УТРК ОШ

УТРК ОШ www.yntymak.kg
https://www.youtube.com/channel/UC6iAkwJARcP2gmcivkUIdDg
radio: FM 106.1
TV: соц.? "Ынтымак" радиосунун жыштыгы FM 106.1

«Ынтымак» коомдук телерадио компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Internews Networkтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюшулган.

08/09/2026

‼️😋 ”Аш, чучук, куурдак жакты”: Африкалык балдар кыргыз ашканасына тамшанды

08/09/2026

‼️🥳 “Салам, Ош!”: Руандалык балдар Оштун эли менен кыргызча саламдашты

08/09/2026

‼️😍Гулназ Чыныбек кызы жана руандалык балдар Ош шаарынын борбордук аянтында

08/09/2026

ТРИБУНА : ЖОЛ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДООДО ОСАГОнун ОРДУ // 08.09.2026 || УТРК ОШ

‼️ Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалдыАяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмун...
08/09/2026

‼️ Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Баетов буга чейин Юстиция министрлигин жетектеп келген.

‼️ Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулдуАида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы Бирикк...
08/09/2026

‼️ Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

08/09/2026

‼️ Анонс: "Позитив" программасы

‼️ Окуучулардын медициналык маалымкаттары электрондук форматка өттүКыргызстанда окуучулардын профилактикалык медициналык...
08/09/2026

‼️ Окуучулардын медициналык маалымкаттары электрондук форматка өттү

Кыргызстанда окуучулардын профилактикалык медициналык кароолорун жана ооруларын эсепке алуу санариптештирилди.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эми 095/у медициналык маалымкаты жана 026/у профилактикалык кароо картасы кагаз түрүндө берилбейт.

Медкызматкерлер документтерди «Sanarip Clinic» системасында түзүп, маалыматтар билим берүү уюмдарына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Ата-энелер аларды «Түндүк» тиркемесинен көрө алышат.

Жаңы система кагаз документтерди даярдоо жана ташуу зарылдыгын азайтып, окуучулардын медициналык кароолору боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Реформанын натыйжасында бюджеттен болжол менен 50 млн сом үнөмдөлөрү күтүлүүдө.

‼️ Кыргызстандык окуучулардын билим көрсөткүчү өстүКыргызстандык окуучулардын PISA изилдөөсүндөгү көрсөткүчтөрү 2006-жыл...
08/09/2026

‼️ Кыргызстандык окуучулардын билим көрсөткүчү өстү

Кыргызстандык окуучулардын PISA изилдөөсүндөгү көрсөткүчтөрү 2006-жылга салыштырмалуу үч негизги багытта тең өстү.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2006-2025-жылдары окуу сабаттуулугу 285тен 344 баллга, математика 311ден 364 баллга, табигый илимдер 322ден 363 баллга жогорулаган.

Мындан тышкары, Кыргызстан киреше деңгээли окшош өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчүн окуу, математика жана «Санариптик дүйнөдө билим алуу» багыттары боюнча ашып өткөн.

‼️🥳 Кыргызстан паратриатлондон Азияда үч медаль жеңдиКыргызстандын курама командасы Филиппиндин Субик-Бей шаарында өткөн...
08/09/2026

‼️🥳 Кыргызстан паратриатлондон Азияда үч медаль жеңди

Кыргызстандын курама командасы Филиппиндин Субик-Бей шаарында өткөн паратриатлон боюнча Азия чемпионатында бир алтын жана эки күмүш медаль жеңди.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Алтын медалды Гүлназ Жузбаева гайды Оксана Рыбакова менен бирге багындырды.

Ал эми Жаладин Абдувалиев гайды Иван Сушков менен жана Сезим Мейманбаева хендлери Артем Ханадеев менен күмүш медалга ээ болушту.

Мелдеш 5-6-сентябрда өттү.

Кыргызстандын командасын Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Андрей Ханадеев жетектеди.

Address

Нурматов көчөсү, 3, 4-кабат
Osh
723500

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when УТРК ОШ posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to УТРК ОШ:

Shortcuts

Share