Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борбору Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борбору

Таласский областной Центр Семейной Медицины
г. ТАЛАС
ТАЛАССКИЙ РАЙОН
КАРА-БУУРИНСКИЙ РАЙОН
МАНАССКИЙ РАЙОН
БАКАЙ-АТИНСКИЙ РАЙОН

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ СҮТҮН ЭМИЗҮҮ ЖУМАЛЫГЫ ӨТТҮ Эне  сүтү жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн эң жакшы тамактануу гана эмес оорула...
08/08/2025

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ СҮТҮН ЭМИЗҮҮ ЖУМАЛЫГЫ ӨТТҮ

Эне сүтү жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн эң жакшы тамактануу гана эмес оорулардын алдын алуунун эң эффективдүү жолу болуп эсептелет. Ар жылы 1-августтан 7-августка чейин балдардын ден соолугун чыңдоо, бала эмизүүнү жайылтуу максатында Бүткүл дүйнөлүк эне сүтүн эмизүү жумалыгы өткөрүлөт.

Бир жумлыктын алкагында адистер тарабынан Бул жумалыкта жер-жерлерде дарыгерлер тарабынан бала эмизген энелерге, болочоктогу жана кош бойлуу энелерге ымыркай үчүн эне сүтүнүн маанилүүлүгү боюнча керектүү маалыматтар берилди. Анда алты айга чейин ымыркайды эмчектин сүтү менен гана багып, алты айдан кийин гана эмизүү менен кошумча тамактандыруу этабына өтсө болору айтылды. Буга кошумча балалуу энелер арасында эмчек эмизүүнүн эрежелери жана башка бир топ пайдалуу маалыматтар берилди.

Талас райондук ЖДПБда, айыл аймактардагы ҮДТ жана ФАПтарда  ишембилик өткөрүлдү. Анын  алкагында саламат сакчылары өзүнө...
17/03/2025

Талас райондук ЖДПБда, айыл аймактардагы ҮДТ жана ФАПтарда ишембилик өткөрүлдү. Анын алкагында саламат сакчылары өзүнө тийиштүү участоктордун санитардык абалын жакшыртуу, тазалоо, иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.

ТАЛАС РАЙОНУНДА “ЖООПТУУ БОЛ!” АКЦИЯСЫ ЖҮРҮП ЖАТАТТалас райондук ЖДПБнда жана айыл аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер то...
24/02/2025

ТАЛАС РАЙОНУНДА “ЖООПТУУ БОЛ!” АКЦИЯСЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Талас райондук ЖДПБнда жана айыл аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында “Жооптуу бол!” акциясы уланууда.

Аталган акциянын жүрүшүндө 18 жаштан жогорку курактагы эркектер дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, кан басымдын деңгээли, кандагы глюкозанын деңгээли жана дененин массалык индекси аныкталып, тийиштүү кеңештерге ээ болушууда.

Бир айга созулган акциянын алкагында медицина кызматкерлеринен турган жумушчу топтор атайын түзүлгөн графиктин негизинде Талас районундагы бардык мекемелерге барып, эркек кызматкерлерди өз кароолорунан өткөрүшүүдө.

Талас районунда жашаган ар бир эркек жарандарын акцияга активдүү катышып берүүгө чакырабыз.

Белгилей кетсек, “Жооптуу бол!” акциясы Кыргызстандын аймагында 2019-жылы башталган.

ТАЛАС РАЙОНДУК ЖДПБда ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИБүгүн,  21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Талас райондук ЖД...
21/02/2025

ТАЛАС РАЙОНДУК ЖДПБда ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Талас райондук ЖДПБда медицина кызматкерлери тарабынан “Кел, нукура кыргызча сүйлөшөлү” аталышында эне тил күнү белгиленди.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө медицина кызматкерлери тарабынан Ч. Айматовдун “Бетме-Бет” чыгармасы сахналаштырылып көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.

Буга кошумча эн тилди даңазалоого арналган музыкалык номерлер (Манас эпосунан үзүндү, кыргыз бийи, макал лакаптар ) аткарылды. Ошондой эле кыргыздын улуттук тамак аштары жана кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмө уюштурулду.

РАК ООРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АРАКЕТТЕРИ  “Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү” күнүнө карата жалпы дарыгердик прак...
21/02/2025

РАК ООРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ АРАКЕТТЕРИ

“Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү” күнүнө карата жалпы дарыгердик практика борборунун медициналык кызматкерлери жана айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү тарабынан аялдар арасында “Рак оорусун эрте аныктоо- бул сиздин толук айыгуу мүмкүнчүлүгүнүз” темасында маалыматтар берилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КРВИ ЖАНА САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗКРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сакт...
28/01/2025

КРВИ ЖАНА САСЫК ТУМООНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ

КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:

-коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;

- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;

- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,

- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),

- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.

24/01/2025
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ,  ЖОЛ ТАЙГАК!Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу  көчөлөрдө, тротуарларда жука муз катмары пайда бо...
22/01/2025

ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ, ЖОЛ ТАЙГАК!

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу көчөлөрдө, тротуарларда жука муз катмары пайда болду. Андыктан айдоочуларды ылдамдыкты чектөөгө, унаа башкарууда өтө кылдат болууга чакырабыз. Ал эми жөө жүргүнчүлөрдү жол тайгакта тайгалануу жана жыгылып калуу ыктымалдуулугун эскертебиз!

Буга байланыштуу жыгылуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү үчүн төмөндөгү эрежелерди эске алыңыз:

• Жол тайгакта кандай учур болбосун этияттыкка көбүрөөк маани берүү керек;

• Көнгөн адат боюнча жол тайгакта колду чөнтөккө салып кармап жүрүү коркунучтуу;

• Ал эми таяк таянган адамдар үчүн резина тагылган аса таяк алып жүрүү сунушталат;

• Мүмкүн болушунча автоунаа жүрө турган бөлүктөн алысыраак болуңуз;

• Чатырында муздар пайда болгон имараттардын дубалдарынын жанына жакын баспаңыз;

Жаракат алган учурда сөзсүз түрдө медицина кызматкерлерине кайрылыңыздар!

БИЗ БАҢГИ ЗАТКА КАРШЫБЫЗ! Кечээ, 21-январда  Арал айылындагы Касымкул Нанаев атындагы  орто  мектепте окуучуларды банги ...
21/01/2025

БИЗ БАҢГИ ЗАТКА КАРШЫБЫЗ!

Кечээ, 21-январда Арал айылындагы Касымкул Нанаев атындагы орто мектепте окуучуларды банги заттан алыс болууга, сергек жашоого умтулууга чакырган “Биз баңги затка каршыбыз” аталышында жөө жүрүш өткөрүлдү.

Иш-чара жогорку класстын окуучулары тарабынан уюштурулуп, ага райондук мамлекеттик администрация, ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр жана балдар менен иштөө инспекторлору жана ЖДПБнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистери катышты.

Бул иш-чаранын максаты - жаштарды баңгизатсыз жашоого үндөө, сергек жашоо образын карманып, баңгизаттарды колдонууну алдын алуу болду.

📷 Калк саламаттыгына кам көргөн Талас районунун жалпы дарыгердик практика борбору
20/01/2025

📷 Калк саламаттыгына кам көргөн Талас районунун жалпы дарыгердик практика борбору

18/01/2025

Address

Таласская Область
Talas

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:30
Tuesday 08:00 - 17:30
Wednesday 08:00 - 17:30
Thursday 08:00 - 17:30
Friday 08:00 - 17:30

Telephone

+996553332172

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борбору:

Share