"Ленин жолунун узундугу 9.25 чакырым. Анын 6 чакырым 600 метри эки тараптуу асфальт басылды. Эми экинчи катмарын төшөйбүз. Ага асфальт даяр болгуча Ак-Коргондон Төш-Булакка чейинки 2 чакырым 400 метринде жер жумуштары жасалып, бейс төшөлүп жатат. Муну менен кошо жолдун тротуары, ирригация тутуму жана жарыктандыруусу жасала баштайт",- деди ал.

Ал эми узундугу 2 чакырым 200 метрди түзгөн Ж.Шералиев көчөсүнүн жөө адамдар өтүүчү тилкеси жасалууда. Бул жумуштар 5-сентябрда башталып, беш техника жана 32 жумушчу иштөөдө. Андан бери аллеянын бир тарабы толук асфальтталып, лотоктор төшөлүп, бордюрлар коюлган. Эми экинчи тарабында иш жүрүүдө.

Аллеяны жасап жаткан "Ак-Суу" жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Талгат Шайырбеков курулуш материалдары Жалал-Абад жана Бишкектен ташылып келгендиктен иш кечендеп жатканын билдирди.

"Материалдын сапатына да карап жатабыз. Трубаларды Өзбекстандан алдырдык. Лотоктор Жалал-Абад менен Бишкектен ташылып келгендиктен иш кечеңдеп жатат. Аллеянын бир тарабын бүтүрдүк. Азыр экинчи тарабында иш жүрүүдө. Буюрса 10-октябрда бүтүрөбүз',- деди.

НАРЫН: НАРЫН-ОРУК-ТАМ ЖОЛУНУН 5,5 ЧАКЫРЫМЫ ЖАСАЛУУДА/01.10.2025/ Нарын-Орук-Там унаа жолунун Нарын шаарынын Теке-Секирик...
01/10/2025

НАРЫН: НАРЫН-ОРУК-ТАМ ЖОЛУНУН 5,5 ЧАКЫРЫМЫ ЖАСАЛУУДА

/01.10.2025/ Нарын-Орук-Там унаа жолунун Нарын шаарынын Теке-Секирик участогунан Кеңеш айылына чейинки 5.5 чакырым аралыгы асфальтталат.

Учурда жолдун асфальтка чейинки жер жумуштары жасалып, бийиктиги 60 сантиметрге чейин көтөрүлүп, туурасы 9 метрге кеңейтилүүдө. Жумуш 23-августта башталган.

Жолду кытайдын "Венчин" компаниясы жасап жатат. Анын инженери Жин Ху Инин айтымында, келишимге ылайык жол октябрь айынын соңуна чейин толук жасалып, колдонууга берилет. Бул үчүн республикалык бюджеттен 36 миллион сом каралган.

Бул компания Ат-Башы районунда Ат-Башы-Чар-Ак-Муз жолунан 8, Нарын районунун Нарын-Үч-Нура жолунун Ийри-Суу айылына чейинки 10 чакырымын жасап жатат. Ошондой эле Нарын шаарынын Ленин атындагы жолунун Ак-Коргон чөлкөмүнөн Төш-Булакка чейинки 2 чакырым 400 метрин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы менен бирге асфальттайт.

УКМК: «Жалын» балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси мамлекеттик мүлкүнүн мыйзамсыз сатылгандыгы жана кайра мамлекетке ...
01/10/2025

УКМК: «Жалын» балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси мамлекеттик мүлкүнүн мыйзамсыз сатылгандыгы жана кайра мамлекетке өткөрүлгөндүгү боюнча

УКМК тарабынан тиешелүү каршы чалгындоо иш-чараларынын алкагында Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Сары-Ой айылы, Озерная көчөсү, 1/2а дарегинде жайгашкан идентификациялык коду бар мамлекеттик имараттарды жана жер тилкелерин (мурда «Жалын» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексине таандык болгон) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, «маалыматтык эсепке алуу журналынын» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында аталган жер тилкелеринин 4,82 гектары «Кыргыз лифт» ААКга (жетекчиси «Н.В.Г.») карамагында экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча «Кыргызлифт» ААК өз ыктыяры менен жана акысыз негизде аянты 4,82 га жер тилкеси менен «Жалын» балдар ден соолукту чыңдоо комплексин, ошондой эле жалпы аянты 4 614,8 чарчы метрди түзгөн имараттарды жана курулуштарды мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

КЫШКА КАМЫЛГА КАНДАЙ?Быйыл суу сактагычтарга топтолгон суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1.5 млрд куб аз топтолгон...
01/10/2025

КЫШКА КАМЫЛГА КАНДАЙ?

Быйыл суу сактагычтарга топтолгон суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1.5 млрд куб аз топтолгондуктан электр энергиясынан тартыштык жаралышы күтүлүүдө. Бирок энергетиктер коңшу өлкөлөрдөн импорттолгон электр жарыгы аркылуу кыштан кыйынчылыксыз чыгабыз деп ишендирүүдө. Ал эми көмүрдүн баасы Нарын шаарындагы топ базаларда 6500 сомдон ашпай турганын өкүлчүлүктөн билдиришти. Нарын облусунда кышка даярдыктын алкагында эмне жумуштар жасалды. Алдын алуу чаралары кандай көрүлдү? Кененирээк "Актуалдуу маектен" тааныша аласыздар.

Nyd de videoer og den musik, du holder af, upload originalt indhold, og del det hele med venner, familie og verden på YouTube.

Address

Жамгырчы уулу Абас 5
Naryn
722900

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when УТРК НАРЫН posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to УТРК НАРЫН:

Share