07/11/2025
Милициянын полковниги Азенбек Козукеев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон. Ал кызматтык ишинде жогорку уюштуруучулук, тартипти жана натыйжалуу иш жүргүзүү жөндөмүн көрсөтүп, аймакта коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.