T-Media

T-Media T-Media жаңылыктары: иликтөөлөр, түз эфирлер, элдик көзөмөл, ток-шоулар

07/09/2026

Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Анын милдетин аткаруу Алмаз Имангазиевге жүктөлдү

06/09/2026

Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталып, Кыргызстан курама командасы кош жеңишке ээ болду. Чечүүчү оюндарда улуттук курама көк бөрү боюнча Казакстанды 12:0 эсебинде ири айырма менен жеңсе, көк пар мелдешинде 7:2 эсебинде утушка ээ болуп, башкы кубокту өлкөдө калтырды.Эске салсак: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өттү. Масштабдуу мелдешке дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн 3 миңге чукул спортчу катышып, спорттун 40тан ашык түрү боюнча таймашышты.

06/09/2026

Көчмөндөр оюндарынын финалдык оюндары жыйынтыкталды. Финалда көк бөрү жана көк пар боюнча Казакстан жана Кыргызстан курама командалары оюн көргөзүштү. Биз элдин колдоосун жана эмоциясын сурадык.

05/09/2026

Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. 5 күн ичинде бул аймакка 800 миңден ашык көрүүчү келип, алардын 200 миңдейин чет элдик туристтер түздү.

05/09/2026

«Такси 3» тасмасындагы мисс Кьюнун ролу менен таанымал актриса Бай Лин Бишкектеги пресс-конференцияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, улуттук музыкага жана Ысык-Көлгө болгон таасирлери менен бөлүштү. Ал кыргыз элинин меймандостугуна ыраазычылык билдирип, бул маданияттын бир бөлүгүн өзү менен кошо алып кетерин айтты.

04/09/2026

Депутат Дастан Бекешов ит-мышыктарга чип тагууну милдеттендирүү боюнча мыйзамды сунуштап коомдук талкууга чыгарды. Бул мыйзам канчалык маанилүү? Ош шаарынын тургундарынан сурап көрдүк

04/09/2026

Чолпон-Атада келген коноктор үчүн көк бөрүгө машыктыруучу макет курулду. Жигиттер үчүн 30–35 килограмм, кыздар үчүн 15 килограмм салмак даярдалып, чет элдик коноктор машыгып көрүп жатышат. Бул жерде 6-сентябрга чейин болуп, бардык коноктор акысыз келип, күчүн сынап кетсе болот.

04/09/2026

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тайган жарышына Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан 11 тайган катышты. Үч этапта күч сынашкан тайгандардын ичинен алтоо финалга жолдомо алды. Финалдык жарышта биринчи орунду Өзбекстан ээледи. Ал эми жеңишке жеткирген Жебе аттуу тайган Кыргызстанда багылган.

04/09/2026

Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул мыйзам бузуулар «Нелегал» аталышындагы рейд учурунда аныкталган

03/09/2026

19 жаштагы кыргызстандык Эмирхан Эмилбеков Жапониянын алдыңкы университеттеринин бири болгон Keio университетинде 100 пайыздык грант менен компьютердик инженерия багытында билим алууда. Ал бул мүмкүнчүлүккө кантип жеткенин жана чет өлкөдө окууну каалаган жаштарга кандай кеңеш берерин айтып берди

Address

Osh
723500

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when T-Media posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to T-Media:

Shortcuts

Share